Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Жатын моюнчасынын эрозиясы

Жатын моюнчасынын эрозиясы — жатын моюнчасынын кын бөлүгүн каптаган эпителийдин бузулушунан болгон ачык кызыл түстөгү жара. Ж. м. э. жыныс органдарынын (жатын моюнчасынын, жатын кошумчаларынын жана башка) сезгенүүсүнөн да болот. Ал төрөттө, аборт жасаганда жатын моюнчасынын былжыр чели тытылып калганда, ошондой эле гормондук бузулууда болушу мүмкүн. Былжыр челдин бузулган жери жатын каналынан чыккан цилиндр сымал эпителий менен капталып, мында эрозия безчелери пайда болот. Эрозия безчелери такай секрет бөлүп турат, ал жаңы пайда болгон эпителийди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Ж. м. э. көп убакытка чейин (айлап, жылдап) билинбей жүрө берип, аял врачка кайрылбайт.

Көпкө дарыланбай жүрө берсе Ж. м. э. коркунучтуу шишикке өтүп кетет. Ошондуктан аялдар алдын ала кароодон өтүп (Шилтеме: Медициналык кароо), жылына 2 жолу врач-гинекологго көрүнүп турушу зарыл. Жыныс органынын сезгенүү ооруларын, төрөттө жана абортто болгон жатын моюнчасынын айрыгын өз убагында дарылоонун мааниси чоң.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)