Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жүз жигит күүсүнүн баяны

Илгери кыргыздын карт тарыхынын бир бүктөмүндө калган жоокерчилик замандын биринде журттун туусун жаткырбаган, кара калмакты чекке киргизбей элин жоодон сактаган, эр көкүрөк, кай-раттуу, балбан бидек намыстуу жоокерлери менен даңазасы кыйла жерге кеткен Көкүм деген чоң айыл болгон. Айыл башчысы Алыш баатыр кыргыз калмактын чегинде туруп, эки элдин мамилесин түздөп: кези келген жерде калмак элине үстөмдүк кылып турат. Жылдан жыл алвдашып, Алыш улгаят, ал-күчтөн таят. Баласыз өтүп баратканына арман кылып, өлсөм элиме меиден эстелик бол-сун, жоо келаткаиын алыстан байкоочу кароол жайгашсын деп, айылга кирүүчү жолдогу бийик капчыгайдын эки тарабындагы тек-тирчелерди тегиздетип атайын кароол секи даярдатат.

Ал жерге добулбас коюп, сак жигиттерден сакчы уюштурат. Мезгили жетип Алыш баатырдын көзү өтөт. Эми эл ичиндеги мык-тылар өз ара жаатташып, журттан ырк-ынтымак кетет. Мындайды көз кырынан кетцрбей байкап турган душмаи, айылга бир түндө капысынан басып кирип, кыргын салат. Калмактын төрөсү өз жоо-керлерине «Туткуага эч кимди албагыла, колуңардан келишинче кыргызга кыргын салгыла, бирок, эмгектеп жүргөндөн тартып, төрт жашка чейинки эркек балдарды олжолоп тирүүлөй алып ке-лип, мага тапшырасыңар» — деп катуу буйрук берет. Бардыгы жоонун ойлогонундай чыгат. Бир кезде гүлдөгөн айыл-дын ордуна додолонгон күл калат, күңгүрөнгөн капчыгай, күпүлдөп аккан суу калат. ...Мезгил зымырылып, чабылган элдин көкүрөктөгү жарасын дарылап, жашоо улана берет. Бирок, жоо кылычынан амая калып, балдарынан тирүүлөй айрылган энелердин күйүтү, арманы ичте бара-бара комуз күүсүнө жана эл оозунда дастанга айланат. Калмактын төрөсү болсо баягы олжолоп, алып кеткен балдарды өзгө көзгө көргөзбөй, өзүнчө бактырып, катаал-татаал шартта күнү-түнү жоокерчилик өнөргө үйрөтө берет. Балдар «эне-ата» деген эмне экенин билбей, көргөн-бакканы жоо чаап, алсызды баш ийдирүү, күчсүзгө ыза көрсөтүү болуп, жалаң кылыч шилтеп, найза сайган-ды гана үйрөнүшөт. Калмактын төрөсү сынамакка баягы жигиттердин ичинен 100дү тандап алып казак, уйгур, кытай айылдарына жортуулга жиберип, өзү да, кол башчылары да алар менен кошо жүрүп, жигиттердин өз каршылаштарын заматтын ортосунда өрттөй каптап, жылан сый-пагандай жер менен жексен кылгандыгын көрүп, эми күч көрсөтүп башканы баш ийдирүү максатын көздөгөн тилегинин анык орунда-ларына көзү жетет. Өзүнө жакын адамдары менен жашыруун кеңеш куруп: — «Ортодон жыйырма жыл өттү, кыргыздар кайрадан жетилип кела-тат, эми аларга өзүлөрүнүн тукуму, шилтесе кызыл өрт болгон жүз жигит менен кыргын салууга убакыт келди» — дейт. Төрөнүн теге-региндегилер анын мындай акылдуу чечимине эми гана түшүнуп, туш-туштан кубатташат. Ошентип, кыргызга кайрадан кыргын тушөөр мезгил жакын-дап, калмак менен кыргыз ортосундагы абал курчуйт. Кыргыз тарап да бейдарек жата бербей, кандуу кармашка даяр-данат. Ошентсе да калкандуу өрттөй каптаган жүз жигити жөнүндөгү көп сөздөр кыргыз кол башчыларынын жүрөгүнө тикенектей сайы-лып, түйшүккө салат. Кыргыздар жыйын курушуп, жоодон коргонуунун айла-ама-лын талкуулашат. Нары кетип, бери кетип бир чечимге келе алыш-пай, бел майышып турган чакта, эртеден бери бир ооз үн катпай ой басып олтурган бир кездеги Алыш баатырдын кеңешчиси Кулбото карыя мындай дейт: — Эртеден бера кеп-сөзүнөрдү угуп олтуруп, мага бир ой келди. Туура көрсөңөр, мен айтайын, силер уккула. Жүз жигит деп атасы-ңар булардын өрт каптагандай кубат-күчүндө бир мандем бар. Ме-нин оюмча, булардын жүзү жүз үйдөн чогулган эмелер эмес, буларбир жерден өсүп жетилишкен уялаштар, эне, ата жөнүндө түшүнүк-төрү жок, кайдан, ьачан жаралганын билишпеген, жаалы кайнаганжетимдер. Эгер, ушул менин оюм туура болсо, алар мындан жыйырмажыл илгери чабыщта олжого кеткен кыргыздын уулдары, биздинбалдарыбыз... Жыйын дуулдап, бир даары Кулбото карыяны колдоп чыгыш-каны менен көпчүлук эл бул айтылган кептин өзөгүиө анчалык ишене албай турушту. Кулбото карыя, бир азга эл тынчыгандан кийин кебин улады. — Демек, өзүбүздүн тукумубузга өзүбүздү чадтыралы, болбосоөзүлөрүнүн балдарын өзүлөрүнө кырдыралы — деп тилек койгондушманды, жалаң гана найза, кылыч эмес, айла-амал менен болсода женүү керек. Анда оюңарды айткыла,— деп элге кайрылат, Бирэт бышым элдин сунуш-пикирлерин угуп олтуруп, акырында мын-дай бүтүм чыгарат. — Жоо келсе бир гана капчыгайдын ичи менен селдей каптайт. Алыш баатырдын тектирчесине чейин эки тосот коёлу, биринчисижоокерлер болсун, кармашып көрүшсүн, экинчисине балдары олжо-го кеткен энелердц коёлу, өз балдары таанышпаса да, боор тарты-лып, сезимдер ойгоноор. Андан бери капчыгайдьш эки тарабындагыАлыштын тектирчелерине жоо көрбөгөндөй кылып сурнайчы, чоор-чу, комузчуларды жайгаштыралы. Жоо мына ошол үч тосотту бузупөтсө, калмактын жүз жигити биздин тукум эмес, айла жок, жалпыэли-журтубуз кармашка түшүп, согушуп жатып өлөрбүз»... Ошентип, Кулбото карыянын сөзү менен жоого тосоттор коюлуп, кылым карыткан кыргыздардын башында кандуу согуштун дагы бир ала көлөнөсү айланып турду. Жоо чын эле өрт каптагандай байкоосуз басып кирди. Капчы-гай өрдөй чабуулга чыккан жоонун селин алгач жоокерлер тосту. Кыргыз тукуму кыргызга кылыч шилтеди, найзалашууга өттү. Капчыгай ичи кан жыттанды, кылычтын ырайымсыз мизянен от жанды. Шукшурулган бүркүттөй жүз жигит баштаган калмактын аскери жыгачка чабылган курч балтанын мизиндей кыргыздын биринчи коргонуусун бузуп өттү. Мындайда чырылдаган энелердин үнүн ким укмак, кан жыты-на делөөрүгөн жоо тарап жеңйшине эргий алга умтула берди. Эми аларга эч тоскоолдук болгон жок. Тапыраган ат туягынын, каңгыр-шаңгыр курал-жарактын үнү капчыгай ичин жаңыртып ажал оту кыргыз жерине бүркүлдү. Ангыча, каяктандыр сыбызгыган чоор үнүн улап, комуздун боздогон коңур үнү көк теңирдин тереңинен куюлуп, теребелди жаңыртты. Шаң менен келаткан жоо үчүн бул күтүүсүз болду. Алдыда алгыр куштай серпилип, урушарга жоо таппай келаткан жүз жигит теге-рете серп ташташып, бул жүреккө кылычтын мизи, найзанын учу-нан да катуу кадалган сыйкырдуу үн кайдан чыгып жаткандыгын биле алышпай, тизгин жыя башташты. Комуздун доошу эми ого бетер даана угулду. Анын ар бир кайрыгы сезимди көзөп, бирде алдыдан, бирде арттан, бирде оңдон, бирде солдон, бирде көк те-ңирдин тереңинен төгүлгөндөй туюлуп, жүрөктү титиретип, эки тарабы жалама бийик аскаларга жаңырып, комуз үнү эми ого бетер күчөгөндөн күчөдү. Миң кубулуп, жүрөктү эзип, дирилдеген комуз кылдары жүз жигиттин таштай түйүлгөн муштумдарын жазып, суурулган кылыч-тарын кынына салдырып, сунулган найзасынын учун көктү каратты. Селдей каптап бараткан жоонун жүрүшү жайлады, жүз жигит көк теңирге жүз бурушуп, ат үстүндө кереметтүү комуз күүсүнүн кайрыгына эми чындап берилишип, имерилип тура калышты. Күү төгүлө берди. Жигиттердин көздөрүнө жаш толуп, өзүлөрү да түшүнбөгөн кусалык, сагыныч сезимдерин ойготуп, өзөктөрүнө өрт коюп, туулган жерлерине боор тарттырды. Мындай шумдуктуу көрүнүш калмактын төрөсүнө жакпады. өз колбашчыларынын би-рин жиберип, жүз жигиттин бирине камчы шилтетти. Камчы жеген жигит демейдегидей баш ийип калбастан, калмактын кол башчысын кылыч менен шылый чапты. Комуз күүсү уланып, жүрөктү эзип сыздай берди. Калмактар эми жүз жигитти көздөй ат коюшту. Жүз жигит бир кишидей тайманбастан аларга бетме-бет чыгышты. Комуз күүсүнүн ыргагы күчөп эми шандуу, жандуу угулду. Кай-рыктарында жүз жигиттин бул эрдигин баяндап, «Сен кыргызсың, сенин элиң кыргыз, жериң Алатоо, аны дилиң менен түшүнүп, жүрөгүң менен сезгин» — деген купуя улуу кеп баяндалып жаткан-дай туюлду. Эми жалпы журт жүз жягитке кошулуп, «Кыргыздан» ураан чакырып, калмакка каршы аттанышты. Комуз күүсү эми, теребелди шаңга бөлөп, жеңиштин салтанатын кубаттап Алатоо ичин жаңыртты. Эл-журту өзөгүнөн өзгөгө кеткен жүз жигитти чоң салтанат менен тосуп алышты. Жүз жигит кыргызга чеп болуп, өмүр улан-ды. Ошентип, жүз жигиттин тагдырын баяндаган күү жаралды

АЛА-ТОО УЛАМЫШТАРЫ Түзгөн: Сулайман Рысбаев, Батыркулова Айгул

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)