Жон өрүм

Жон өрүм (үч кыр өрүм) — жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Жалаң гана кайышты тилүү аркылуу буюмду жүзөгө ашыруучу өнөр. Чебер 12—14—16 талга чейин жазы да, ичке да тилет. Өрүмдүн бул ыкмасында көк астыңкы бетинен каз таңдайлашып, бири-биринен шарттуу өтүшөт. Анда талы үзүлүп-кесилип калса, өрүм түк жанбайт. Себеби, «жон өрүмү» үч кырдуу, кайыштын ар бир талы үстүңкү кырдан кезек-кезек өтүшүп, алдын карай айланып турат. Бул өрүм кооз да, бышык да болот.

«Жон өрүмү» менен жүргөн, көмөлдүрүк, куюшкан, чабалон жасалат. Чеберлердин өрүмдөрүндө ич ара өзгөчөлүктөрү байкалат. Жон өрүм он-он эки талдан да турат. Буюмду ого бетер сыйдалатуу үчүн жука кайыштан он эки талды тилип, жүгөн өрсө, анын жому (жону) экиден, он талдан жону бир-бирден кетет. Аны Ат-Башы, Нарын тарапта «Балык жон өрүмү» деп да айтышат. «Балык жон» өрүмүнө он эки тал кайышты алат. Ал алтыдан экиге бөлүнөт. Ошондо ортодон баштап өргөндө аягы өйдө төртүнчү , тал кайра башынан ылдый үчүнчү болуп түшүп, ал жон үстүнө чыгат. Ошол эле тараптан четки талды алып, экөөнүн үстүнө чыгарат да, үчөөнүн астына кайра түшүрөт.

Анда бир жагы жети, бир тарабы беш тал болот. Ал жети талдын үчүнчүсүн оңдон солго оодарат. Ошол эле он жактагы эң четки талды алып, эки талды басып, үч талдын астынан өткөрөт. Мына ушул ыкманы өрүмчүлөр таасын аткарганда гана өрүмдүн асты жалпак, үстү жон болуп калат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)