Жомолунгма

Жомолунгма - Чомолунгма, Эверест, Сагарматха (Непалдагы аты) – Жер шарындагы эң бийик тоо массиви, чоку, Гималайда, Непал менен Кытайдын чегинде. Бийиктиги 8848 м (1954-ж. расмий аныкталган). Негизинен кембрийге чейинки гнейс, гранит, 7000 м бийиктиктен жогору мезозойдо пайда болгон кристаллдык акиташ жана сланец тектеринен түзүлгөн. Турпаты пирамида сымал, түштүк капталы салыштырмалуу тик. Тоо массивинин туш тарабынан 600гө жакын мөңгү түшөт, алардын эң ирилери: Батыш жана Чыгыш Ронгбук, Кьетрак, Кхумбу. Жомолунгманын түштүк капталындагы ири мөңгүлөрдүн этеги 5200–5400 мге, түштүк капталындагылары – 4500–4700 м бийиктиктерге чейин түшөт. Түштүк капталына жана пирамиданын кырларына кар жана фирн токтобогондуктан, алар жылаңач. 1865-ж. чокуга Индиядагы британиялык топографиялык кызматтын жетекчиси – Ж. Эвересттин ысмы ыйгарылган. 1953-ж. 29-майда Жомолунгмага Ж. Хант башкарган англиялык экспедициянын мүчөлөрү – альпинисттер Тенсинг (непалдык шерп) менен Э. Хиллари чыккан. Италиялык альпинист – Р. Месснер дүйнөдө 1-болуп чокуга жалгыз жеткен (20. 8. 1980). 1953–2006-ж. Жомолунгмага бардыгы болуп 3200дөн ашык альпинист чыккан (анын 200дөн ашыгы курман болгон). 1982-ж. майда советтик 11 альпинист (экспедициянын жетекчиси Е. И. Тамм) Жомолунгманын чыгууга мүмкүн эмес деп эсептелген түштүк-батыш капталы менен туу чокуга жеткен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)