Жөкө дарак

Жөкө дарак (Tilia) - өсүмдүктөрдүн гүлкайырлар катарындагы жөкө дарактар тукумунун уруусу. Жалбырагын күбүмө, бийиктиги 15-16 мге (айрымдары 40 м) жеткен дарак. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, жээги араадай тилкелүү. Гүлү агыш же саргыч, жыттуу, аары, гүл чымыны жана башка курт-кумурскалар чаңдаштырат. Топ гүлү калкандай же чачыдай. Мөмөсү жаңгакча, шамал, ошондой эле тыйын чычкан, айрым куштар таратат. Жөкө дарак 150, кээде 500 жылга чейпн өсөт. Түндүк жарым шардын мелүүн, бир аз субтроппк зоналарында 50, КМШ өлкөлөрүндө 17 түрү өсөт. Кыргызстанда жашылдандыруу жана кооздук үчүн өстүрүлөт. Гүлү дары катары жана чайга, шарапка жагымдуу жыт берүү үчүн кошулат. Жыгачынан идиш, фанера, музыкалык аспап жана башка жасалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)