«Жолой хан» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Анда уруулук түзүлүш учурундагы уруу башчыларынын кагылышы, кыргыз ханы Жолойдун өз уруусун коргоодогу баатырдыгы жөнүндөгү окуя баяндалган. Өткөн кылымдын орто ченинде немис окумуштуусу В. В. Радлов «Манас», «Төштүк», «Жолой хан» эпосторун жана башка элдик оозеки чыгармаларды Кыргызстанга келген үчүнчү саякатында жазып алган (1869). Ал чыгармалар «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» аттуу эмгегинин 5-томуна кирген. «Жолой хан» – композициялык түзүлүшү жана сюжеттик курулушу жагынан баатырдык жомоктун мотивиндеги чыгарма. Жомоктук сюжеттерди айтуучу чыгармачылык менен пайдаланып, эпостун мазмунун байыткан. Дастанда байыркы замандагы элдин турмушу чагылдырылып, бара-бара эл арасында эпостук деңгээлге өсүп жеткен. Ал Жолойдун тегерегиндеги хандыктардын үстөмдүгүнө каршы күрөшү, баатырдын үйлөнүшү жана мифтик окуялардын сырдуу, сыйкырдуу жагдайда сүрөттөлүшү өңдүү архаикалык мазмундагы сюжеттен башталат. «Жолой хан» эпосу азыркы күндө да илимий жактан такталып, дүйнө элдерине тараган көөнөрбөс мурас катары бааланары шексиз.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер