Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жол белгилери жана көрсөткүчтөрү

Баш барак | Башкалар | Жол белгилери жана көрсөткүчтөрү

Жол белгилери жана көрсөткүчтөрү – жолдо жүрүүчүлөргө (унаа айдоочу жана жөө жүрүүчүлөр) жолдо жүрүү шарты, жүрүү маршруту жөнүндө маалымат берүүчү белгилер жана жазуулар. Алар белгилүү түстө, формада жана чоңдукта жасалып, көчөнүн, жолдун, магистралдардын боюна, жүрүү багытынын оң жагына орнотулат. Автомобиль кыймылы боюнча Париж конвенциясында (1909) төрт (жолдун кесилиши, темир жол кесилиши, ийри-муйру жол, өңгүл-дөңгүл жол) эскертүүчү белгиси бар алгачкы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө макулдашуу кабыл алынган.

Кийинки конвенцияларда улам толукталып, Венадагы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө конвенциянын (1968), Женевадагы Европалык макулдашуунун (1971) талабына ылайык мамлекеттик стандарт иштелип чыккан жана ага ылайык 4 топко бириктирилет: эскертүүчү, тыюу салуу, милдеттендирүүчү, нускоочу белгилер, кээде кошумча кабарлоочу белгилер орнотулушу мүмкүн. Эл аралык концепциялардын жол кыймылы, белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттын талаптарын эске алуу менен КРдин Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы токтомунун редакциясына ылайык КРдин жол белгилери жана көрсөткүчтөрү 7 топко бөлүнгөн.

Эскертүү белгилери: кызыл жээктүү сары үч бурчтук – алдыдагы жолдун опурталдуулугун жана ага карата чара көрүү зарылдыгын унаа айдоочуга эскертет. Тыюу салуу белгилери: жердиги ак, кызыл жээктүү сары тегерек – транспорттун айрым түрлөрүнүн жүрүшүнө тыюу салат же белгилүү чектөө менен жүрүү керектигин эскертет. Милдеттендирүү белгилери: жалпы белгиси көк тегерек – белгилүү жакты көздөй, белгилүү ылдамдыкта жана транспорттун тийиштүү түрүнүн гана жүрүүсүнө уруксат кылынат.

Маалыматтык - жол көрсөтүү белгилери: көк, сары түстөгү чарчы – жолдун аралыгын, калктуу жерлерди, транспорт токтоочу жайды, кыймылдын урксат берилген багытын жана башка көрсөтөт. Сервис белгилери – тийиштүү объектилердин жайгашуусу жөнүндө маалымдайт. Кошумча маалымат белгилери (табличкалар) – белгилердин колдонулушун тактайт же чектейт. Булардан сырткары транспортту айрып таануучу белгилер өзүнчө топко бириктирилген. Бардык белгилерге түнкүсүн жарык берилет же жарык чагылтуучу материалдан жасалат жана 100 м аралыктан көрүнүшү керек.

Салам достор, бүгүн жол белгилери жонундо таанышып алалы. Дароо айтып коелу. Бул макала айдоочулар үчүн эмес жөнөкөй жөө жүргүнчүлөр, айрыкча мектеп окуучулары үчүн.

Эскертүүчү белгилер
Эскертүүчү белгилер эч нерсеге тыюу салбайт, бирок алдын ала боло турган кырсыктардан алдын алуу үчүн эскертет. Бардык эскертүүчү белгилер кызыл кыюусу бар үч бурчтук формага ээ.

Таштардын кулоосуТаштардын кулоосу
Бул белги таштардын кулоосун, жердин көчүүсүн, жол жээктериндеги уроолорду эскертет.
Майда таштардын чачыроосуМайда таштардын чачыроосу
Бул белги машинанын дөңгөлөгүнөн майда таштардын, шагылдардын ж.б ыргуусун эскертет.
Жол иштериЖол иштери
Бул белги жолдо жумушчулардын иштеп жаткандыгын, атайын техниканын, аңдардын ж. б. болушун эскертет.
БалдарБалдар
Бул белги жолдо балдардын жолдон өтүшү мүмкүн экендигин эскертет. Мындай белги эреже катары балдар мекемелеринин (бала бакча, мектептердин) жанында коюлат.
Тоскучу жок темир жол кесип өтүүсүТоскучу жок темир жол кесип өтүүсү
Бул белгини тоскуч менен тосулбаган темир жол кесилишинде орнотушат. Эскертүү!!! Бул кесилиштен өткөндө абайлагыла, жакындап келе жаткан поезд жоктугуна көңүл бургула!
Тоскучу бар темир жол кесип өтүүсүТоскучу бар темир жол кесип өтүүсү
Бул белгини тоскуч менен тосулган темир жол кесилишине орнотушат.

Атайын коюлган жана маалымдоочу белгилер
Мындай белгилерди атайын режим кыймылындагы айдоочуларга киргизилетже алынып салынат, о.э. кандайдыр бир объекттер жөнүндө маалымдалат.

Жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүЖөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгү
Жөө жүргүнчүлөрдүн өтүү аймагын белгилейт. Айдоочуга жөө жүрүүчү адамды өткөрүп жиберүүсүн туюнтат.
Жер асты менен өтүүчү өтмөкЖер асты менен өтүүчү өтмөк
Жер астында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн болгондугун маалымдайт.
Автобустун жана троллейбустун токтой турган жайыАвтобустун жана троллейбустун токтой турган жайы
Белги автобустун, троллейбустун жана маршруттук таксинин токтой турган жайын маалымдайт.

Сервис белгилери
Сервис белгилери ылайык келген объекттердин жайгашуусун маалымдайт.

Медициналык жардам пунктуМедициналык жардам пункту
Жолдо биринчи медициналык жардам пунктунун болгондугун маалымдайт.
ОоруканаОорукана
Жолдо ооруканын болгондугун маалымдайт.
ТелефонТелефон
Жолдо телефон аппаратынын болгондугун маалымдайт. (Эскирип бараткан белги, көбүн эсе атайын жайларда гана колдонулуп баратат, мисалы: туннелдерде)
Ичкенге жарамдуу сууИчкенге жарамдуу суу
Жолдо ичүүгө жарамдуу суунун болушун маалымдайт.
Тамактандыруу пунктуТамактандыруу пункту
Жолдо ашкана болгондугун маалымдайт.
Мейманкана же жатаканаМейманкана же жатакана
Жолдо мейманкана же мотелдин болгондугун маалымдайт.

Зебра

Жол белгилери зебрасыз, таптакыр болбойт го, "зебра" бул жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшү үчүн чийилген сызыктар. Ал ак түстө болот. Жол бетине чийилген мындай белгини горизонталдуу (түүрасынан чийилген) сызык дешет.

Вертикалдуу разметка

Вертикалдуу (тикесинен чийилген) сызыктар да болушат. Алар ак жана кара түстөгү сызыктардын кезектешип (көпүрөлөргө, тосмолорго, бордюрларга) чийилет. Мындай сызыктар курулуштардын алыстан көрүнүп туруусу үчүн жасалат.

Светофор
Светофор дароо эле үч түстүү болгон эмес. Светофорду кыймылды жөндөө үчүн автомобиль пайда болгонго чейин эле колдонушкан. Башында ал темир жолдо пайда болгон. Ал темир жол светофору - семафор деп аталган.

Биринчи светофор Лондондо 1868-жылдын 10-декабрында орнотулган. Ал шаардын борборунда 6 метр бийиктикте орнотулган. Светофордо кызыл жана жашыл айнектер болгон. Ал убакта сары белги болгон эмес. Полицейскийлер чыракты өзүлөрү ачып жана жаап турушкан, ал чырактар жарык кылуучу газ менен иштеген. Биринчи электр светофорлору Америкада пайда болгон. Алар дагы эки түстө: жашыл жана кызыл түстө болушкан. Сары сигналды полициянын ышкыруусу алмаштырган. Үч сигналдуу светофор дагы Америкада пайда болгон (1938). Жол белгилери светофорсуз элестетүү кыйын болсо керек, кандай дейсинер?

Светофор түстүү сигналдардын жардамы менен жол кыймылын жөнгө салат, алар төмөнкүдөй чечмеленет:

Светофор Кызыл сигнал - кыймылга тыюу салат, кооптуулуктун түсү болгондуктан тандалып алынган. Ошондой эле күндүр-түндүр, туман жана жаанда ачык-так көрүнгөн.
Сары сигнал - негизги түстөрдүн ортосундагы белги. Сары сигналда кыймылга тыюу салынат.
Жашыл сигнал - кыймылга уруксат берет жана кызыл түстөн кескин айырмаланып турат. Жашыл түстү кызыл менен чаташтырууга мүмкүн эмес жана көрүнүктүү түс.

Жөө жүргүнчүлөрдүн светофору жөө жүргүнчүлөрдүн жолдон өтүү кыймылын жөнгө салат

Светофор пешеходов Кызыл сигнал - өтүүгө тыюу салат
Жашыл сигнал - өтүүгө уруксаат берет

Жөнгө салгыч (регулировщик)
Жол кыймылын ала-була таяктын жардамы менен жөнгө салган (регулировщик) адамдын пайда болгондугуна 90 жыл болду. Анын орду жолдун кесилишинин так ортосу болгон. Анын сигналдары денесинин жана колунун абалы менен берилет. Сигналдар (белгилер) даана көрүнүшү үчүн ал колуна ачык түстөгү таякча кармап алат.

Жонго салгыч

Жол белгилери жондундогу кыргызча макалабыз ушундай достор. Адаттагыдай кошумча шилтемелер берилмекчи.

Айрып таануу белгилери
Артыкчылык белгилери
Эскертүү белгилери
Маалымат көрсөткүч белгилер
Милдеттендирүү белгилери
Сервис белгилери
Тыюуу салуу белгилер
Жайгаштыруу: 2016-08-11, Көрүүлөр: 49411, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу