Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жолбаев Рүстөм

Рүстөм Жолбаев-Социалисттик эмгектин баатыры.

.

1914-жылы азыркы Лейлек районунун Кара Булак кыштагында туулган. 1943-жылы Сүлүктүдөгү № 4-шактыда навалоотбойщиктердин биригадири болуп калат. Ал киши өз кесибин сүйгөн, изденип, чымырканып иштеген жумушчу болгон. Инсандык сапаты үлгү аларлык оор басырыктуу, кичи пейил адам болгон. Жаштарга насаатчылык милдетин да чын дилдеп аткарган, 75 навалоотбойщикти тарбиялап чыккан. Анын шакирттеринин арасында ардактуу шахтер, орден, медалдардын кавалерлери бар, Мисалы, Темирбай Марипов,- Ленин, "Ардак белгиси" ордендери менен сыйланган.

Рүстөм Жолбаев көмүр казууда эмгекти мыкты уюштуруп, эмгек өндүрүмдүлүгүн жогорулатуу бойунча жаны методдорду өндүрүшкө киргизген. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, "Эмгектеги кармандыгы үчүн" медал менен сыйланган.

1955-жылы Сүлүктү анын кенчилери Кыргыз ССР Жогорку Советине депутатка шайлашкан. Көмүр өндүрүүдөгү көп жылдык эмгек жетишкендиктерин эске алып Сациалисттик Эмгектин Баатыры – деген наам ыйгарылат. Азыркы убакта Сулукту шаарынды баатыр атабыздын уул-кыздары жашоодо. Булардан тышкары да түпкүлүгү лейлектик болуп, Тажикстандын Жигдали кыштагында жашап калган бир топ аталарыбыз жана агаларыбыз Сациалисттик Эмгектин Баатыры болушкан.

Алар: Акмат Саматов-Жигдалида "1-Май" колхозунда көп жылдар бою раис (төрага) болуп иштеп, чарбага мыкты жетекчи болуп пахта өндүрүшүнүн планын ашыгы менен аткаргандыгы үчүн Сациалисттик Эмгектин Баатыры болгон.

Ал жетекчилик кылган колхоздогу пахта бригадлири Гадай Алыбаев жана Баба Базарбаевдер да Сациалисттик Эмгектин Баатыры болгон.

Рүстөм Жолбаев абабыз 1971-жылж июль айында дүйнөдөн кайткан. Азыркы күндө Сүлүктүдөгү №4-мектепке жана кочолор Рүстөм Жолбаевдин атына ыйгарылган.

Рүстөм Жолбаев жөнүндө Ош областык, Кыргыз Совет энцклопедияларында маалымат берилген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)