Жер уюлдары

Төмөнкүдөй маселени карап көрөлү: төрт дубалы тең түштүккө караган үй салууга болобу? Болбойт! - деп айтууга ашыкпагыла. Ойлонуп көргүлө. Жер - шар түрүндө экенин жакшы билесиңер. Эгер дал түндүккө багыт алып жүрүп отуруп, Түндүк уюлга жетип, кайра тартсак ал жерден башталган жолдун баары түштүккө алып барарын байкайбыз. Демек түндүк уюлга салынган үйдүн бардык терезелери түштүктү карайт экен, анткени ал жерде башка багыт жок. Орус жана көптөгөн Европа тилдеринде уюлду полюс деп аташат.

Полюс - грек сөзү, ал - ок, өзөк дегенди түшүндүрөт. Жер өзүнүн түндүк жана түштүк уюлдары аркылуу өтөт деп элестетилген огунда айланат. Ал эми уюлдар жер менен бирге күндүн айланасында айланарын эсепке албаганда кыймылсыз болот. Глобусту колуңарга алып, үстүндө лампа күйүп турган столду айланып чыккылачы. Бул айланып чыгууда глобусту да жай тегереткиле. Эгер столду айланып чыкканча глобусту 365 жолу айлантып үлгүрсөңөр, жер шарынын кыймылынын кыйла так моделин түзгөн болосуңар. Ал эми ошол эле мезгилде глобустун ар түрдүү бөлүктөрүндө жарык менен көлөкөнүн кандайча өзгөргөндүгүнө да көз салсаңар, күн менен түндүн кандайча алмашарын, эмне үчүн жайкы күнгө караганда кышкы күндүн кыска болорун түшүнөсүңөр, түндүк жана түштүк уюлдарда күн менен түн туура жарым жылга созуларын да көрөсүңөр. Албетте, буларды байкоо үчүн жылды 365 суткадан түзүүнүн да кереги жок. Глобусту жылына 4-5 жолу тегеретүү менен бардык негизги кубулуштарды көрүүгө болот.

Эми ой жүгүртүп көргүлөчү: эмне үчүн жер уюлдарында ар дайым суук болуп турат? Жанагы моделинерге кайрадан назар салгыла: лампа - күн уюлдарда эч качан горизонттон өйдө көтөрүлө албайт, ошондуктан уюлдарды начар жылытат. Бирок түндүк жана түштүк уюлдар - жердеги эң суук жерлер экен деп бүтүм чыгарууга шашылбагыла. Тигил же бул аймактын климаты күн нурунун кыйгач түшүүсүнө гана жараша болбойт. Мында деңиздин алыс-жакындыгы, шамал, булут каптоо да чоң роль ойнойт.

Ошондуктан дүйнөдөгү эң суук жерлер - географиялык уюлдар эмес, суук уюлдары деп аталган жерлер болот. Якутиядагы Оймякон жана Антарктидадагы Восток илимий станциясына жакын аймак суук уюлдары болуп эсептелет. Бул жерлерде аяз минус 88 градуска чейин жетет. Жер бетинде дагы эки өзгөчө орун бар. Ал жерлерде компастын магнит жебеси дүйнөнүн кайсы жагы кайда экенин көрсөтө албай калат. Анткени жер өзү магнит, ошондуктан бардык магнит сыяктуу эле анын да уюлдары болот. Ушул магнит уюлдарына жакын жерлерде компастын - жебеси туш келди жакка термеле токтобой калат, карап турсаң - түндүк уюлга келип, түндүк багытты таба албай эки жакка элеңдеп туруп калган адамды элестетет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)