Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жашасын аял

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жашасын аял
Жашасын аял (тамашалуу дуэт)
СөзүБ. Сарногоев
ОбонуЖ. Шералиев

Ак куу жок кезде көл көрксүз, көл көрксүз,
Аял жок кезде эр көрксүз, эр көрксүз.
Аялдын иши теңдешсиз,
Ансыз биз шаңдуу жүрө албай,
Көйнөктү жөндөп бүрө албай,
Ооба, туура көргүлүктү көрмөкпүз (да) көрмөкпүз.

Булбулсуз токой, гүл көрксүз,
Аялсыз айлуу түн көрксүз.
Ансыз биз кимди сүймөкпүз.
Кечиксе сулуу ич күйүп,
Үмүттү үзбөй үшкүрүп,
Үңкүйүп басып жүрмөкпүз.

Балага барктуу атабыз,
Баккандан бирок качабыз,
Жуурканга башты катабыз.
Эмизип койчу бачым деп,
Сооротуп койчу катын деп,
Солдоюп уктап жатабыз.

Жатканда дүйно караңгы,
Жараткан жыргал заманды.
Жашарткан чексиз адамды,
Жакшылап барктап түбөлүк,
Жалындап дагы сүйөлүк,
Ленинди тууган аялды.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 3409, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу