Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жөкөтөй горнблендит кени

Жөкөтөй горнблендит кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Балыкчы шаарынан 45 км түштүк-батыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында. 1975-79-ж. табылып, геологиялык жумуштар жүргүзүлгөн. Кен аймагында ордовик мезгилинде пайда болгон мрамор, мраморлошкон акиташ жана сланец теги жайгашкан. Мында аймактык метаморфизмдин натыйжасында карбонат тоотектери горнблендит жана парапироксенит тоотектерине айланган. Горнблендит жаткан жер 2х1 чарчы/чакырым аянтты түзөт. Пайдалуу тоотек – горнблендит капкара түстө, майдадан ири кристаллдуу структурага чейинки түзүлүштө. Алар өтө кооз, жакшы сайкалданат. Блоктордун көлөмү 0,1 – 0,4 м3. Механикалык бышыктыгы 1100 кг/см2. Запасы мол. Майда кооз буюмдарды жасоого жарактуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)