Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жатындан кан агуу

Жатындан кан агуу түрдүү гинекологиялык ооруларда (жатындын шишиги, жатын кошумчасынын өнөкөт сезгенүүсү), бойдон козголгондо, ошондой эле жалпы организмдин кээ бир ооруларында (кан уюунун бузулуусу менен коштолгон кан оорусу) болот. Жатындан кан көп жана аз (бир аз булгаган) агышы мүмкүн. Кан көп келгенде өмүргө коркунуч туудурат. Мындай учурда тезинен медициналык жардам чакыруу керек. Ж. Шилтеме: а. айрым убакта этек кир келген убакытка туура келип (Шилтеме: Этек кир цикли) калышы мүмкүн. Бирок эң көп жана уюган кан түрүндө келет. Кээде кан анча көп кетпегени менен узакка (10—12 күнгө чейин) созулуп, этек кир аралыгындагы убакыт кыскарат же баш аламан беймаал келет.

Кээде бойго бүтпөй эле этек кир кечиккенде да кан көп кетет. Мындай кан агуу жатындын функциясынын бузулушуна байланыштуу болуп, жыныстык жетилүү жана климакс мезгилинде болот. Ж. Шилтеме: а-нун себебин өз убагында (эрте) табуу аны туура дарылоого мүмкүндүк берет. Эгерде этек кир токтогондон бир нече жылдан кийин кан келсе тезинен врачка кайрылуу керек. Жыныстык жетилүү мезгилинде кыздардын ден соолугуна көңүл буруп, этек кир жөнүндө түшүндүрүп, кан келгенин уялбай энесине билдирүүсүн түшүндүрүү зарыл.

Ошондо гана этек кир циклинде болгон патологиялык өзгөрүүлөрдү өз убагында врачка билгизүүгө болот. Жатындан тышкары бойго бүтүү — түйүлдүктүн даатындын сыртында өөрчүшү. Ага аялдардын жыныс органдарынын, көбүнчө жатын түтүгүнүн (Шилтеме: Жыныс органдары) сезгенүү оорулары себеп болот. Сезгенүүнүн натыйжасында жатын түтүгүнүн өзгөрүүлөрү (жабышып, ийилип калышы жана башка) уруктанган энелик клетканын жатынга түшүшүнө тоскоолдук кылат, ал жатын түтүгүндө, энелик безде, ич көңдөйдө өөрчүй баштайт. Жатын түтүгүндө бойго бүтүү көп кездешет. Кээде жыныс органдардын өөрчүп жетилбей калышынан (инфантилизм), ошондой эле бойго бүтүүдөн сактанууда зыяндуу ыкмаларды колдонуудан, мисалы, жатын былжырын йод эритмеси менен сүртүү, баланы бир жаштан ашканга чейин эмизүү (жатын түтүгүнүн кыймыл активдүүлүгүн начарлатат) жана башка себеп болот. Бул учурда этек кир кечигип, кийинчерээк жыныс кынынан киргилденген кан келет. Кандын иретсиз келүүсү көпкө созулат. Ичтин төмөн жагы катуу ооруп, ал кетип, баш айланып, эстен танат, кан басымы төмөндөйт, канда эритроцит, гемоглобин азаят.

Мындай белгилер байкалары менен врачка кайрылуу керек. Өз алдынча дарыланууга болбойт. Аны дарылоонун жалгыз жолу — өз убагында жасалган операция. Операциядан кийин жатындан тышкары бойго бүтүүнү болтурбоо үчүн врачтын көзөмөлүндө болуп, дарылануу зарыл. Дарылануу учурунда бойго бүтүүдөн сактанып, операциядан 1 — 2 жылдан кийин гана врач менен кеңешип бойго болтурууга болот. Жатындан тышкары бойго бүтүүнү алдын алууда аялдар өздүк (Шилтеме: Өздүк гигиена аялдардын) жана жыныстык гигиенаны сактоосу, ошондой эле дайыма текшерилип, жыныс органдарынын оорусун өз убагында аныктап, дарылануу чоң мааниге ээ болот. Бул максатта биздин өлкөдө аялдар консультациялары, гинекологиялык кабинеттер, фельдшеракушердик пункттардын кеңири тармактары иштейт.

Жатын дарылары — жатындын жылма булчуңдарына таасир этип, анын жыирылуусун күчөтүүчү заттар. Төрөттү тездетүү, жатындан кан агууну токтотуу үчүн колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)