Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаныш-Байыш

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жаныш-Байыш

Илгери айылга акын, жомокчу келип калса, бүт эл түп көтөрө өнөрлүү адам түшкөн бозүйгө келип, түнү менен болсо да ал айткан ырларды, жомокторду угушар эле. Мындай кечтер көбүнчө ыр-күү менен башталып, акыры жомок (эпос) менен бүтчү. Андай жомоктордун бири - Жаныш-Байыш. Элибиз азыр да эпосторду жакшы көрүшөт. Илгеркидей айылы менен ырчыга келип угуунун кереги жок. Акын радио же телевизор аркылуу ырдап берет. Эпос, жомоктор китеп болуп чыккан. Жаныш-Байышты деле радиодон кээде берип калат. Балким китебин деле окуган чыгарсыңар. Бул ыр жомокто эмне тууралуу айтылат? Жаныш-Байышта кыргыз элинин илгерки калмак баскынчыларына каршы көз карандысыздык үчүн күрөшү, эркиндик жөнүндөгү үмүт-тилеги, ой-санаасы айтылган. Ошону менен катар элибиздин баатырдык жана акылмандык, адилеттүүлүк жана ак ниеттүүлүк жөнүндөгү көз караштары берилген.

Дастан Жаныш, Байыш деген аталаш туугандардын аты менен аталат. Анын баш каарманы - Байыш. Эл намысын коргоого аттанган Байыш басып кирген кара калмактардын миң-сан колу менен беттешкенден тартынбай, кайра шерденип күч-кубаты арта түшөт. Элдин мүдөөсү үчүн өз башын өлүмдөн да аябайт. Жаныш дайыма ага арка-бел болуп, кыйын-чылыкта жардамга келет. Байыш менен Жаныш эли-жерин жандай сүйгөн, адилеттикти көксөгөн адамдар. Баскынчылардын аскерин жеңип, ар кандай зор кыйынчылыктардан өтүп эки бир тууган өз жерине келишет.

Келишсе жери кайгы-капага толгон. Мурун туткунга түшкөн эки калмак - Акжол менен Дарбаз бийликти басып алып, Жаныш менен Байыштын ата-энесин, үй-бүлөсүн кысмакка алып, калкты эзип турган экен. Жаныш менен Байыш билинбестен кебетесин өзгөртүп алышып, бардык чындыкты, ак менен караны аныкташ үчүн элди аралашат. Акырында алар Акжол, Дарбазды жазалашып, элди эзүүдөн бошотушат. Жомокто ошентип ак тилек ишке ашып, адилеттик жеңип чыгат. Мына ушунусу менен ал бизге кымбат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2686, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу