Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жейрен

Жейрен (Gazella subgutturoza), (Guldenstaedt, 1780):

Өткөн кылымдын 30-чу жылдарына чейин Ысыккөлдүн түндүк жээгинде, анын түштүк-батыш чөлдүү жерлери жана Ортотокой районунда кездешүүчү . 70- жылдары Ысыккөлдүн түштүк-батыш жагында гана сакталып калган, анда бирин-серин эле болгон . Азыркы убактарда ошол райондордо жейрендин сакталганы жөнүндө эч маалымат жок . 1968-жылы Кыргызстандын түштүк-батыш тарабында Күнгөй тоолорунда жана Ош областынын Лейлек районунда болгону аныкталган. 1975-жылы ушул эле жерлерде 100 особго жакын болгону белгилүү . Жейрендин тагдыры белгисиз. Республикадан сырткары жейрен Орто Азия жана Казакстанда, Чыгыш Кавказ сыртындагы чөлдөрдө, Иран, Афганстан, Пакистан, Кытай жана Монголияда таралган .

Жейрендин саны жөнүндө сөз кылуу кыйын, себеби болсо да бирин-серин же он чактыга жетпейт. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Кыргызстандын шартында жейрендин биологиясы толук изилденген эмес. Шагылдуу жана чополуу өсүмдүктөрү сейрек келген чөлдөрдө таралган. Түздүү же дөбөлүү ачык мейкиндикти каалайт . Суу жээктен же суулар аз болгонуна карабастан жээктерге жакын болушат. Төмөн жакка чогулган жаандын жана кардын суулары менен каныгышат. Жашоо тиричилиги отуруктуу түрдө өтөт . Эртең менен жана кечинде оттошот. Жейрендер өтө сак, көздөрү курч жана сак кулак. Казакстанда жейрендин тууту ноябрң-декабрда өтөт . Эркектери 2-5 ургаачылары менен топту түзүп, бөлөк особдорду жолотпойт . Жейрен 5,5-6 айга жакын көтөрүп апрелдин аягынан тартып июлдун башталышына чейин тууй баштайт, бирок негизинен майдын экинчи жарымынан тартып ургаачысы 1-2 же чанда эле 3-4 тууйт . Жейрен 3 айга жакын, кечирээк туулганын күзгө чейин эмизет .

Санынын өзгөрүлүшүнүн себептери-браконңерлик. Түргө жагымдуу жерлерди чарбага же жайытка гана пайдаланылышы. Жырткычтардын таасири, адамдын куугунтугу, жерлерин жайытка пайдалануу.

Зоопарктарда жана питомниктерде жакшы төлдөшөт.

ЖКЭБдин Кызыл китебине, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген. Өзгөчө жейренди коргоого Ысыккөл аймагында өтө көңүл бурулган жана Кыргызстандын түштүгүндө Түркстан кыркаларынын урчуктарында.

Браконңерлер менен күрөш жүргүзүү, жейрендин жашаган жерлерине малды жайууга тыйуу салуу. Мурунку жайылган жерлерине коө берүү максатына ылайык жаныбарды колго багып көбөйтүүсүн уюштуруу. Бул жерлерге катуу тартип коюп, заказниктерди уюштуруу. Кийин жейрендин биологиясын, колдо көбөйүшүн өзгөчөлүктөрүн жана чектелүү жерлерге, ал тургай антропогендик ландшафтка анын ыңгайланышын изилдөө. Ача туяктуулар сымалдар – Artiodactyla – ПАРНОКОПЫТНЫЕ

3 категория, Critically Endangered, CR: R, C1 Жоголуп бара жаткан түр же Кыргызстандын территориясында такыр эле жоголуп кеткен. Кыргызстанда, Орто Азия жана Казакстанда уруунун бир гана түрү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)