Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Жеңил атлетика

Жеңил атлетика — спорттун негизги түрү. Ага түрдүү аралыкка басуу, чуркоо, бийиктикке жана узундукка секирүү, ыргытуу жана башка кирет. Ж. а. менен машыгуу булчуңдарды өстүрөт, жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана нерв системасын, таяныч-кыймыл аппаратын бекемдейт, зат алмашууну жогорулатат, организмди чыңдайт. Ж. а. менен машыгуу көбүнчө ачык жерде таза абада өткөрүлгөндүктөн анын ден соолукту чыңдоого артыкчылыгы бар. Азыркы кездеги Ж. а. спорту беш бөлүмдөн: жөө басуу, жүгүрүү, секирүү, ыргытуу жана жеңил атлетиканын көп түрүнөн турат. Жөө басуу Ж. а. спортунда стадиондун шарттарында 3 — 50 км ге, ал эми шосседе 20—50 км аралыктарга уюштурулат. Кээде белгиленген убакытка басуу да кеңири колдонулат.

Мисалы, бир сааттык, эки сааттык жөө басуу боюнча да жарыштар өткөрүлүп турат. Жүгүрүү — Ж. а. спортунун өзөгүн түзгөн эң эле бай түрү. Жүгүрүү кыска (60— 200 м), орто (800—1500 м), алыс (3 —10 км) жана өтө алыс (20— 30 км, марафондук 42 км 195 м) аралыктарга уюштурулат. Жүгүрүүнүн өзгөчө мелдеш түрү катары кросс колдонулат. Тоскоолдуктар аркылуу жүгүрүү же эстафеталык жүгүрүү Ж. а-нын спорттук түрлөрүнүн бири болуп саналат.

Секирүү, ыргытуу, түртүү көнүгүүлөрү чуркоого, басууга караганда дем алуу жана кан айланууга азыраак таасир этет. Бирок бул ылдамдыкты жана күчтү талап кылган көнүгүүлөр тез, ийкемдүү, так кыймылдарды өнүктүрөт. Ар тараптан өсүү үчүн Ж. а-нын бир нече түрү менен машыгуу (айрыкча балдар) талапка ылайык. Алардын бири Ж. а. спортунун бир түрү катары белгилүү. Ж. а-нын көп түрү өз кучагына алган көнүгүүлөрдүн санына жараша үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз жана он түргө айырмаланат.

Аялдар жана балдар үчүн чуркоо аралыктары азыраак, ыргытуучу, түртүүчү снаряддар жеңилирээк болот. Мындай татаал программадагы мелдештер спортсмендерден ар тараптуу даярдыктарды талап кылат. Балдардын Ж. а. менен машыгуусу 11 —12 жашынан акырындык менен чуркоодон (кыска аралыктарга) башталат. Мелдештерге катышууга 1 жана 1,5 жыл такай машыгуулардан кийин уруксат берилет. Ж. а. менен машыгуудан мурун сөзсүз врачтын текшерүүсүнөн өтүү керек.

Ар кандай кырсыктардын алдын алууда көнүгүүнү туура аткаруу, кийимдин, бут кийимдердин туура тандалышы, чуркоо, секирүү жана башка үчүн жолдор, аянттар, спорттук атайын шаймандар менен камсыз кылуу чоң мааниге ээ.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)