Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жеке гигиена

Баш барак | Медицина | Жеке гигиена

Гигиена өзүнчө илим сыяктуу адам жашоосунун көптөгөн тармактарында чогу жүрөт, ошондуктан "жеке гигиена" жөнүндө бир-эки ооз учкай айта кетели. Гигиена деген сөз грек сөзүнүн hygienos деген сөзүнөн келип, ден-соолук алып келүүчү дегенди түшүндүрөт. Гигиена жөнүндө аныктамалар абдан көп, бирок дээрлик бардыгы бир нерсени түшүндүрөт: гигиена бул адам баласынын ден-соолугун чындоо жана сактоо илими десек туура болот.

Гигиена өзүнө көптөгөн бөлүмдөрдү камтыйт: тамактануу гигиенасы, балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы, эмгек гигиенасы, спорт гигиенасы, жеке гигиена, коммуналдык гигиена, айлана-чөйрө гигиенасы, аскер гигиенасы, медицина гигиенасы жана башкалар.

"Жеке гигиена" - адамдын күнүмдүк турмушундагы жана өндүрүштөгү өзүн алып жүрүү эрежелери. Жалпак тил менен айтканда - гигиена бул адамдын денесин, кийген кийимин жана колдонуучу ар кандай буюмдарын таза, тыкан абалда кармоо. Гигиена эрежелеринин талаптарын бузуу же кармабоо бул адамдын жана анын жанындагы адамдардын, ал гана эмес чоң топтогу (коллектив, үй-бүлө, ар кандай коом, айыл, аймак дегендей) адамдардын ден-соолугуна зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.

Макала мазмуну
1.Дене гигиенасы
2.Чач-баш гигиенасы
3.Ооз көңдөйүнүн гигиенасы
4.Кийим жана бут кийим гигиенасы
5.Жууркан-шейшеп гигиенасы
6.Кортунду

Жеке гигиена эрежелери

Дене гигиенасы

Адам териси аны айлана-чөйрөнүн көптөгөн таасирлеринен сактайт. Терини таза кармоо абдан маанилүү, анткени, коргоо функциясынан тышкары ал төмөнкүдөй функцияларды жасайт: терператураны жөнгө салуу, зат алмашуу, иммундук, секреттик, рецептордук, дем алуу жана ушу сыяктуу функциялар. Күн сайын жылуу суу менен жуунууга аракет кылыңыз. Суунун температурасы 37-38 градус болсо жакшы, башкача айткандай дене температурасынын кичине өйдөрөөк. Адамдын териси аркылуу жумасына 300 граммга чейин майлар, тер менен 7литрге чейин суу бөлүнүп чыгат. Теринин коргоо функцияларынын бузулуп калбоосу үчүн бөлүнүп чыккандарды дайыма жууп туруу керек. Антпесе, териде оору алып келүүчү микробтордун, грибоктордун жана башка зыяндуу миркроорганизмдердин көбөйүүсүнө ылайыктуу шарт түзүлөт. Мочалканы жумасына бир жолу колдонуп жуунуу керек. Колду жана тырмактарды таза кармоо керек. Теринин ачык жерлери өтө тез кирдейт. микробторго бай болгон кир кол аркылуу тамак менен оңой эле оозго кирип кетет. Мисал катары айта кетсек, дизентерия оорусун кир кол оорусу деп айтышат. Колду тамактануу алдында жана тамактангандан кийин, ар кандай үй жана жапайы жаныбардарды кармалагандан кийин, дааратканага бараардан мурда жана сөзсүз түрдө дааратканадан кийин самындап, жакшылап жууш керек. Эгер жолдо баражатсаңыз ным салфетка менен сүртүп, кичине болсо да тазалаганга аракет кылуу зарыл. Бутту дагы күн сайын муздак суу менен самындап жууш керек, муздак суу тердин чыгышын азайтат. Колдун дагы, буттун дагы тырмактарын дайыма кыркып кыска кармоо шарт, эгер маникюр болсо анда тырмактын астын күн сайын тазалап туруу жакшы.

Чач гигиенасы

Баш теринин жана чачтын туура камкордугу туз бездеринин нормалдуу болушун камсыз кылат, кан айланууну, зат алмашууну жакшыртат. Ошондуктан чачты, деги эле башты жууп-тазалоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоо абзель. Башты кирдегенине жараша жууп туруш керек. Канча жолуу жууш керектигин айтуу оорураак. Башты жуунун жыштыгы көптөгөн факторлордон көз каранды: чачтын узундугунан, чачтын жана баш теринин түрүнөн, адамдын иштеген жеринен, жыл мезгилинен ж. б. Кышында шартка ылайык башты көбүрөөк жууш керек, анткени баш кийим баштын дем алуусуна тоскоолдук жаратып, баш көбүрөөк тердейт. Чачты ысык суу менен жуубаш керек, антпесе чач майлуу болуп кетет, анткени ысык суу бездердин тез иштөөсүнө алып келет. Андан тышкары мындай суу самындын же шампундун чачта оңой менен кетпеген боз карт болуусуна алып келет. Чачты тароодо башка бирөөнүн тарагын колдонуу болбойт.

Ооз көңдөйүнүн гигиенасы

Ооз көңдөйүнө туура кам көрүү тиштердин жакшы абалда көп жылдарга сакталуусуна өбөлгө түзөт, ошондой эле ички органдардын көптөгөн ооруларын алдын алууга жардамчы. Тишти күн сайын эртең менен жана кечинде жууп-тазалоо керек. Тарактай эле башка адамдын тиш щеткасын колдонуу болбойт. Тамактануудан кийин дайыма оозду суу менен чайкап коюуу жакшы. "Жеке гигиена" дегендин өзү эле айтып тургандай жеке өзүбүздүн тазалыгыбызды карабасак оору каптап, ооруканадан башыбыз чыкпай калат.

Кийимдин жана бут кийим гигиенасы

Жеке гигиенадагы маанилүү ролду кийимдин гигиенасы дагы камтыйт. Кийим адам баласын ар кандай механикалык, химиялык зыяндардан, төмөнкү температурадан, курт-кумурскалардан жана ар кандай чаң-кирлерден сактайт. Кийимдерди бат-бат жууп туруу зарыл, антпесе ал жакта дагы ар кандай микробтор көбөйүп адамдын ооруларга чалдыгуусуна алып келет. Ич-кийимди жуунгандан кийин дайыма алмаштыруу зарыл. Башка бирөөнүн кийимин же чокоюн кийүү болбойт. Чокойду дайыма тазалап-щеткалап туруу керек. Үйгө келгенде чокойдун ичин күндү каратып коюуу жакшы, суу чокойду сөзсүз жууп анан кургатып кийүү керек.

Жууркан-шейшеп гигиенасы

Ар бир адамдын өзүнүн жуурканы, өзүнүн сүлгүсү болуусу шарт. Шейшептерди жума сайын алмаштырып туруу керек. Уктоочу бөлмөнү таза кармап, таза аба киргизип, шамалдатып туруу керек. Үй-жаныбарларын тошокко алып жатуу санитардык жактан туура эмес жана коркунучтуу.

Кортунду

Жеке гигиена боюнча болгон эрежелерди так кармансаңыз ден-соолугуңуз сак, көңүлүңүз ачык болот, эң башкысы оору-сыркоодон алыс болобуз. Ден-соолук бул баа жеткис байлык. Аны сактоого аракет кылуу ар бир адамдын милдети. "Жеке гигиена" боюнча болгон жалпы эрежелер ушундай, эгер Сиздерде кошумча маалыматтар болсо пикир жазуу формасын толтуруп, пикириңизди калтырып кетсеңиз болот. Жеке гигиена жонундо маалымат аз болсо да жазгыла, кыскасы ушундай. Кыргызча дайынданган Сагындыков Б. "Гигиена" аттуу жыйнакты дагы карап көрүңүз.

Жайгаштыруу: 2018-04-02, Көрүүлөр: 26730, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-02
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу