Жөнөкөй эфирлер

Жөнөкөй эфирлер – кычкылтек атомун алып жүрүүчү жалпы формуласы: ROR же ROR¢ (R, R¢- орг. радикалдар) болгон орг. бирикмелер. Эгерде эки радикалы окшош болсо, симметриялык Ж. э. деп, ал эми алар ар башка болсо, аралаш Ж. э. деп аталат. Ж. э. мол-дагы радикалдын атынан аталат: СН3-О-СН3 - диметил эфири, С2Н5-О-СН3 - метилэтил эфири ж. у. с. Ароматтык жана майлуу ароматтык, о. эле циклдүү Ж. э. тривйалдык аттар менен аталышат (анизол, фенетол, диоксан ж. б.). Ж. э. жыты жагымдуу болот сууда начар, орг. эриткичтерде жакшы эрүүчү бирикмелер. Алифаттык Ж. э. төмөнкү өкүлдөрү тез бууланып учуучу заттар. Орг. бирикмелер үчүн жакшы эриткич. щелочтуу жана щелочтуу жер металлдар таасирине туруктуу. Жогорку темп-рада натрий жана натрий орг. бирикмелер таасиринде Ж. э. ажырайт:

ROR¢ + 2Na ® RONa + R¢Na

Ж. э. мол-сында бош жуп электрондору бар кычкылтек атомунун болушу алардын негиздик касиеттерин аныктайт:

СН3-О-СН3 + Н+ ® СН 3-ОН-СН3+ Алифаттык жана майлуу ароматтык Ж. э. иоддуу суутек к-тасынын таасиринде ажырайт:

ROR¢ + HI ® ROR ¢+ 1 - ® ROH + RI H

Реакция «метоксил» жана «этоксил» топторун аныктоодо (Цейзел методу) колдонулат. Ж. э. көпчүлүк орг. эмес туздар менен кристалл түрүндөгү продуктуну пайда кылат, мис., магний галогендери менен (катуу абалында гана туруктуу). Алифаттык жана көпчүлүк циклдүү Ж. э. абадагы кычкылтек менен пероксиддер пайда кылат жай окистенет. Фенолдун эфирлери күкүрт к-тасынын, алюминий хлориди жана башка таасири астында о - жана n - алкил орун алмашкан фенолдорго изомерленишет. Ж. э. алифаттык, ароматтык жана циклдүү радикалдары бар эфирлерден башка дагы, циклде кычкылтек атомун алып жүрүүчү гетероциклдүү бирикмелер да кирет: этилен оксиди, тетрагидрофуран, диоксан, фуран жана анын туундулары, о. эле RCH(OR¢)2 типтеги ацеталдар, орто - к-талар эфирлери. Беш жана алты мүчөлүү циклдүү эфирлер касиеттери б-ча алифаттык Ж. э. өтө жакын. Этилен оксиди өзгөчө касиеттер менен мүнөздөлөт, анткени үч мүчөлүү цикл жогорку чыңалууга ээ. Ж. э. алуунун негизги ыкмалары спиртти (же алкоголяттарды) алкилдештирүү. Алкоголятты галогеналкилдер менен алкилдештирүү (Вильямсон синтездери) жалпы метод болуп саналат:

R, R¢ = Alk, Ar, X = 1, Br, Me = K, Na,

Ароматтык углеводороддо алкилдештирүүчү реагенттер катары тийиштүү диалкилсульфаттар колдонулат.

С6Н5ОNa + SO2(OCH3)2 ® C6H5OCH3 + +CH3OSO2ONa

Алкилкүкүрт к-тасы спирттин экинчи мол-сын алкилдейт:

ROH + H2SO4 ® ROSO3H,

ROSO3H + ROH ® ROR + H2SO4

Ж. э. катализдик ыкма менен да алынат (200-300оС, кат. - Al2O3, ThO2 жана башка). Галогеналкилге күмүш оксидин таасир этүүдөн симметриялык Ж. э. алынат: 2RI + Ag2O ® R2O + 2AgI, Жаратылышта фенол жана нафтолдун курамында Ж. э. көп таралган. Ж. э. лаб-ларда жана ө. ж-да эриткич катары (диэтил эфири, диоксан, тетрагидрофуран, гликолдун моноэтил эфири ж. б.) колдонулат, диэтил эфири медицинада, анизол - ө. ж-да, орг. синтезде нафтол эфирлери жана дифенил эфир кеңири колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)