Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Жаратылышта эс алуу

Ошентип көптөн күткөн жай мезгили да келди, а бул тоого, көлгө деги эле Кыргызстандын керемет жаратылышына чыгып эс алуунун убактысы! Шишкебек, оттун жанында отуруп гитара ырларын ырдоо, көлгө түшүү... Мунун баары эс алууну унутулгус кылат эмеспи. Бирок жаратылыштын жайлуу, кооз сулуулугуна суктанып, табият аймагында коопсуздукту унутуп коюууга да болбойт. Эс алуу катастрофага айлабоосу үчүн, ал эми үйгө баардыгы дени сак кайтуусу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо зарыл.

Токойлор, бак-дарактар ар түрдүү жандыктардын жашоо аймагы болоорун эстен чыгаруу болбойт. Булар кене, кумурска, кара жөргөмүш, жылаан жана башка көптөгөн анча чоң эмес, бирок кооптуу жандыктар. Ошондуктан жаратылышка чыгуучу кийим-кечек, бут-кийим чакырылбаган коноктордон жакшы сактоосу зарыл. Идеалдуу вариант спорт кийими жана кроссовкалар. Ал эми кийим денеге тыгыз отурбаса жакшыраак болот. Эгер андай болбосо жеңдин же шымдын ичине кирип кеткен курт-кумурсканы кууп чыгаруу тоскоолдуктарды жаратат. Баш кийим да ашык болбойт, анткени ошол эле кенелер бак-дарактардан учуп түшүүнү жакшы көрүшөт.

Эгер Сиз козу-карын же мөмө жемиш чогултуу үчүн жаратылышка чыксаңар, белгисиз жемиштерден алыс болуңуз. Ошого карабастан табият мөмөсүн даамдап көрүүнү чечсенер, уугуп же ууланып калуунуз мүмкүн. Ал эми уулануу ушунчалык оор болуусу менен эң жаман натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

Тоого чыкканда таштак жана тик келген маршруттан бассуу адбан коркунучтуу. Кокустук болуп кетсе жаракаттар эң жаман болоорун өзүңөр деле элестетип жатсанар керек.

Жаратылышка аярлуу мамиле жасаныз! Эс алуу жеринде таштанды калтырбагыла, жолго чыгаарда таштанды салууга атайын кап же пластик пакетин алып алгыла, зарыл муктаждык жок эле пайдалуу өсүмдүк же гүлдөрдү үзбөгүлө, жаш бак-дарактарды сындырбагыла. Кумурсканын уюгун, канаттуулардын уясын, жөргөмүштөрдүн желесине да тийбегенге аракет кылгыла. От жагуу коопсуздугуна көбүрөөк маани бергиле жана унутпагыла. От жагууда кургак жана куураган чырпыктарды тандагыла, жашыл жана өсүп турган бак-дарактар күйбөйт, ал эми аны сындырып салсанар табиятка зыян келет.

Сууга түшүү же көлдө эс алуу

Сууга түшүү коопсуздугун сактоо абдан маанилүү. Биринчиден, белгисиз, текшерилбеген жана адам түшпөгөн сууга түшпөгүлө. Эгер Сиз агым суу, көлмө же көлдүн түбүндө эмне сыр жатканын билбесеңер - таш, темир, жыгач же башка нерседен жаракат алып калышыңыз мүмкүн. Эгер суу таза жана түбү көрүнүп турса анда акырындан түшө баштасанар болот. Ал эми кир же чаң сууга жакындабагыла! Анткени Силерге суунун кирдешинин себеби жана ал сууда кандай бактериялар бар экени белгисиз. Сууда сүзүүнү билбесеңер жана жоро-жолдоштор сууга түшүүгө чакырып жатса, сууда сүзө албасыңызды ачык, уялбай айтып коюуу өтө маанилүү. Анткени, тамашалап сууга ыргытуу учурлары көп кездешет.

Эгер Сиздин эс алууңуз суунун боюнда өтүп жатса, алкоголдук ичимдиктерден алыс болуңуз. Күндүн ысык кезинде ичимдик ичип алсанар күн соккусун алуу коопсуздугу жаралат. Андан тышкары, спирт ичимдиктери концентрацияны төмөндөтүп и көңүлдү чар-жайыт кылуусуна байланыштуу, сууга чөгүп кетүүңүз мүмкүн. Эгер көлдө же көлмөдө буек же чектер болсо, андан ашып кетүүгө катуу тыюуу салынат. Эмнеге дейсизби? туура түшүнгүлө, аларды кооздук үчүн эмес, суу карышкырларынын коопсуздугун сактоо үчүн орноткон. Эгер абдан алыс сүзүп кетсеңер жана кудай бербесин албетте, бирок Силер менен кандайдыр бир жаман окуя болуп кетсе, Сизге жардам кылуу үчүн, сүзүп жетүү кепилдиги жок болот. Ошого карабастан, ээн баштык кылып алыс сүзүп кетип, кайра жээкке сүзүп жетүүгө көзүңүз жетпей турган болсо, болгон үнүңөр менен жардамга чакыргыла. Дайыма өзүңөрдүн күчүңөргө гана ишене берүү туура эмес, анткени кеп Сиздин өмүрүңүз жөнүндө болуп жатат. Сууга кирүү алдында, айнектин сыныктарын басып албоо максатында бутуңузду карап басыңыз, ал эми сууга кирген соң, денеңизди суу температурасына көндүрүп акырындан жуунуп, андан соң гана сүзө баштаныз. Эгер сууга тез кирип жана суу муздак болсо, дене тарамыштарынын тырышып калуу коркунучу жаралат.

От жагуу жерин тандоодо, өтө кургак жерди тандабаганга аракет кылыңыз. Кургак чөптө от абдан тез таралып кетиши мүмкүн жана чоң өрт чыгуунун өбөлгөсү болуп калышы мүмкүн. От тутандыруу үчүн кагаз же кургак чөп колдонсонор болот, эч качан күйүүчү майларды, пластик же синтетика буюмдарын колдонбогула, пластик же синтетика толук күйбөй жаратылышка таштанды болот, ал эми күйүүчү майлар абдан тез жана жалбырттап күйүп кетет, жана мындай заттардан ден-соолукка зыяндуу жана жагымсыз түтүн чыгат. Тамекинин чегиндилерин таштанды салуучу капка салуудан мурда кылдаттык менен өчүргүлө.

Дагы бир жолу Силерди өз жашооңузга жана табиятка урмат мамиле жасоого чакырып, Силерден кийин дагы башка адамдар эс алаарын унутпоону сунуштайт элек. Таштанды үймөктөрүнүн арасында эс алгандан көрө, таза жашыл табиятта эс алуу алда канча жагымдуу! макулсузбу? Жагымдуу жана коопсуз эс алууну каалап, көрүшкөнчө достор демекчибиз!

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)