Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жүрөк

Жүрөк жана андан тараган кан тамырлар бүт денеге кычкылтек менен азык заттарды жеткирип, кайра көмүр кычкыл газын жана ошол сыяктуу зыяндуу заттарды алып кетет. 17-кылымдын башында эле англиялык көрүнүктүү окумуштуу Уильям Гарвей жүрөктөн булчуң эттери бирде жыйрылып, бирде жазылып согуу менен кандын бүткүл денедеги кан тамырлар аркылуу айланып жүрүп турушун камсыз кыла тургандыгын далилдеген: кан жүрөктөн артериялар аркылуу агып чыгып, веналар аркылуу кайра келип өзүнө куят. Артериялар улам барган сайын майда тармактарга бөлүнөт. Акырында микроскоп менен гана көрүүгө боло турган өтө ичке түтүкчөлөргө - капиллярларга айланат. Кан капиллярлардан майда веналарга куюлат. Алар бири-бири менен кошулуп, жоон венага айланат. Кан ошол веналар аркылуу жүрөккө келип куят.

Жүрөк - бул кубаттуу кош насос. Ал туташ тосмо аркылуу экиге - оң жана сол жак бөлүккө ажырап турат. Алардын жогоркусу дүлөйчө, төмөнкүсү карынча деп аталат. Дүлөйчө канды карынчаларга айдайт. Ал эми карынча канды күч менен артерияга түртүп чыгарат да, бир аз тыныгуу болот, бул кезде венадан келген кан жүрөккө куюлуп, жүрөк тыныгат.

Жүрөктүн өтө маанилүү иши бардык органдарды кычкылтек менен камсыз кылып туруу. Эгерде кычкылтек жетишпесе, органдардын иштеши бузулат. Канды кычкылтек менен жабдуу үчүн жүрөктүн карынчасы аны өпкөгө баруучу өпкө артериясын көздөй айдайт. Жыш капилляр торчосу өпкөнүн бир да ыйлаакчасын калтырбай каптап турат. Капиллярлардын жана ыйлаакчалардын жука капталдары аркылуу кычкылтек канга оңой эле өтөт, ал эми көмүр кычкыл газ кандан бөлүнүп, өпкөнүн ыйлаакчасындагы абага кошулат. Кычкылтекке каныккан кан, вена аркылуу жүрөктүн сол жагына келип куюлат, андан эң жоон артерияга - толтого барат. Толтодон тараган артериялар аркылуу кан бүткүл денеге жайылат.

Ар бир орган канчалык көп иштесе, ал кычкылтекти ошончо көп талaп кылат. Айрым органдарды кычкылтек менен камсыз кылууну жөнгө салуу жагы кан тамырлардын бир эң сонун касиети аркылуу чечилет: алар бирде тарып, бирде кеңейип, денеден өтүүчү кандын өлчөмүн өзгөртүп турат. Ошол аркылуу ар бир органга берилүүчү кычкылтектин өлчөмү да өзгөрөт. Киши жаткан учурда жүрөк минутасына 4-5 л канды чыгарат, ошол кезде ал 60-70 жолу кагат, ар бир каккан сайын дүлөйчө 0,1 секунда, карынча 0,3-0,35 секунда иштейт, 0,4 секундага тыныгат. Эгерде адам отуруп, мисалы, кат жаза турган болсо, мээнин жана айрым булчуңдардын кан тамырлары кеңеет. Эгер ал жаңы эле тамактанып бүтсө, тамак сиңирүү органдарынын кан тамырлары кеңеет да мээ менен булчуңдардын кан тамырлары тарыйт.

Катуу иштеген мезгилде булчуңдар тынч турган мезгилге караганда кычкылтекти 10-15 эсе кең керектейт. Ошондуктан басып жүргөн учурда кыймылда болгон булчуңдардын гана кан тамырларынын кеңейиши жетишсиз. Мындай учурда жүрөк тезирээк кага баштайт. Катуу чуркаганда жүрөк минутасына 120-160ка чейин кагат. Тынымсыз иштөөдөн жүрөк тез чарчайт. Жүрөктүн булчуң эттерин машыктырбаса, адамдын башка булчуңдары сыяктуу эле начарлап кетет.

Ошондуктан жүрөгүңөрдү сактагыла, аны машыктыргыла. Кара жумуш иштеп, физкультура менен спортко жакын болгула. Ошондо жүрөгүңөр таза болуп, оору дегенди билбейсиңер.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)