Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жол деген эмне

Баш барак | Башкалар | Жол деген эмне

Жол жонундо маалымат бере кетели. Жол – адам, транспорт жана башка каттоого, жүк ташууга арналган жол катнаштардын жалпы аты. Кыргыздарда жолду төмөнкүчө бөлөт: кара жол, жалгыз аяк жол, даңгыр жол, кыя жол, чыйыр жол, төтө жол, аба жолу, суу жолу, темир жолу, кан жол жана башка Топоним катары да Кыргызстандын географиялык аталыштарынын курамында көп кездешет, мисалы, Жол-Колот, Жол-Жылга, Жол-Сай, Жол-Жакшы, Жол-Коо жана башка. Жол тармагы Евразияда биздин заманга чейин 5-миң жылдыкта пайда болгон. Адегенде жол бетине эч нерсе төшөлбөстөн эле жасалган. Жол салуу курулушу 1747-ж. Парижде инженерлерди даярдоо үчүн жол жана көпүрө боюнча улуттук мектеп түзүлгөндөн башталган. 1789-ж. Францияда узундугу 40 миң км болгон жол тармагы курула баштаган. Байыркы жана орто кылымдарда Алдыңкы жана Орто Азияны Кытай менен байланыштырган нербен жол Улуу жибек жолу болгон. Байыркы орустарда 8–10-кылымда Киевди Крым жана Дон менен байланыштырган соода жол пайдаланылган. Россияда жол курулушу 1722-ж. Петербург – Москва жолунун салынышынан башталган. 20-кылымда шаарларда эл көбөйүп, автомобиль жол менен жүргүнчү жана жүк ташуу кыйындагандыктан, жер алдындагы рельстүү жол (метрополитен) жана жер үстүндөгү монорельстүү жол курула баштаган. Автомобиль жол тармактарын куруу 1950-жылдардын аягында башталып, эки тилкелүү, бурулуштары жайык келген, полотносу жантайыңкы жасалган ылдам жүрүүчү жолдор салынган. Айрыкча Японияда жол куруу ылдам өнүгүп, эки-үч катар ылдам жүрүүчү жолдор көчөлөрдүн үстүнө курулууда. Кыргызстанда жол куруу 20-кылымдын башынан өнүгө баштаган, мисалы, 1924-ж. узундугу 568 км болгон Арыс – Пишпек жолу салынган. Кийнчерээк Ош – Жалал-Абад – Көк-Жаңгак, Фрунзе – Талас, Фрунзе – Ош жана башка жолдор курулду.

Жайгаштыруу: 2018-06-10, Көрүүлөр: 1468, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-06-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо