Жети кашка өрүм жана жип

Жети кашка өрүм — жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Чеберлер муну жети тал кайыш менен өрүшөт. «Жети кашка» өрүм менен «беш кашка өрүмдү» «жалпак өрүмдөр» дейбиз. Муну «жети өрүм» деп да аташат. Жип — элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн ийрилип, буюм-тайымдарды тигүүдө, согууда, түйүүдө, эшүүдө, жөрмөөдө, байлоодо, артууда пайдаланылуучу буюм. Муну койдун, төөнүн жүнүнөн ийрүү нарктуу болот. Ал ийрилүү, чыйратылуу, эшилүү аркылуу жүзөгө ашат. Аны менен кийиз шырылат. Андан өрмөк согуп, килем токуп, көчөттөр түшүрүлөт, чий чырмалып, тор буюмдары түйүлөт.

Мунун бош жип чыйратылган жип, челденген жип, эшилген жип, шоона жип өңдүү түрлөрү бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)