Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жээнбаев Жаныбек

Баш барак | Биографиялар | Жээнбаев Жаныбек
Жээнбаев ЖаныбекЖээнбаев Жаныбек 1931-жылы Туп районуна караштуу Курмонту айылында туулган. Физик, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан Илимдер Академиясынын академиги. Кыргыз Республикасынын илим ошондой эле техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Жаныбек Жээнбаев 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бутургон.



1960-1969-жылдары Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын физика - математика институтунда газ разряддар физикасы лабораториясынын башчысы, 1969-1970-жылдары директордун илим боюнча орун басары, 1976-жылдан институттун директору жана атомдук спектроскопия лабораториясынын башчысы. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын УИАсынын вице президенти жана президенти болуп эмгектенген. Жээнбаевдин негизги илимий изилдоолору атом спектроскопиясы менен плазма физикасына арналган.



Анын жетекчилиги менен Кыргызстанда биринчи жолу томонку температуралуу плазма генератору тузулуп, бир жана эки агымдуу плазматрондор, плазма диагнозун коюу методдору, спектроскопия жолу менен анализдоо иш жузундо колдонулууда. Жээнбаев 200дон ашык илимий эмгектин, анын ичинен 20 ойлоп чыгаруунун, 6 монографиянын автору. Кыргызстан Улуттук Илимдер Академиясынын Физика-математика институтунда газ разряддар физикасы лабораториясын уюштурган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1578, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу