Жашылча

Миңдеген жылдар мурун адам чөп өсүмдүктөрүн, жашылчаларды азык катары колдоно баштаган, алардын кээ биринин, мисалы, сабиз, чамгырдын мөмөлүү тамыры, капуста менен салаттын жалбырагы, коён чөптүн (спаржа) өркүнү, гүлдүү капустанын богогу, ышкындын сабагы, томат, бадыраң, баклажандын мөмөсү желет. Жашылчалар даамдуу гана болбостон абдан пайдалуу да. Уюл алкагынан ары жакта лимон өспөйт, бирок кольраби капустасы үчүн ал жактын климаты толук жарактуу. Бул капустада цинга менен ооруп калбоо үчүн түндүк калкына абдан керектүү болгон С витамини лимондогудан кем эмес. Бул витамин туздалган ак капустада да арбын. Тез бышуучу, суукка чыдамдуу турнепс муз каптаган Гренландияга чейин өсөт. Эмне үчүн турнепстин мөмө тамыры кызгылт-сары? Анткени, турнепсте каротин бар. Ал балдардын өсүшүнө жардам берүүчү, күүгүмдө начар көрүүдөн жана жугуштуу оорулардан сактоочу А витамини эмес, анын чала фабрикаты, кишинин организминде ал А витаминине айланат. Каротин калемпир, томатта, кызгылт-сары түстөгү жашылчалардын бардыгында бар. Бирок ал алгач сабизден табылган. Сабиз - латынча карота.

Каротин деген сөз ушундан. Жашылчаларда кальций, магний, натрий, темир, фосфор жана өзгөчө калийдин кишиге керектүү минералдык туздары бар. Темирдин туздары коон менен томатта көп. Бул туздар балдарга жана улгайган адамдарга өзгөчө зарыл. Салат менен бадыраң кишинин табитин жакшыртып, калемпир тамак-ашка өзгөчө даам берет. Эт жеген адамдын күчүнө күч кошулат. Анткени, этте белок арбын. Фасоль, буурчак өсүмдүктөн алынган эт деп аталат - алар да белокко бай. Жашылчалар кишилердин ден соолугун сактоого гана эмес, сыркоолоп калгандарды сакайтууга да жардам берет.

Илгерки заманда Пияз жети кеселге дабаа деген ылакап сөз айтылчу. Эмне үчүн пиязды аарчып жаткан адамдын көзүнөн жаш чыгат? Анткени пиязды кескенде андагы эфир майлар абага тарайт. Бул зат менен пияз өзүн коргойт. Окумуштуу Б. П. Токин өсүмдүктөрдөн, атап айтканда чеснок, пияз, хренден бөлүнүп чыккан учма заттар зыяндуу бактерияларды өлтүрө тургандыгын далилдеди. Мындай заттар өсүмдүктү гана эмес, кишини да бактериядан коргоого жөндөмдүү.

Б. П. Токин бул заттарды фитонцид деп атаган. Жер шарында жашылчанын жүздөн ашуун түрлөрү белгилүү. Алар дароо эле байырлаштырылып, короо жана талаада өстүрүлө баштаган эмес. Байыркы гректер жапайы ашкөктөн Олимпия оюндарынын жеңүүчүлөрү үчүн таажы согушкан. Индейлердин жашылчасы - томатты Европада адегенде кооздук үчүн гүлзарда өстүрүшкөн. Америкадан алынып келген алгачкы томаттын мөмөсү сары болгон. Ошондуктан италяндар аны помо доро - алтын алма деп аташкан. Томаттын демейдеги аты ошол помидор деген сөздөн чыккан. Адамдын камкордугу менен жапайы жашылча эгилме өсүмдүккө айланып, алардын түсү да өзгөргөн.

Сабиз кызгылт тартып, андагы каротин көбөйдү, мөмө-тамыры алда-канча ириленди. Жапайы чамгырдын жоондугу келемиштин куйругунан ашпайт, ал эми азыркы 30 кгдык япон чамгырын көтөрүш кыйын. Алп ашкабактар андан да чоң - 500 кгга чейин жетет. Жер шарында ашкабактан чоң жашылча жок. Албетте, бул сыяктуу укмуштай өзгөрүү үчүн миңдеген жылдар талап кылынган. Миңдеген жылдар бою адамдар үрөн катары эң мыкты өсүмдүктөрдүн уругун калтырышкан.

Акырындык менен түрдүү жашылчалардын эң сонун жергиликтүү сорттору чыгарылган. Дыйкандарга илим жардамга келгенден кийин жашылчалардын улам жаңы сорттору чыгарылууда. Арийне илим жаңы сорттордун пайда болуу процессии катуу тездетүүдө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)