Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаркымбаев Абдыш

Баш барак | Биографиялар | Жаркымбаев Абдыш

(1913, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы -1986, Бишкек ш.). - мамлекеттик ишмер. 1930-жылы Бишкек колхоз техникумунда окуган. 1931—35ж. соода-чарбалык иштерде. 1937-жылы Каракол шаардык эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинде инструктор. 1937—39-жылы Ош облусунун Совет райондук финансы бөлүмүнүн башК.

ЖаркымбаевЧЫСЫ. 1939—43-жылы Кыргызстан КПнын Совет райкомунда жана Ош обкомунда кадрлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары. 1943-жылдан Кыргызстан КПнын Ош обкомунда мал чарбасы боюнча катчы, 2-катчы, 1945—47-жылы Кыргызстан КПнын Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы. 1947—50-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогоркупартиялык мектепте окуган. 1950—54-жылы Кыргызстан КПнын Талас обкомунун 1-катчысы. 1954-жылдан СССР даярдоо министрлигинде Кыргызстан боюнча уполномочен.

1955-жылдан Бишкек шаардык эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетине төрага. 1959-жылы бут кийим ф-сында директор. 1961—75-жылы Москва районундагы Крупская атындагы Шарап совхоз комбинатында директор. 1947—59-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты.

Биринчи даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, Кызыл Жылдыз, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 535, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо