Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жюль Верн (1828-1905)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жюль Верн (1828-1905)

Жюль Верн ким болгон, Жюль Верн омур баяны кандай, бул ушул адам жөнүндө болмокчу. Өткөн 19-кылымдын 70-жылдарында жыл сайын жайында аба ырайы кандай болуп турса да, Франциянын түндүк жээгинде чакан жел кеме пайда болчу. Алдынан чыккан кемелер биринчи болуп кичинекей кемечеге салют берип, алардын капитандары палубада матрос көйнөк кийген кишиге кыйкырып биринчи болуп салам айтышчу. Бул айтылуу капитан Верн, атактуу жазуучу, бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон кызыктуу 65 китептин автору эле. Жюль Верндин эр жүрөк жана тайманбас каармандары кайсы жерде гана болушпаган! Алардын адаттан тышкары окуялары жөнүндө Жюль Верндин китептеринин аталыштарынын өзү эле айтып турат: Аба шарында беш жума, Дүйнө жүзүн 80 күндө кыдыруу, Сырдуу арал, Суу асты менен 2000 лье, Замбиректен - Айга, Жердин борборуна саякат. Бул романдардын автору жөнүндө ар кандай апыртмалуу уламыштарды ойлоп чыгарышкандары таң калыштуу эмес. - Жюль Верн - кажыбас саякатчы - деп ишендиришкен бирөөлөрү. Ал романдарында өз башынан өткөргөн окуяларын жазган. - Андай эмес! Жюль Верн деген жок. Жюль Верн - жөн эле псевдоним, бул ат бүтүндөй бир географиялык коомго тийиштүү, - деп талашкан башкалары. Чындыгында Жюль Верн белгилүү илимпоз-географ да, улуу саякатчы да болгон эмес.

Жюль Верн жонундо айтсак, ал тек гана кыялданганды сүйгөн жана илимди дити менен жакшы көргөн адам болгон. Ал төрөлгөн Нант деген порт шаарга ар түрдүү өлкөлөрдөн кемелер келчү. Жюль Верн бала кезинде аларды карап туруп сырдуу аралдар жана болуп көрбөгөндөй укмуштуу окуялар жөнүндө кыялданчу. Бирок кыял деген кыял, ал эми турмуш деген турмуш да. Жюлдун атасы уулун юрист болот деп чечип, Парижге, университетке жиберет. Бирок Жюль Верн эр жеткенде да өзүнүн бала кезиндеги кыял-эңсөөсүнөн кайткан жок. Ал фантаст жазуучу болуп калды. Анын романдары адаттан тышкары, таң калыштуу, жомоктогудай окуяларга бай. Анткени байыркы жомоктордун каармандары учак, ал түгүл аба шарлары ойлоп чыгарылганга чейин эле уча билишкен. Бирок Жюль Верндин фантастикалык сюжеттеринин маанилүү өзгөчөлүгү жомоктогу сюжеттерден кескин айырмалангандыгында турат.

Бардык жомоктордо керемет ар дайым каармандарга даяр түрүндө келет. Алар аны кудайлардан, сыйкырчылардан, жин-шайтандардан алып, ушулардьш бар экендигине чын дилинен ишенет. Ал эми Жюль Верндин каармандары кереметти өз акыл-эсине таянып, өз колдору менен түзүшөт. Жюль Верн өзүнүн фантастикалык романдарында көптөгөн улуу ачылыштар жана ойлоп чыгаруулар жөнүндө алар турмушта пайда болгонго чейин эле алдын ала айткан, Анын китептеринде суу астында жүрүүчү кеме, учак, тик учак, башкарылма аэростат, радио, телекөрсөтүү, кино, электр кыймылдаткычтар ж. б. сүрөттөлгөн. Ал космоско учууну да, океандардын сырын ача баштоону да, адамдын кээ бир ооруган жараксыз мүчөсүнүн ордуна башканы салууну да алдын ала айткан. 20-кылымда илим менен техниканын дүркүрөп өсүп-өнүгүшү Жюль Верндин эң эле чечкиндүү фантазияларын кууп өттү. Бүгүнкү күндө Наутилустун кыймылдаткычына караганда кыйла кубаттуу кыймылдаткычтар, навагация жана деңиз түбүн изилдөө үчүн кыйла сезгич приборлор бар. Азыркы кездеги суу астында жүрүүчү атомдук кемелердин замандаштарына бизге капитан Немонун ажайып кемеси техниканың керемети болуп көрүнбөйт. Космостук учуулар жөнүндө да биз Жюль Верндин Замбиректен - Айга деген китебинин каармандарына караганда кыйла көбүрөөк билебиз.

Бирок анын чыгармалары азыр да биздин сүйүктүү китептерибиздин катарында турат. Бул жерде кайрадан жомокко салыштырып түшүнүүгө аракет кылалы. Биз сыйкырчыларга капкачан эле ишенбей калганбыз. Бирок сыйкырдуу жомокторду азыр да жакшы көрүп окуйбуз. Аларды окуп гана жөн болбой, далай кыялдарга батабыз. Албетте, Жюль Верн бизге илимдин чексиз кубаттуулугуна бекем ишенгендиги менен да, өз фантазиясы менен илимий изилдөөлөрдү кууп өтүп, ал тургай аларга багыт бергендиги менен да кымбат (К. Э. Циолковский Жюль Верндин китебин окугандан кийин космоско учуу жөнүндөгү ой пайда болгондугун айткан).

Бирок Жюль Верндин китептеринин негизги баалуулугу - аларда эр жүрөк, зирек, асыл адамдардын, ийгиликтин жеңишине бекем ишенген жана жамандыкты бүткүл жан дүйнөсү менен жек көргөн адамдардын болгондугунда. Мына ошондуктан бүгүнкү күндүн окурмандары, аталары, чоң аталары сыяктуу эле Жюль Верндин каармандары - жалтанбас Гаттерас, шайыр Мишел Ардан, шалакы Паганель кайрымдуу капитан Немо менен бирдикте кайсы жакка болбосун алыскы саякатка чыгууга ар дайым даяр. Жюль Верндин көптөгөн чыгармалары кыргыз тилине да которулган. Жюль Верн кыргызча кылып жазып, дайындап, маалымат издеген: Саулешка карындашыбызга чоң рахмат.

Жайгаштыруу: 2018-03-29, Көрүүлөр: 942, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо