Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Жеке сактануу каражаттары

Жеке сактануу каражаттары — өндүрүш факторлорунун коркунучтуу ж-а зыяндуу таасирин азайтуу же андан сактануу үчүн иштегендер колдонуучу атайын кийим же түрдүү буюмдар. Партиянын белгилеген программасын иш жүзүнө ашырууда, мындан ары да эмгек шартын жакшыртууда жумушчу м-н кызматчыларды Ж. с. Шилтеме: м-н камсыз кылуу маанилүү роль ойнойт. СССРде Ж. с. к-н даярдоого ж-а аны алууга бөлүнгөн каражат, материалдык фойд жылдан жылга көбөйүүдө. Ж. с. Шилтеме: колдонушуна жараша бир нече топко бөлүнөт: изоляциялоочу костюмдар (пневмокостюм, гидроизоляциялагыч костюм, скафандр), дем алуу органдарын коргоочу каражаттар (противогаз, респираторлор жана башкалар), атайын кийим (комбинезон, куртка, шым, костюм, плащ жана башкалар), атайын бут кийим, өтүк, ботинка, боты жана башкалар; адамдын колун (кол кап), башын (каска, шлём, баш кийим), бетин (маска, калканч), угуу органдарын (чууга каршы шлём жана башкалар), көзүн (көз айнек) коргоочу каражаттар жана башкалар Ж. с. к-н колдонуу милдеттүү түрдө техника коопсуздугунун эрежелерин сактоо м-н колдонулат. Ж. с. Шилтеме: граждандык коргонууда калкты анын организмине, кийимине радиоактивдүү, ууландыруучу заттардын, бактериялык каражаттардын түшүүсүнөн коргоого багытталган. Алар дем алуу органдарын жана тери катмарларын коргоочу болуп бөлүнөт. Дем алуу органдарын коргоочу каражаттарга противогаз, респираторлор, чаңга каршы кездеме маскасы, кебез - даки байлагычы жана башка кирет. Тери катмарларын коргоочу каражаттар изоляциялоочу жана чыпкалоочу болуп бөлүнөт. Ж. с. к-н тандаганда баарынан мурда кайсы факторлорго каршы пайдалана тургандыгын билип, анын денеге ылайыктуусуна жана жарактуусуна көз салуу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)