Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жапаров Бакас

Баш барак | Биографиялар | Жапаров Бакас

(1923-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Чырак айылы) - тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты (1966), доцент (1969), К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессор (1993). Каракол мугалимдер институтун (1948), Бишкек пединститутун (1951) бүтүргөн. 1942—46-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1948—55-жылы мугалим, мектеп директору, Ысык-Көл облустук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1955—61-жылы Ысык-Көл облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасына орун басар, Кыргызстан КПнын Каракол шааркомунун 1-катчысы, Кыргызстан КП БКда жооптуу уюштуруучу, Кыргызстан КПнын Токтогул райкомунун 1-катчысы, 1961—64-жылы Каракол пединститутунун илим жана окуу иштери боюнча проректору, 1964—68-жылы Караколдогу Т. Сатылганов атындагы мектепинтернаттын директору, 1968—80-жылы Каракол пединститутунда улук окутуучу, кафедра башчысы, 1980—86-жылы көркөмграфика факультетинин деканы, 1988-93-жылы доцент. Кыргыз Республиканын эл агартуу отличниги (1965), СССРдин жогорку мектебинин отличниги (1980). 8 китепченин жана КПССтин жана Кыргызстан Компартиясынын тарыхы боюнча 50 илимий жана илимий-методикальпс эмгектин автору. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 567, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу