Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жээренче чечен

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жээренче чечен

Жээренче чечендин тарыхта болгон-болбогондугу белгисиз. Бул тууралуу эч кандай тарыхый дарек жок. Ал мүмкүн чындыгында эле болгон адамдыр. Уламыш аңгемелерге караганда Жээренче чечен 14-15-кылымда Жаныбек кандын тушунда жашаган. Албетте, бул көркөм кейипкердин жаралышы үчүн кандайдыр бир адам, анын кулк-мүнөзү негиз, уютку, башталма болгондугу шексиз. Бирок ага эл өз кыялынан жаңы сапаттарды кошуп, өтө акылдуу, тапкыч, сөзмөр адам катары көрсөтүшкөн, анын окуяларын, айткан сөздөрүн ойлоп чыгарышкан. Мына алардын бири: Бир чоң жыйында Жээренче чечендин уулу Төлө мактанып калды: - Бир кийикти атсам арткы туягынын учу менен кулагынын учун чырпып өттү!

Уккан эл шылдың кылып күлүп калышты (өзүңөр күбө болгулачы, аткан ок кантип туягы менен кулагына бирдей тийсин). Ошондо Жээренче чечен дароо: - Балам ай, ал кийик туягы менен кулагын кашып турганда аткан экенсиң да, - дей салды. Күлүп жаткан эл тып басылды. Чын эле ошондой болушу мүмкүн да. Ошентип, Жээренче чечен өзүнүн ашкере мактанчаак уулун да, өзүн да эл алдында уят болуудан тапкычтык менен куткарып кетти. Адатта Жээренче чечен тапкычтыгы, айлакердиги менен ээнбаш зулум канды, анын жигиттерин сөзгө жыгат. Мында ага анын өзүнөн артык акылдуу келини Акылкарачач жардам берет. Акылкарачач кайын атасы Жээренче чеченди Жаныбек хан алыска айдатып жибергенде да анын opдун жоктотпой, сөзгө чоркок, ала көөдөн канды далай жолу сөзгө сындырат, эл алдында уят кылат.

Эл өзүнүн сүйгөн каармандары Жээренче чечен жана Акылкарачач аркылуу зулум кан, байларды келеке кылууну көздөгөн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2310, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу