Жарык менен дарылоо

Жарык менен дарылоо (фототерапия) — күн нурун же жасалма булактардан (инфракызыл нур чачыраткыч, жарык жылуулугун берүүчү — соллюкс, Минин лампасы, ошондой эле ультракызгылт көк нур берүүчү сымап-кварц лампасы жана башка) алынган нурду дарылоо жана алдын алуу максатында колдонуу. Инфракызыл нур менен кактап, жылытканда ткандагы алмашуу процесстери тездеп, кан тамырлар кеңейет, ткандардын азыктануусу жакшырат. Ультракызгылт көк нурл а р таасир эткенде териде биологиялык активдүү заттар (гистамин, Д витамини) пайда болуп, организмдин инфекцияга туруктуулугу артат, алмашуу процесси калыптанат, аллергендерге сезгичтик (Шилтеме: Аллергия) төмөндөйт. Ультракызгылт көк нуру таасир эткенде жылуулук сезилбейт, бирок 2—6 сааттан кийин ошол жердин териси кызарат, 10—20 сааттан кийин пигментация жүрүп, күнгө күйгөнгө окшоп калат. Оорукана, поликлиника, санаторий жана башка дарылоо-алдын алуу мекемелердин физиотерапиялык кабинеттери Ж. м. д-чу аппараттар менен жабдылган. Оорукананын палаталарында же үйдө пайдаланууга (медсестранын көзөмөлүндө), ошондой эле жер астында иштеген адамдарга жарык нуру жетишсиз болгондуктан, аларга ультракызгылт көк нуру таасир этилет.

Мындай дарылоо атайын кабинеттерде (фотарий) жүргүзүлөт. Ж. м. д-до кушеткада кыймылдабай, уктабай, аппаратка тийбей жатуу, жагымсыз сезимдер пайда болгондо медсестраны тезинен чакыруу керек. Процедурадан кийин 10—15 мин. эс алган жакшы.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)