Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жемиштер

Жапайы, эгилме, бадал жана чөп өсүмдүктөрдүн жемиштеринин даамы жакшы, тамак сиңирүүнү жакшыртуучу витамин, клетчатка, кант, орг. кислота жана пектин заттарына бай. Ичегидеги чиринди заттарды бөлүп чыгарууга жардам берүүчү пектин заты дан куурайда 0,5 — 0,9%, бүлдүркөндө 0,4—1,6%, карагатта 0,2—0,8% болот. Ж-деги клетчатка тамак сиңирүү органынын мотордук жана секрет иштеп чыгуу функциясына таасир этип, организмден ашык холестериндин бөлүнүшүнө жардам берет. Орг. кислоталардан алма кислотасы бардык Ж-де болот; клюквада — лимон кислотасы, жүзүмдө — шарап кислотасы, бензой кислотасы брусникада, клюквада көп кезигет. Ж-де танин менен катехин бар. Танин ичеги былжыр челинин сезгенишине каршы таасир тийгизет. Катехин Р витамининин касиетине ээ. С витамини менен бирге кан тамырлардын капталынын бышыктыгын арттырат. Ж-дин составында суу көп болгондуктан тез бузулат. Ж-ди сактоодо (кыям, компот, кургатылган Ж.) составындагы биологиялык баалуу заттар, өзгөчө витаминдер азаят. Ж-ди тез тоңдуруу, кургатуу менен баалуу касиеттерин көбүрөөк сактоого болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)