Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жираф (акыра)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жираф (акыра)

Бул жер жүзүндөгү эң бийик жаныбар. Жирафтын бою 6м келип анын жарымы моюнуна туура келет. Ал эми ушул үч метр келген моюнда канча омуртка бар экенин билесиңерби? Алар башкалардыкынан, мисалы, чычкан же иттикинен көп деп ойлорсуңар? Андай эмес. Жирафта да, чычканда да, итте да, кишиде да, деги эле бардык сүт эмүүчүлөрдүкү сыяктуу эле туптуура жети моюн омуртка болот. Болгону жирафта алар узун, созулуңку келет. Бир караганда жираф абдан таң калыштуу жаныбардай сезилет. Күлкү келтирерликтей узун моюнунда кенедей башы, башында тери менен капталган эки мүйүзчөсү бар. Жирафтын арсайган азуусу да, узун тырмагы да жок. Алдыңкы буттары арткы буттарынан узун. Куйругу бир метрдей.

Түсү кара, күрөң, темгилдүү сары. Бирок бардык эле жирафтар ушундай эмес. Мындан жүз жылдай мурун Африка токойлорунан өзгөчө жаныбарды табышкан. Жергиликтүү эл аны окапи деп аташкан. Анын чоңдугу эшектей, ичке жибек жүндүү жалы, ал эми буттарында ак жана кара тилкелери болгон. Окапилер жирафка тектеш экендиги белгилүү болду. Жирафтардын жалпы түпкү теги окапилерге окшош болгон.

Токойдон тамак таап жеш үчүн өзгөчө узун бойдун деле кереги жок. Душмандын жакындап келе жаткандыгын билүү үчүн көздүн курчтугунун да пайдасы аз: дарактардын арасынан анча деле көп нерсе көрө албайсың. Мында кулактын сак болгону көбүрөөк маанилүү. Токойдо күлүктүк деле анча зарыл эмес, негизгиси жашырына жана кубула билүү керек. Ал эми чыныгы жирафтар жашаган саванналарда бардыгы тескерисинче: дарактардын жалбырактары өтө бийик болуп, бул жерде угууга караганда көрүү көбүрөөк керек, ал эми кубулганга караганда тез чуркоо маанилүү. Узун буттарынын жана моюндун жардамы менен бийик дарактын жалбырагын оңой эле жетип жешке болот. Узун буттары менен жырткычтардан качып кутулуу оңой.

Жырткычты өз учурунда байкайт, ушундай бийиктиктен ал алыстан эле көрө алат. Анын темгилдүү түрү дарактын көлөкөсүнө жашынууга жардам берет. Ал эми өзүнүн узун буттары менен ал күлүк аттан кем чуркабайт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 10197, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо