Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жер кепеде өткөн күн ыры жөнүндө

Баш барак | Адабият | Жер кепеде өткөн күн ыры жөнүндө
Ка
лык Акиевдин "Жер кепеде өткөн күн" деген ырында чыныгы турмуштук окуя жазылган. Ырда Калыктын атасы Акынын оор турмушу баяндалган. Ошол мезгилде бай-манаптар уруу-уруу болуп бөлүнүп, өз ара чабышып турушкан экен. Женилген жак жеңгендерге өлгөндөр үчүн кун төлөп турушкан. Кунду ошол айылдагы бардык эл төлөшчү. Калыктын атасы Акыга да он эки жылкы төлө дешет. Акы кун төлөш үчүн уюн, атын, үйүн берсе да, салыктан кутулбайт. Үйү жок калып, балдары менен жөө-жалаң, түндөп качып жөнөйт. Акыры качып отуруп Кетмен-Төбөгө келет да, жер кепеде жашайт. Акы уста киши болгон экен. Боз үйдүн жыгачын чаап, акысына бир ат алып, балдарын багууга аракеттенет. Жалгыз аты бир күнү музда жардан учуп өлөт экен. Ата-энеси аты өлгөнгө күйүнсө, кичинекей ачка балдары аттын этин жейбиз деп сүйүнүшүптүр. Ал кезде жалпы эле кедейлер оор турмушта жашашкан. Акындын бул ыры ошол кездеги жалпы эле кедей адамдардын көргөн кыйынчылык, оор турмушун баяндаган чыгарма.

Жер кепеде өткөн күн
(Эски турмуштан)
Жалоондой мерген азамат,
Жалгыз уйлуу, жалгыз ат.
Өзүнүн кылган кесиби,
Мергенчилик насиби.
Кийик-куштан башкага,
Тийген эмес жазыгы.
Тирүү туруп көрүүгө,
Тиши бычак бөрүгө.
Кузгун, жору, шум түлкү,
Тарп талоочу көбүнө.
Уюн атын талатып,
Үйү-жайын баалатып,
Өлүм санда, тирүү эмес,
Өмүр жашын санатып,
Асынганы бир мылтык,
Чокою чарык, шым жыртык.
Элден журттан уялып,
Эки этегин бек кымтып,
Арманын айтып буркурап,
Аялы кошо зыркырап.
Эки жашар баласы,
Кошулуп ыйлап зыркырап...
Өмүрлөшүм сен элең!
Кадыр-көңүл калбаган.
Аташканым алганым,
Арылгыс болду арманым.
Жүрөгүмө жык толду,
Жайылып эски зардабым.
Алса мейли дейт элем,
Атым менен уюмду.
Аман койсо болду эле,
Кара алачык үйүмдү.
Кайдан таап беремин,
Кашкулак менен суурча,
Каза албасам ийинди.
Ачка жатып айылсыз,
Талаага түнөп дайынсыз.
Дайра кечип, тоо ашып,
Дал он беш күн жол басып.
Асынганы бир мылтык,
Көтөргөнү бир бала,
Талкан сурап ар кимден,
Башына түштү көп санаа.
Барганы тааныш эл эмес,
Анык болду думана...
Кирерине үйү жок,
Саарына ую жок.
Жардам кылар даны жок,
Жатар жайы дагы жок.
Боз кыроо болгон күзгө жуук,
Кыргый келген күнү суук.
Кыштоосуна эл конду,
Жердин бети тоң болду.
Жер тоңсо да бир кепе,
Казайын деп ойлоду.
Карагайлуу өтөккө,
Казып кирди жер кепе.
Терезе жок, тешик бар,
Каалга жок, эшик бар.
Шамал айдап шаштырып,
Кепеге толот жааган кар.
Кереге эмес чечерге,
Кепеси менен курусун,
Үй эмес жүктөп кетерге.
Алы келбейт мергендин,
Алачык үйгө жетерге,
Чээнге кирген аюудай,
Үч жыл турду кепеде.
Мергендикке ишенип,
Ок сунат эчки, текеге.
Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 3127, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо