Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Женижок омур баяны

Баш барак | Биографиялар | Женижок омур баяны

Женижок омур баяны"Женижок омур баяны". Өтө Көкө уулу Таластагы Сарыкөбөк деген жерде 1860-жылы Көкө деген кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Өтө бой жете алек кезинде атасы дүйнөдөн кайтып, иниси Болотой менен жетим калат. Ар кимдин колунда жалданып иштөөгө аргасыз болуп, ооруга чалдыгат. Жугуштуу ала менен ооруган Өтө Ташкара байдын көзүнө чалдыгып, каарына калат. Көпкөн Ташкара жигиттерин чакырып: Тетиги бала ала менен ооруган неме экен. муну айылга эмне жолотосунар? Оорусу жугат. Бир жетимден эл көбөйбөйт да, азайбайт.

Алып барып Карабууранын суусуна салып жибергиле! - деп буйрат. Ташкаранын жигиттери анын өмүрүн кыюуга диттери барбай, кой айдаган соодагерлерге кошуп, Аксыдагы таякелерине качырып жиберет. Таякелеринин колунда жүрүп оорусунан айыгат, Айыке аттуу таякеси айылга жалданып келген өзбек молдолорунан окутуп, арабча кат таанытат. Өтө жаштайынан ырчы болууну эңсеп, кайсы айылга комузчу, акын, манасчы келсе, ошолордун жанынан чыкпай, онтою келгенде ырдай коюп, оозго илине баштайт. "Женижок омур баяны" ушинтип атак-даңкка толо баштайт.

Бир жолу жаш Өтөнүн турмушунда бир окуя болот. Ал Нурмолдо ырчы менен беттешип, анын шаштысын кетирет. Эки жеңи карысынан жок кемсел кийген жаш жигиттин төгүп ырдаганына эл таң калат. Ошондон баштап Өтө Жеңижок атыгып кетет. Ак таңдай ырчы катары элге тааныла баштайт. Жеңижок тарбиялык мааниси терең, уккан элдин акылына уюй турган кептерди сыпаттап айткан чоң нускоочу акын, калк алдында бетме-бет чыга келгенде эч кимден жеңилбеген айтыштын устасы, Манас, Семетей, Кожожаш, Эр Төштүк өңдүү элдик жомокторду күндөп-түндөп айткан жомокчу, баштаганда эле оозунан ыр куюлган төкмө, өз заманында окуй да, жаза да билген билимдүү, түшүнүктүү адам болгон.

Жеңижоктун башка көп ырчылардан айырмаланып аалам, жер, суу, адам баласынын бул турмуштагы орду, милдети, табият менен катышы жөнүндө терең ой жүгүртүү менен ырдаганы анын өз алдынча билимдүү, ойчул акын болгонун айгинелейт. Жеңижоктун ырлары ар кыл. Биринде дүйнө, аалам, турмуш тууралуу терең ой жүгүртсө, башкаларында туура жүрүм-турум жөнүндө, адамгерчилик, адилдик жөнүндө насаат айтат. Жеңижок Токтогулдун замандашы, жакын кишиси болгон. Ал Токтогул, башка акындар менен көп жолу айтышка түшкөн. Жеңижоктун чыгармалары элестүүлүгү, табият көрүнүштөрү өтө жогору чеберчиликте берилгендиги менен айырмаланат. "Женижок омур баяны" ушундай достор, маалымат аз болсо төмөндө кошумча шилтемелерди берип койдук.

Жайгаштыруу: 2018-04-24, Көрүүлөр: 68946, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-05-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу