Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

жаштар маршы

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | жаштар маршы

Созу С. Жусуевдики

Обону А Жаныбековдуку

Жай-кышы талбастан

Кен казган, мал баккан,

Дайраны багынтып,

Тоолорго шам жаккан.

Ата журт коргогон,

Окуган, ойлогон.

Эмгекке, билимге,

Женишке тойбогон.

Алгалап кармап туу,

Иш кылган ардактуу,

Жаштарбыз жалтанбас,

Жалындуу, кайраттуу.

Эл суйуп мактанган,

Эмгекте такшалган.

Теминип онорго.

Техника башкарган.

Кокко учуп коркпостон,

Ун салып космостон,

Айланып ааламды,

Жылдызга достошкон.

Алгалап кармап туу,

Иш кылган ардактуу,

Жаштарбыз жалтанбас,

Жалындуу, кайраттуу.

Эмне айтса калкыбыз,

Даярбыз жалпыбыз,

Оттон да, октон да

Бизде жок тартыныч.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 20830, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо