Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жетимишев Сейит

Жетимишев Сейит - жазуучу, Кемин районунун Кичи-Кемин айылында 1936-жылы 15-октябрда туулган.

1953-жылы Кичи-Кемин орто мектебин,

1958-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Ошол эле жылы Кыргызстан ЛКЖС БКнын Фрунзе обкомунда инструктор болуп дайындалган.

1959–1966-жж. радиоуктурууда редактор, Кыргыз КСРинин Министрлер Кеңешинин алдындагы радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде адабият жана жаштар редакциясында редактор,

1967–1971-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакторунун орунбасары,

1971-жылы Кыргызстан КП БКнын кызматкери,

1973-жылы «Кыргызстан» басмасынын директору,

1975–1983-жж. «Чалкан» журналынын башкы редактору,

1987-жылы «Мектеп» басмасынын директору,

1988–1992-жж. «Адабият» басмасынын мүдүрү,

1992–1997-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архивдик башкармалыгынын мүдүрүнүн орунбасары болуп иштеген.

Чыгармачылык жолу 50-жылдары башталып, «Менин атам» аттуу биринчи повесттер жыйнагы 1962-жылы жарык көргөн. Айрым чыгармалары орус жана коңшу республикалардагы элдердин тилдерине которулган.

1966-жылдан КСРБ Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

1967-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар бирлигинин башкармасынын мүчөсү.

В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наам берилген.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен сыйланган.

1994-жылы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коому уюштурган Академик Болот Мураталиевич Юнусалиев атындагы жана 2008-жылы Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин Ассамблеясы уюштурган классик акын Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.

Кыргыз тилинде

Менин атам: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 49 б.

Ички кайрыктар: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Мектсп, 1964. – 95 б.

Мезгил закымдары: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 158 б.

Жаш жазуучулардын аңгемелери. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 268 б.

Too булагы: Роман, повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 464 б.

Эл арасында: Роман. – Ф.: Адабият, 1989. – 432 б.

Эл арасында: Роман.– Б.: Бийиктик, 2006.– 1 том. – 413 б., II том. – 480 б.

Орус тилинде

Облака над ущельями: Повести, рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1977.– 187 с.

Первый урок: Рассказ-быль.– Ф.: Мектеп, 1978. – 44 с.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)