Жазаны өтөөдөн бошотуу – жазаны андан ары өтөөдөн куткаруу тартибинин жана шарттарынын негиздери алдынала каралган кылмыш-жаза, жазык-процесстик жана жазык-аткаруу укуктарынын институту. Андай негиздер өз кучагына төмөндөгүлөрдү камтыйт: соттун өкүмү боюнча белгиленген жаза мөөнөтүн өтөө, соттолгондун оңолгондугун же оңолуунун белгилүү бир деңгээлине жеткенин күбөлөөчү жагдайлар, соттолгондун жазаны андан ары өтөөсүнө тоскоолдук кылуучу өнөкөт акыл-эс оорусуна же башка катуу ооруга чалдыгуусу, иштин токтотулгандыгына байланыштуу жаза мөөнөтүнүн жоюлуусуна, же болбосо аны шарттуу жаза мөөнөтүн өтөө менен алмаштырууга же жазаны өтөгөн мөөнөттүн чегине чейин кыскартылышына ж. б. алып келген соттун өкүмүн белгиленген тартипте кайра карап чыгуу.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер