Жаркен дарыя (Тарим)

Жаркен (Жаркент, Яркент, кытайча 叶尔羌河) дарыясы – азыркы тапта Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур Автоном Районунун карамагына кирген бийик тоолуу дарыя. Анын жогорку агымы – Раскем дарыясы деп аталат. Бул дарыя андан соң Тарим (кытайча Даян 塔里木河) дарыясына куят. Тарим дарыясы Такла Макан чөлүн жээктеп чыгышка карай агып, Лоб-Нор көлүнө куят.

Жаркен дарыясынын башаты болгон Раскем дарыясы Кытайдын батышындагы Тибет тайпак тоолорунун түндүк-батышындагы Каракорум тоо кыркасындагы ири дарыялардын бири. Анын ортоңку агымы Жаркен дарыясы деп аталат.

Раскем жана Жаркен дарыяларынын жалпы узундугу – 1068 км. Башаты – Каракорум тоо кыркасында жайгашкан Түндүк Римо мөңгүсүнүн аймагы. Дарыя Тарим өрөөнүнүн түндүк-батыш тарабын карай агат.

Күн ысыктыгынан улам жаз күндөрү суусу азаят. Суу агымы анын нугун тез алмаштырып турат. Жай мезгилинде, мөңгү эригенде, суусу кирип турат. Булак суулары өтө аз.

Жаркен дарыясына кошулган башка ири өзөндөр – Кырчын-Булак жана Шамал-Дарыя.

Жаркен дарыясынын сол нугунда Сяосихайцзы деп аталган суу сактагыч курулган.

Бул дарыянын башаттык аймагын европалык көптөгөн саякатчылар изилдешкен.

Алардын бири – Бронислав Громбчевский (поляк ысымы Bronisław Grąbczewski, 1855–1926), орусиялык аскердик тыңчы жана географ саякатчы катары бул дарыяны алгач 1888-жылы изилдеген.

1889-жылы Громбчевский Раскем дарыясынын өрөөнүнө кайтып келип, Раскем тоосун (6,482 м), Токтокорум тоосун (5,419 м) жана Раскемге сол тараптан суусу куйчу Кырчын-Булак өзөнүн изилдеген. Громбчевский айтылуу Жогору (Chogori / Чогори, K2) чокусунун этегине жана Агыл-Каракорум (Agil-Karakorum) чокусунун (7,693 м) түндүк ыптасына жеткен. 1889-жылдын жетинин айынын (ноябр айынын) этегинде ал Жаркен дарыясына оң тарабынан куйган Тизнаф өзөнүнүн башатын тапкан.

1889-жылы декабрда ал Каракаш дарыясынын өрөөнү аркылуу Тибетке карай сапарга чыгып, Каракаш жана Аккаш (үрүңкаш) дарыяларынын ортосундагы Караңгы-Тоо (7,160 м) аркылуу ашкан. 1890-жылы жазында Громбчевский үстүн-Таш (6,920 м) жана Лүши тоосу (Liushi Shan, 7,160 m) тоолорунан өткөн.

Жаркен дарыясынын башаты болгон бийик тоолуу аймактагы Раскем дарыясын жердеген негизги калк – тоолуу кыргыздар.

Аларды хотандык жана тибеттик кыргыздар деп да коюшат. Алардын чыгыш тарабында Шайдылда Базар жергесин жердеген кыргыздар бар.

Жаркен дарыясы Тарим өрөөнүндөгү дыйканчылыкка өзөк болгон негизги суулардын бири. Түпкү негизги дыйкан эл – уйгурлар. Азыркы тапта КЭРдин бул аймагынын калкы – көп этностук мүнөзү менен айырмаланат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)