Жерге-жээк тууган уруктардын энчилу аталышы

Жерге-жээк, тууган-уруктардын энчилүү аталыштары. Аксакал. Бул - жашы улуурак, акылы жетик, адилеттүү жүрүш-турушу аркылуу алынып, кадыр-баркы башка элдерге да таанылып, сын-келбеттүүлүгү көрүнгөн, ичкч=сырткы касиети таасирдүү адам. Андай акылы тетик адамдарды бий-болуштар, бай-манаптар урматтап, алардан акыл сурашкан, алардын айткандарындай болушкан. "Аксакалы сенселип, br Ак күбө тонду белсенип, br Ак боз ат минип теңсейип". Манаста "Кошой" абабыз мына ущундай сүрөттөлөт. br Карыя."Ак сакалдуу карыяbr, Акылы терен дарыя".(макал)br. Бул - мерчемдүү өмүрүн өтөп ( орто жана пайгамбар жашын), карылык доорду нарктуу алып бара жаткан аталардын сылык аталышы. Карылык – нускоочулук. Жакшы каруу-парз, жаштарга үлгү. Мынаушул жагдайда аркылуу нарктуу карыя аталат. br Карыянын экинчи мааниси-абышка, чал. Кемпири , адатта "абышка" деп чакырат. Омурдошунун карыя дешине караганда мааниси эптүүдөй сезилет."Чал","МОЙСОПЫТ"деп кайрылууга караганда карыя деп айтуу маданияттуулукту тартуулайт. Эркектердин курагына карай бала, тестиер улан, жигит, киши, жашап калган адам, кары деп аташат да, акырында карыяга өтүшөт. br Байбиче."Калк ичинде байбичелер эсенби. br Кант кошконсуп, бал кымызын чайкаган".br (А. Темиров).br Бул-мерчемдүү аялдык, жашамык жаштарын өтөп, өзүн набаттуу кармап келе жаткан энелердин сылык аталышы. Нускалуу карыялыгы - келин-кезектерине, айыл ичиндеги ургачыларга үлгү. Кийинкилер так ушундай карууга таасирленет. Илгери байбиче аялы, байбиче аялынын балдары деген сөздөр айтылчуу. Байбиченин синоними"кемпир", " токол", деп айтылат. Токол - кийинки аялы, салбар аялы - эри чанган, анча көнүл койбогон аялы. Арийне, эрке токолдлр да болгон. Ургачылыр жашына карай секелек кыз, беш көкүл, жубан, колукту, келин, зайып, аял, катын, жашамык тарткан деп аталып жүрүп отурат да, анан бара-бара байбичелердин катарына кошулат. Ата. Уулум деп убайым жеп , баккан атам, br а берет. Алыска мен жол жүрүп бара жатсам. br Колтуктап, сылык кармап камчы берип, br Аткарып аталыктын созүн айткан.(Мидин).br Бул - уул-кыздын өз атасы. Чоң атасы – атасынын атасы. Аталаштар, урукташтар, атасы курактуулар тууган ичинде урмат – сый катары татбыз, аталарыбыз, чон ата, чон аталарыбыз болуп айтыла берет."Атанын баласы ","Ата сөзү – ар намыс" өндүү салмактуу сөздөр бар. Ата - үй ээси , түтүн башчысы. Атанын айтканы балдарына мыйзам, ар дайым накыл, үй – бүлөөгө ыйыктай сезилет. ЭНЕ. Апа деп оозго кирер эн биринчи, br Балага чулдур-чулдур тили кирсе, br Апа деп оозго кирер эн биринчиbr Жигитке душман огу жанып кетсе.(Мидин).br Бул-уул - кызды төрөгөн энеси. Чон эне – эненин кайын энеси. Аталаштардын бир уруктун байбичелери эне, апа, чон эне болуп айтылат. Деле ызаат, урмат катары улууларды – байбичелерди карыяларды, ата-эне, эже – байке, аба өндүү элибиздин эчактан келе жаткан наркы-салты болуп саналат. br "Ата - аска тоо, эне-чалкыган көл".br(макал) Ага. Бул-улуусу, ини-кичүүсү. Ал эми аялдарда улуусу-эже, кичүүсү-синди деп айтылат. Ушундан улам аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп синди өсөт деген макал калган. br Жезде."Кагылайын эжеке, картан туура жездеке".Бул - кайнилеринин, балдыздарынын эжесинин эрин атоосу. Тай жезде. Бул - кайын эжесинин эрин br, жээн-синдилеринин атоосу. Жээн." Жээн эл болблйт, желке тон болбойт."Бул - кыздын баласы. Макалдын төркүнү жээндин эли – жери башка, баары бир элин-жерин таап кетет деген маанини берет. Тайэне-уул - кыздын апасынын энеси. Эненин төркүндөрүнүн улууларын байбичелерин жээндери жалпысынан ызааттап, тайэне деп чакырышат. Аяш ата - эки достун аталары бири – бирине аяш ата, энелери аяш эне, аяш апа аталышат. br Окүл атам өз атам, өлүп кетсин кайнатам. Бул - колуктунун никеси кыйылгандан кийин ага калыс ич ара ырым санашкан адамдардан шайланган адам. Ал колуктуну өз кызындай көрүп каттоо уланат. br

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)