Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жоокер куралы жана усталар

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Жоокер куралы жана усталар

Байыркы кыргыз бабалардын жоокердик куралдарын эми Бишкектин, Алма-Атанын, Сиандын, Улан-Батордун, Новосибирсктин, Кызылдын, Абакандын, Омсктун, Бийскинин, Иркутсктун ж. б. шаарлардын ажайыпканаларынан көрө аласыз. Байыркы көчмөн кыргыздар жоо куралдарын атам замандан эле жасай билишкен. Темирди башка элден эрте табышып, курал түрлөрүн баптап жасашкан. Байыркы Кытайдын тамга куумай тарыхчы-изилдөөчүлөрү кыргыздар жөнүндө минтип жазышкан: Кыргыздар алп денелүү, ак жүздүү, көк көздүү, коңур чач келишет. Адамдары баатыр болуп, кошуна элдер алардан коркушат. Алтын, темир, калай кендери бар. Алардын адаты боюнча ар ирет жамгыр жааганда темир жыйнап алышат. Темирди кешел деп аташат. Жасаган шамшарлары, кылычтары өтө курч келет. Дайыма түрктөргө алып барып сатышат. Урушта жаа, тууларды колдонушат.

Атчан жоокерлеринин бут жагы ачык болуп, көкүрөк тарабын тегерек калкан менен коргошот. Калкандан жебе, кылыч өтпөйт... Жоого аттанганда бардык урууларды, көз каранды элдерди бирге аттандырат... Бекеринен кытайлар кыргыздардын кылычы кериктин терисин шылып түшөт деп айтпагандыр. Бул апыртма деле эмес. Байыркы кыргыздардын аңызында, санжырасында жана эпосторунда жоокердик куралдар өтө даңазаланып айтылат. Байыркы кыргыздардын жоо-жарактарынын шайланганын окумуштуулар мындай сүрөттөшөт: алеңгир жаа, иймек жаа, жазы калкан, үч кырлуу сыр жебелер кыргыз жоокерлеринин негизги жоо-жарагы болгон. Кармаганга оңтойлуу болушу үчүн жана анын эки учун ортоңку иймегин каңылтыр менен капташкан. Саадактарга ашталган темир тыктар кылоолоп курчутулуп, кууш же жазы капталдарына майда көзөнөкчөлөр шиш бүдүрлөр жасалган.

Мындай жебелер атканда алыска кетип, дал тийген. Ат үстүндө баратканда жоокерлер алардын учун төмөн каратып, кайыңдын кабыгынан жасалган саадактарга салып, киселүү куруна асып, белине байлап жүрүшкөн. Аламан жапырыкта, жиреме чабуулда кыргыздар шыргай саптуу сыр найза, эки миздүү селебе кылыч, тинте, айбалта колдонушкан. Найзанын тыгы темирден кылоолоп, сүйрү келген, аштоосу узун болгон, кылыч менен тинтенин сабына тээк жасалган, айбалтанын миз жагы кууш, уңгусу бийик болгон. Мындан тышкары кыргыздар бетме-бет уруштарды бир миздүү кыңырактарды, сабы миз жагын көздөй саал ийилген сүмбөдөй түз канжарларды пайдаланышкан. Кыргыздардын согуш өнөрүнүн гүлдөп өсүшү VIII-IX кылымдарга туура келет.

Буга азыркы күндө археологдор тапкан тарыхый эстеликтер күбө. IX-кылымда кыргыз каганы 30 миң найзакер, 70 миң саадакчы, жеңил атчандарды күткөн доор эле. Алп Сол Кан Атанын мезгилинде темирди тешчү жебелерди, найза учтарынын көп түрдүүлүгү, тез учкан жебелер ошол кездеги элдердин эч кимисинде болгон эмес. Байыркы кыргыздардын мекени болгон Монголиядан Ала-Тоого чейинки жерлердеги көрүстөндөрдөн археолог-окумуштуулар жоокерлердин көптөгөн куралдарын, куржундарын жана ээри менен кошо көмүлгөн аттардын сөөгүн табышты. Окумуштуулар жоо-жарактардын аттарын божомол менен жазышкан, алар нак элдик аталышына туура келбейт. Чынында жоо жарактарынын эски аттары унутулуп барат. Найзалардын эле бир нече түрлөрү болгон: кызыл түп сыр найза, кыргагы темир найза, болот учтуу сыр найза, комколуу найза, куу найза, сарала барак найза. Ошондой күрсү, чарайна, ак доол, кыяк, селебе, чокмор, айбалта, күпсөр, жекей боз, зулпукор, ач албарс, жойкума, буулум, таш кесер, шалк этме, ак кисе, чоюн баш, карыпчы, оройпа, накери сыяктуу жоо куралдарын жана кийимдерин ушул күндө ажайыпканадан да таба албайсың. Кыргыз жоокерлери алына, чеберчилигине жана уруштун ыңгайына карата өздөрүнүн жоо жарактарын тандашкан. Усталар.

Жоокерлердин жоо-жарактарын (курал-жарак) кыргыз усталары кылдаттык менен чебер жасашкан. Бизге жеткен маалыматтарга караганда кыргыздар темирди Түштүк Сибир менен Орто Азиянын тоолорунан казып алышкан, токойлордо, устаканаларда темир эритип узанышкан. Байыркы бабалардын жоо-жарактары кытайда, арабдарда, монголдордо, түрктөрдө уйгурларда даңаза болуп, жогору бааланган. Санжырада, эпостордо жана элдик ырларда мындан миң жыл мурда, Энесайда төкөр уста Бөлөкбай деген жашаган. Анын атагы көчмөн түрк урууларында, маңгул, кытай, уйгурга тараган. Ал кыргыз кагандарына, кол башчыларына, баатырларына жоо куралдарын жасап берген. А тургай эр Манаска Айбалтаны, Сырнайзаны, Ач албарс кылычын жасаганда ага көмүрчү Каратаз уста жардам берген деген уламыш бар. Бөлөкбай уста сары карагайдан кыйып, саратандын ысыгында алты ай бою кумга бөлөп жаткырып, чарайна менен чаптап, пил териси менен каптап, колдон тайып кетет деп кош тутам жерин төрт кырдуу кылып, колго жылуу болсун деп кой макмал менен тыштап, улатпай учун болоттон чыгарып, мизин бөрү тил кылып, чагарагын алтындап, орто жерине айчыктап сайдырган, тийген жери ырбасын деп учун ууга чылап, көз жаш менен сугарып, узундугу кырк кез болот учтуу Сырнайзаны жасаган. Учун кайкы чыгарып, булак суусуна сугарып, түнкү желге мизин учтаган, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегенде таш кескен кылыч жасаган. Дагы бир жерде Ач албарсты алтымыш темир уста, курал жасоочу кырк чебер уста алты айда жасаганы айтылат.

Ал эми көөрүкчү Каратаз мукаба гүлдүү Сырнайзаны камыштан, желимди тарамыштан, сыртын сырдап жасаган, тартса чоюлган, жанчышкан душманга сойлогон, кармай калган душмандын беш манжасы кыйылган. Каратаз кылычты жасаганга, курч темирди эриткенге көп токой кыйылып, көп өгүздөр кырылган. Аны сугарганда аккан суу бууланып соолуган. Ага кырк алты уста узанган. Кылычты түн ичинде суурса өрттөй жанып кызарган да, уруштуу күндө узарган. Ажыдаар заарына үч ай таштап чыңаган. Тоого чапса таш кескен, бойго чапса баш кескен, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен. Бөлөкбайдын Чаңшы, Шогур сыяктуу замандаштары, шакирттери болгон, айлакер усталардын зергерлик өнөрүнүн даңазасы улук эле. Алардын жасаган кылыч, найза, саадак, жебе, чокморлору, шалк этме, алтын-күмүш азем буюмдары, ат жабдыктары, камчысы, темир комузу, темир туулгасы, кычкачы, ат такасы, капканы, эр кемерлери ат жалына жеңил сезилген көчмөн урууларында өтө баалуу болгон.

Байыркы бабалар кары-жашына карабай ар бири жоокер болгон, милдетти баары сезген. Жоокер, баатыр деген ардактуу кесип эле. Жоокер жараксыз (куралсыз) жүргөн эмес.

Сайтка жарнама жайгаштыруу