Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жүгөрү комбайны

Жүгөрү комбайны - жүгөрү оруп-жыйноочу машина. Ал жүгөрү сотосун бөлүп, паясын майдалап, силос даярдайт. Негизги тетиктери: шасси, сото бөлүүчү үч тетик, элеватор, оруучу аппарат, чынжыр, сото транспортёру, алмашма агрегат (сото аарчыгыч, майдалагыч), төгүүчү транспортёр, гидравликалык система, көзөмөлдөөчү-белги берүүчү система. Комбайн жүргөндө берүүчү чынжыр аркылуу жүгөрү оруучу аппаратка келет да, сотосу өзүнчө бөлүнөт, бөлүнгөн сото транспортёр аркылуу сото аарчыгычка же майдалагычка берилет. Ал эми сабагы үч секциялуу барабанда майдаланат, майдаланган силос автомашинага жүктөлөт. Көбүнчө өзү жүрүүчү КСКУ-6 жүгөрү комбайны колдонулат. Саатына 3 гага чейин жүгөрү чабат. Андан башка СК-5 «Нива», СК-6 «Колос» дан комбайнына ПКК-4 жүгөрү оргучу агрегатташырылат. Ал саатына 1,4 гага чейин жүгөрү чабат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)