Жашылча

Жашылча—айдалма өсүмдүктөрдүн тамак-аш катары колдонулуучу бөлүгү. Ж. капусталар, азык тамырлуу, түймөк тамырлуу, уруктуу, чанактуу, томат, салат өсүмдүктөрү, татымал, пияз түп жана башка топторго бөлүнөт. Чоң кишинин тамак рационунун составында суткасына 600 гдан кем эмес Ж. болушу керек. Составы, аш болумдуулугу Ж-нын түрүнө, өстүрүү шартына жараша болот. Ж-да белок менен май жаныбарлардан алынган тамак-ашка караганда аз болот. Алар углевод, клетчатка, витамин, орг. кислота, минерал заттарга бай болгондуктан тамак катары баалуу.

Кишинин тамакка табити жакшырып, тамак сиңирүү безинин секрет иштеп чыгуусун күчөтөт. Ж-ны көпкө бышыруу, туура эмес сактоо (жылуу, күн тийген жерде) андагы витаминдин азайышына алып келет. Ж-да суу көп болгондуктан (90—95%) тез бузулат. Ошондуктан узак убакыт сактоо үчүн Ж-ны туздайт, кургатат, консервалайт, тоңдурат. Мындай жолдор менен Ж-ны сактоодо деле алардагы витаминдер азаят. Булардын ичинен туздоо, тез тоңдуруу, кургатууда витаминдер көбүрөөк сакталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)