Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаңыл Мырза эпосу жөнүндө маалымат

Баш барак | Адабият | Жаңыл Мырза эпосу жөнүндө маалымат
Эпос V-VIII кылымдарга таандык. "Жаңыл Мырза" кенже эпостордун бири. Бул эпосто калмак баскынчыларына карата кыргыз элинин баатырдык күрөшү айтылат. Чыгарманын башкы каарманы Жаңыл тарыхый инсан. Эпостун төрт варианты бар.
1.Тоголок Молдонун.
2.А. Чоробаевдин.
3.М. Мусулманкуловдун.
4.Ы. Абдрахмановдун.
Бардык варианттарда Жаңылдын эрдик иштери жөнүндө сөз болот. Башка эпостордон болгон өзгөчөлүгү, башка баатырдык эпостордой эркектин эрдигине арналбастан, Жаңыл Мырза баатыр кыздын эркиндик үчүн болгон турмушун баяндайт. Жаңыл Мырза Нойгут уруусунан чыккан, эли-жерин коргогон баатыр кыз. Эрке өскөн, он эки жашка келгенде жаа тартып, ит агытып, куш салат. Көзгө атаар мерген болгон. Душмандар андан коркушат. Нойгут эли сыйлайт, сыймыктанат. Жаңыл Мырза өз уруусуна эркиндик алып келген мыкты билерман башчы. Жаңыл Мырза кырк жигит күтүп, катылгандын катыгын берип, душмандан өчүн алган. Ал калмактардын чабуулун токтотуп, элине эркиндик, тынчтык алып берген. Баатыр кыздын ашкан эрдиги, кайраттуулугу тез эле көп жерге, көп элге тарайт. Айрымдары Жаңылдын мындай даңкын көрө алышпайт. Анын багын байлап, күч менен үйлөнөбүз дешкен мыктылар да болушкан. Үлбүрчөк жана Бургуй, Үчүкө менен Түлкүгө окшогон баатырлар Жаңыл менен кармашып мерт болушкан. Жаңылдын ички душмандары: Үлбүрчөк, Бургуй, Үчүкө, Түлкү. Тышкы душмандары: Калмактар, Эрдене. Калмактардын Эрдене беги Жаңыл кызды камап, үйлөнөм деп той кылып жатканда Үчүкө, Түлкү баатырлардын кунун кууп келишкен кыргыз урууларына Жаңыл: "Биригели, душманды жерибизден кууп чыгалы", деген сөзүнө көнбөй, баатыр кызды алдап, колго түшүрүп кетишет. Өз намысын өтө жогору баалаган Жаңыл туткунда да кадимки кайраттуулугунан танбайт.
Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 16046, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо