Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жанылмачтар жыйнагы

Жаңылмачтар жыйнагы, бул жыйнакта жаңылмачтардын көптөгөн түрлөрү берилмекчи. Ыңгайлуулук үчүн алфавиттик иреттке келтирилген. Ал эми бул эмне деп жатсаңыз, жаңылмач деген макаланы караңыз.

А

Айыл конгон ала бер,
Ала белге бара кел,
Ала белдин алты түп
Алмасынан ала кел.

Ай, ай Айдарбай,
Ай арасы айгырды,
Айымыңа айдай бар.

Ак сакалдуу аксакал,
Сакалынын агын ай.
Аксакалдын ак сакалын абайлап,
Сакалынын агын ал.

Ак сүт,
Ынак сүт,
Төгүлдү бүт.
Сүттүн агын,
Сүттүн ынагын,
Эми эртең күт.
Сүттүн агынан,
Сүттүн ынагынан,
Бүгүн үмүтүңү үз.

Ак улактын кулагын кара,
Ак улактын кулагы - кара.
Кулагы кара ак улак,
Караны кайдан тапты бу чунак?

Ак-Жардагы ак карга,
Көк-Жардагы көк карга.
Көк карга менен ак карга,
Көмүлүштү көп карга.
Ак-Жарда калды көк карга,
Көк-Жарда калды ак карга.

Акырайсаң акыраярың акырай,
Бакырайсаң бакыраярыңа бакырай,
Чакырайсаң чакыраярыңа чакырай,
Какырайсаң какыраярыңа какырай,
Мага демектен маңдай туруп бакырай,
Бакырайгагдай не болду эле капырай?

Ал мобул така-туканы,
Така-тукачыга алып барып,
Така-тукалатып кел,
Така-тукачы така-туканы така-тукалабайм десе,
Така-туканы така-тукалатам деп жүрө бербей,
Такылдап-тукулдап өзүң кел.

Ала улагымдын туягында ал асы,
Ала улагымдын кулагынын тазасы ай.
Ала улагымдын туягынын ал асы ай.
Ала улагымдын туяктарын, кулактарын карачы, ай.

Ала-була балык алабуга (форель балыгы),
Алабуга балык болот бекен
Ала-Бука сууда?
Ала-була балык алабуга,
Алабуга балык болбойт экен
Ала-Бука сууда.

Аластаганга Арчалынын арчасынан ал,
Ага анан Абдырахмандын адырашманын сап.
Абдырахмандын адырашманы Арчалынын арчасындай болобу?
Арчалынын арчасы
Абдырахмандын адырашманынын орду толобу?

Алтын алды үч бала,
Алтыдан алды үч бала.
Алтыдан алган балдардын,
Алтындарын карагын.
Алтыдан алган алтынды,
Алдыңа алый кармагын.

Арыкчылар - чарыкчандар,
Чөпчүлөр - чалгычандар,
Чийнечилер - чийнечендер,
Келатышат жогортодон.
Чарыктарын чалгыларын, чийнелерин жоготкондор,
Арыкчылар, чөпчүлөр, чийнечилер окшошкондор.

Асан Үсөндөн үч мүнөт эрте төрөлдү,
Үсөн Асандан үч мүнөт кеч төрөлдү,
Асан чоңбу?
Үсөн чоңбу?
Чоңу Асанбы?
Чоңу Үсөнбү?

Асманда ак булут,
Асманда туруп,
Карарып-карарып барып,
Мөндүрүн төктү уруп,
Жамгырын төктү куюп.

Асманда жүз көгүчкөн,
Бөлүнүшүп үч-үчтөн,
Учуп өттү үстүбүздөн.
Үстүбүздөн өткөн жүз көгүчкөн,
Бөлүнүптүр үч-үчтөн.

Асманда жылдыз көппү?
Жерде кыргыз көппү?
Жылдыз кыргыздарбы?
Кыргыздар жылдыздарбы?
Жылдыздын жарыгы кыргызга тиер,
Кыргыздын жарыгы жылдызга тиер.
Кыргыз жылдызды сүйөт,
Жылдыз кыргызга күйөт.

Асмандан ай агылдыбы?
Ай жай агылдыбы?
Жай агылган ай,
Асманды айлана алдыбы?

Асмандан кар түштү,
Кар ак түштү.
Кар бат түштү.
Кар шамалга учту,
Кар карганы үшүттү,
Балдар карды күттү.

Ат-Башыдан аттын айкелин көрдүм,
Ат-Башыдагы аттын айкелине чөгөлөдүм.
Аттын айкели башы менен экен,
Аттын башына эми кантип жетем,
Андан көрө Ат-Башыга кетем.

Ачуу тийген күн жаман дешет,
Ачуу чыккан үн жаман дешет.
Күн жаман болсо үн жаман болобу?
Үн жаман болсо күн жаман болобу?
Ачуу тийген күн жакшыбы?
Ачуу чыккан үн жакшыбы?

Аш катыкты,
Аяш катып.
Аш катыксыз,
Баш катып.
Аш катыксыз аш катып,
Ашсыз калдык таш катып.

Аш турса, ишке бар дейсиң,
Иш турса, ашка бар дебейсиң.
Иштесең, аш жейсиң,
Аш жесең, иштейсиң,
Иштесең, аман аш жейсиң,
Сен болсо иштебей эле аш дейсиң.

Аш казанда аш кайнайт,
Баш казанда таш кайнайт.
Ашказанды аш кыйнайт,
Ашканада таш турбайт.

Аюунун таюусу дайын,
Аюунун таюусу дайын болсо,
Тайыган аюуну шиш таштар саюусу дайын.
Тайыган аюуну шиш таштар сайса,
Аюунун терисин ташка жаюусу дайын.

Б

Базардагы баланын бети кара,
Бети кара баланын эти кана?
Базардагы баланы көргөм жана,
Бети кара жоголду кайра кайда?

Базардан Базарбай базарлык алды,
Базарбайдын базарлыгын базардан
Базаргүл алды,
Базаргүл Базарбайдын базардан алган базарлыгын балдарына алып барды.

Базардан беш бала келет,
Бешөөсү беш башка келет.
Бекиште - бей алма,
Бакышта — ак алма,
Сакышта - сай алма,
Бопушта - боз алма,
Чокушта - чоң алма,
Беш баланын бешөөсү,
Алма сатпайт экөөсү.

Байтал бээнин бал кымыз,
Бишкектеп бышылган май кымыз.
Бал кымыз өзү - май кымыз.
Май айда кымыз - май кымыз,
Бал кымыз кылган бай кыргыз.

Бак - шагы менен бак,
Шак - багы менен шат.
Шаттуу бактын шагы көп,
Шактуу бактын баары көп.

Бакатеректин түбүнө бака келет,
Бакага терек керек, бакатерекке бака да керек,
Ошон үчүн бака бакатерекке келүүчү болгон дешет.

Бакыткелди - бат келди,
Бат келди Бакыткелди.
Бакыткелди бакытты алып келди,
Бакыт Бакыткелдини алып келди.

Балапан баскан бадалдагы бактекти жамандар көрөт,
Балапан баскан бадалдагы бактекти жамандар көрсө,
Балапан баскан бадалдагы бактегиң жамандан учат,
Балапан баскан бадалдагы бактегиң жамандан учса,
Балапан баскан бадалдагы бактектин балапаны өлөт.

Балык кайыкка тийди,
Кайырмак балыкты илди.
Балык "жаным, ий" деп ийди,
Балыкты кайыкчы билди,
Балык кайыкчыны билди.

Батперегим бат келет деп мактанды эле Баткенбек
Батпереги чынында эле бат келмек.
Бат келатып жиби үзүлүп батперек
Баркы кетти бат келет деген Баткенбек.

Башына ак кийген,
Башына таш кирген,
Баланын башына,
Бешилик тийген.

Башыңдагы калпагың,
Тиги отурган талпагың.
Калпакты талпак кылбагын,
Талпакты калпак кылбагын.
Калпак талпак болчубу?
Талпакты калпактын ордуна койчубу?

Бегиш менен эңишпе,
Бегиш жеңет эңиште.
Келдиш менен тебишпе,
Келдиш жеңет тебиште.
Келдиш келип эңишсе,
Бегиш келип тебишсе,
Мен жеңмекмин эңиште,
Бегиш жеңмек тебиште.

Бедедеги бөдөнө,
Беленденди жөнөөгө,
Беленденген бедедеги бөдөнө,
Башын байлап бербесе экен бирөөгө.

Бей алма жейсиңби, же алма жейсиңби.
Же алма дейсиңби, бейалма дейсиңби?
Алманы билгениң менен,
Бейалманы биле бербейт беймсиң?

Бекташ - акиташчы,
Акиташты Бекташ акташчы.
Акиташчы Бекташ акташты,
Акташты Бекташ акташчы.

Бекташ беш таш алды,
Беш таш Бекташка кармалды.
Бекташ беш ташты байкады,
Беш ташты Бекташ кармады.

Бекчородо беш короо,
Бектөрөдө беш короо.
Бекчоронун беш короосу,
Бектөрөнүн беш короосу,
Биригип кетти бирөөсү.

Белдин үстү белеске,
Белек баатыр келет де.
Белек белдеги белесте,
Берүүчүүсүн берет де.

Белес-белес беш бала,
Белестеги беш баланы кара.
Белестеги беш балада,
Белекке келген беш чара.

Беш бала "беш" алат,
"Беш" алган беш бала,
Беш алманын жанына барат.
Беш алма "беш" алган беш баланы,
Башына чыгарып алат.

Кандай сонун "жанылмачтар" достор, силер дагы өз оюнарды билдирип жаза кеткиле.

Беш бармактап жеген бешбармакты,
Баш бармак менен жеген башкарманы,
Башкара албай башыбыз катты.

Беш кара бала,
Беш кара карга.
Кара балдар кара каргаларды көрдү,
Кара каргалар кара балдарга көндү.

Беш күн иштеп беш айры бөлдүм,
Беш айрыны беш күндө көрдүм,
Беш айрыны беш жерге көмдүм.

Беш салааңы кара,
Бешөөнү башынан сана.
Баш бармак - ана,
Ортонун - мына,
Сөөмөйүң - ана,
Чыпалагың - мына.
Бешөөнүн төртөөсүн таптык,
Бешөөнүн бешинчисин неге каттык?

Беш таш - ак таш,
Бешинчиси - баш таш.
Беш ташка акиташ алышты,
Баш ташты актай салышты.

Беш-Терекке беш киши керек,
Беш киши Беш-Терекке келет.
Беш-Теректен беш терек кесиш керек,
Беш теректи Беш-Теректен кесүүгө бербеш керек.

Биздин айыл - Ак-Терек,
Ак-Теректе - көп терек,
Ак-Теректе - көк терек,
Көк терек - бизге керек,
Көп терек Ак-Терекке көрк берет.

Бийиктеги кийиктин кыйыктыгын кара,
Кыйык кийиктин бийиктигин кара.
Бийиктеги кыйык кийик келмек беле сага,
Келбеген бийиктеги кыйык кийикке бара кал анда.

Боёкчунун боёгунун боздугунан,
Боёкчунун боёк билбес баёолугунан,
Балконумду боёкчунун боёгуна боётпостон,
Боёкчунун боёкторун коротпостон,
Боёктобос боёкчуну бошоттурдум.

Босогодо босого таяк болбосо,
Босого босогодой болбойбу?
Босого таяктын ордуна башка эле койбойбу?

Бөжөңдөгөн бөжөктөр,
Бөжөңдөбөй бөлүнгүлө.
Бөлүнбөй бөжөктөсөңөр,
Бөрүлөр бөктөрүшөт,
Бөжөңдөтпөй жеп тынышат.

Бу баланын башынын чачы чала,
Чачы чала баланын башын кара.
Башындагы чачынын карасын кара,
Башымдагы чачынын аласын кара,
Чачын дагы алдырбаса уят го таза.

Бугунун бугун кара,
Бугунун муңун кара.
Муңдуу бугунун бугун кара,
Бугунун бугун айтайын сага.

Бул - булбул,
Булбул - бул.
Бул булбулдун булбулдугун кара,
Бул булбулдун булдурашын сана.

Булакты турак кылдым,
Турагым - булак,
Булагым - турак.
Турактын булагы бар,
Булактын улагы бар,
Улак - булактыкы,
Булак - турактыкы.

Бурулуш бурулуштан бурулбай,
Бурулуш бурулушсуз бурулду.
Бурулуштан бурулганда Бурулуштун,
Бүт баары бүтүп кетмек жумушунун.

Бурулушта бир конуш,
Бир конушта бир кошулуш.
Бир кошулушта бир союш,
Бир союш деген - бир тоюш.

Бууган буудай кабым бурулушта буугучунан бузулду,
Бурулушта буугучу бузулуп буудайым бутума чуурулду.

Бытпылдыктаган бөдөнө бытпылдыктап, бытпылдыктап,
Безеленген булбулдун безилдегенин,
Бытпылдыгы менен безелентпей басып кетти.

Быштактуу кыштакта,
Кыштакта быштактуу,
Баштыкта быштак бар.
Быштак бар баштыкта,
Кыштактан быштак ал,
Баштыгына кайра сал.

Г

Гүлбактын гүлдөрүн көрдүңөрбү?
Гүлбактын гүлдөрүнө көндүңөрбү?
Гүлбактын гүлдөрүн көрбөсөңөр,
Гүлбактын гүлдөрүнө көнбөйсүңөр.

Ж

Жаңгакты Жалал-Абаддан алдым,
Жаңгакка Жалал-Абадга бардым.
Жалал-Абаддан жаңгактуу кайттым,
Жаңгакты Жалал-Абаддан таптым,
Жалал-Абаддан жаңгакты чактым.

Жаңылмачтар, жаңылмачтан жаңылбастар,
Жаңымачка кызыккан жалпы жаштар,
Жаңылмачты жаңылбай айтабыз деген жаштарды,
Жаңылтууга жазылган жаңыча жаңылмач бар.

Жарманы жарымдан карма,
Кармабай жарманы жарымдан,
Жарымын жарманын жоготуп алба.

Жатакчылар жатагынын жанында,
Чатакчылар чатагынын шаңында.
Чатакчылар жатакчыларга чатак салып,
Жатакчылар чатакчылардан кетип калып,
Чатакчылар мыш болушту аларын алып.

Жезкемпирди тез кетир,
Тез кетирбесең жез кемпир,
Жез тырмагын желпилдетер,
Бир балээни тез келтиртер.

Жел боону келе,
Жел боону жоготтуң беле?
Жердеги жел боо жерге оонап,
Желимдей болуп жатпады беле?

Жесе дагы май жакшы,
Жебесе да май жакшы,
Жетемин деп май жакты,
Жетим бала тим жатты.
Май жакшы деп ким айтты?
Май жакшысын ким тапты?

Жетелешкендер жетелешпегендерди кармагыла,
Жетелешпегендерди жетелешкендер жээрип салбагыла.

Жетиген жылдыз жетиден,
Жетидеги Жетимен,
Жети тиши кетилген.

Жоргологон жоргонун жорткону неси,
Жоргологон жорго жолдо чын эле жортот дечи,
Жоргологон жоргонун жолунан чыкпагылачы дечи.

Жоргосунун торбосу жоголуп,
Торбосуз жорго Жорого жолойбу?
Же торболуу жорго жорголоп,
Жайлоодогу Жолойго жолойбу?

Жорунун жоругу жолдо калсын,
Жоболондуу жоругун жоготуп алсын,
Жоболоңдуу жоругун жоготпосо,
Жоголгур жоруң жаныбызга жакындабасын.

Жөө жүргөндөр жүгүргөндөргө жетишпейт,
Жөө жүргөндөр жүгүргөндөрдөн өтүп кетишпейт.

Жөрмөлөгөн жөжөлөрдү жөжүрөтпөй,
Жөрмөлөбөгөн жөжөлөрдү жөжүрөткүлө.

Жууратты шуудуратпа,
Шуудуратсаң жууратты,
Шура эжем шек алып,
Шорубузду кайнатты.

Жүзүм, жүзүм жүзүн жуу,
Жүзүн жуусаң түзүн жуу.
Жүзүм жуубай жүзүң жуу.

Жүзүмдү бирден жейт,
Мейизди жүздөн жейт.
Жүзүмдү жүздөн жеп,
Мейизди бирден жеп,
Мейизгүл менен Жүзүмканга,
Боло көрбөгүн кеп.

И

Илгери ичке жипти ири ийик менен ирип,
Ийикти улам чимирип,
Чимирикте жип ирилип,
Энелер ийикти чимирип,
Ийик чимирилип,
Ийик толгон жип ирилип,
Жип ириген энелерди коштоп жүргөн ийгилик.

К

Кагаздагыларды карабагыла,
Сандарды санабагыла,
Кагаздарды карап,
Сандарды санап,
Санаага батып санаркабагыла.

Кайнардыкы - каймак,
Камбардыкы - камкаймак.
Камкаймакты Камбар кармайбы?
Каймакты Кайнар кармайбы?

Каныштын камыш үйүн караганы,
Каргалыдан кайын журту кабар алды.
Кабар алган кайын журту Каныштын камыш үйүн,
Кантип ушул үй болсун деп карабады.

Кара кыздын агынанбы, багынанбы?
Кара кыз агына багынабы, багына багынабы?
Багына багынган кыз агынанбы?

Кара-Кулжалыктар кара кулжанын эстелигин коюшту,
Кара-кочкорлуктар кара кочкор кошушту.
Кара кулжанын эстелигине кара кочкор союшту,
Кара-Кулжалыктар кара-кочкорлуктардын кара кочкорунун этине тоюшту.

Карарган кара карагат,
Кара Караматты каратат.
Кара Карамат карарткан карагатты,
Караколго көтөрүп баратат.

Карда коён көрүнбөйт экен,
Көрүнбөгөн коён карда билинбейт экен.
Билинбеген коён көрүнбөйт экен,
Көрүнбөгөн коён билинбейт экен.
Көрүнсө коён билет бир элек,
Машаага туура идет бир элек.

Карды ачкандар ак карды көрдү,
Карды ачкандарды ак кар көмдү.
Ак кар көмгөн карды ачкандар,
Кар ичинен ак нанды көрдү.

Каш менен кабак кабарлашып,
Кабак кашты сактайт,
Каш кабакты барктайт.
Кабаксыз каш кандай болот,
Каш кабакка жандай конот.

Кашы калыңдын кабагы калың,
Кабагы калыңдын кашы калың,
Кабакты карагыла кашы барың.

Кезек - керек,
Кезек келет.
Керек кезек келет деп,
Кезек күтүп кезерип,
Кетпейбизби безерип.

Келаткан биздин Бекен бекен?
Бу Бекен бээ миниптир, ээринде дети бекем бекен?
Бээ минген, ээринде бекем бу биздин Бекен экен.

Кеп байлыгы - кең байлык,
Кең байлык - бизге тең байлык.
Кеңбулуңда - кен байлык,
Кең байлыкты карайлык,
Кен байлыкты алайлык.

Керегелерди ашташтырдыңарбы?
Ууктарды машташтырдыңарбы?
Отургузгандарды жашташтырдыңарбы?

Кийик жеген - кийикот,
Кийикот сиңген - кийик эт,
Кийик этти кийик эт кылган - кийикот.

Кийикчинин кийикке келип кейигенин көрүп,
Кейикчээлдин кешпирине кейий берип,
Билбей калдык кайберендин этин кандайча жедик?

Килемчилер килемдерин саймалашат,
Килемчилер өзөктөрүн жалмалашат.
Өзөктөрүн жалмалаган килемчилер,
Килем согуп мынчалык кайда шашат?

Ким биринчи ийинге кирди:
Кашкулак кирдиби?
Баш-кулаксыз шап кулак кирдиби?

Ким Күндү көрдү:
Бекишпи,
Чекишпи,
Текишпи,
Күмүшпү,
Күлүшпү?

Козучу Козубайдын козусу,
Козубай козунун койчусу.
Козу да, Козубай да бөлүнчү эмес эле,
Карачы, Козубай да, козу да көрүнбөйт дейби?

Кой семиз болсо, козусу - эгиз,
Эгиз козунун энеси - семиз.
Семиз койдун козусу - тегиз,
Тегиз койдун козусу - эгиз,
Ошон үчүн койго от жегиз.

Кой, койлугуңду кой,
Койлугуңду койбосоң, ой,
Кечинде биздикинде той.
Келини кайнатасына айтар:
"Ушул койду сой эле, сой!"

Койчууңарды - чай-пай, май-сай койдуңарбы?
Койчулардан кой апкелип сойдуңарбы?
Койчууңарды койбосоңор койчулардан,
Кончууларга койду тандап болдуңарбы?

Кол көтөргөндөр кол көтөрбөгөндөрдү көңүлгө албагыла,
Кол көтөрбөгөндөр кол көтөргөндөрдү бир карагыла.
Кол көтөрбөгөндөр кол көтөргөндөрдү жандагыла,
Кол көтөрбөгөндөр кол көтөргөндөрдөн калбагыла.

Коончу Кооман коон үзсө,
Нокотчу Нооман нокот үзүп,
Коончу Кооман коонунан нокотчу Нооманга берди,
Нокотчу Нооман нокотунан коончу Кооманга берди.

Корозду таажысы койкойтуп көрсөтөт,
Койкойтуп көрсөткөн корозду таажысы.
Таажысы корозду койкойтуп көрсөтөт,
Таажысыз короз койкойбойт беле,
Корозсуз таажы койкоймок беле?

Кошко өгүздү кошуп,
Кошоктолгон өгүздү коштоп.
Конок айдаган Конокбай.
Кой айдаган Кожомжар,
Кошой-Коргондон кезигишти, пай-пай.

Көл үстүндө көгүчкөн,
Көйнөктөрү көгүштөн.
Көгүчкөн менен ушул көл,
Ушул жерден көрүшкөн.
Көйнөктөрүн алмашып,
Көңүлдөрүн бөлүшкөн.

Көчкөн көчүн көчүрдү,
Көчүргөн көчтү козгоордо,
Коломтодо күйүп аткан,
Көмүрдүн чогун өчүрдү Көчкөн.

Көчкөндөр көчпөгөндөрдү көчкүлө дебеди,
Көчпөгөндөр көчкөндөргө көчөлү дебеди.

Көк чөп көп,
Көп көк чөп,
Көк чөптөн көп,
Көп көк чөп.

Кулжуңдаган Кулжабай куржун сөгүп,
Кулжабай сөккөн куржундан курут чыгып,
Курутту Кулжабай кулжуңдап туруп,
Курутчу Курманканга курутун сунуп,
Кулжабай менен Курманкан турушту урушуп.

Кумайыктын өзү арык,
Кумайыктын көзү канык.
Өзү арык, көзү канык Кумайык,
Карышкыр качырууга ылайык.

Курулуштун жолу - бурулуш,
Бурулуштан кийин эле - курулуш.
Бурулушсуз курулушка жетпейсиң,
Бурулуштан бурулбасаң курулуштан кетпейсиң.

Курут - куруду,
Курутту - унут.
Курутту куруттук,
Куруган курутту,
Кантип унуттук?

Курутту камышка куруттуңарбы?
Курутту камышка курутпадыңарбы?

Куурай куураган,
Куураганына кубангам.
Куураган деген куурайым,
Куураган тура ылайдан.
Куураган куурайды кууратпа деп,
Куурай сурангандыр кудайдан.

Күздө жүзүм үздүк,
Жүзүм эле күздүк.
Күздүк жүзүм үздүк.
Жүзүм үздүк жүз күндүк,
Жүзүм жеген жүзүбүзгө күлдүк.

Күлкү болгон - түлкү,
Күлкү болбой жүрчү.
Күлкүчүлөрге кулагыңды түрчү.

Күндүн кызы - Күмүшай,
Айдын кызы - Алтынай.
Алтынай менен Күмүшай,
Биринен өтүп бири Ай,
Айдай кыздар пай, пай, пай!

Күнкарама - күн караба,
Күн караба - күнкарама.
Күнкарама күн карабадан чыккан,
Күн карап күнкарама бышкан.

Күүчүнүн күүсүнүн күүлөнүшү,
Күүлөнгөн күүчүнүн күүсүнөн күүчүнүн күңгүрөнүшү,
Күңгүрөнгөн күүчүнүн күүсүнүн күчүн карачы, ай.

Кызаргандар кызарбагандарга кызыгышса,
Кызарбагандар кызаргандарга сын тагышса,
Кызаргандар менен кызарбагандар кошулушуп,
Кызыктай Кызыл ала болуп калышса.

Кызыл анардын данынын карарганын кара,
Кара дандуу анардын кызарганын кара.
Кызыл анардын кара даны жагабы сага?
Же даны кара Кызыл анар жагабы сага?

Кызыл аяк бул - таяк,
Таяк - кызыл аяк.
Таяктан кызыл аяк кылалы,
Кызыл аякты таяктан кылалы.

Кызыл көйнөк кийген кыз Кыздаркан,
Кызыл мончок таккан кыз да Кыздаркан.
Кыздаркан кызыл көйнөгүнө кызыл мончокту жараштырабы?
Же Кыздаркан кызыл мончоксуз эле кызыл көйнөгүн жараштырабы?

Кыргыз десе, Чыңгыз дейбиз,
Чынгыз десе, кыргыз дейбиз.
Кыргызды Чыңгыз дейбизби?
Чыңгызды кыргыз дейбизби?

Кыргыздар жымыңдаган жылдыздарды жактырат,
Жымыңдаган жылдыздар кыргыздарды шат кылат.

Кыялдын кыямы,
Кыяда турабы?
Кыямды Кыялбек,
Кыябын келтирип,
Кыздарга сунабы?

М

Май томкоргондор тойдо тойлошуп.
Тойдо тойлошкондор май томкорушуп,
Томкорулган майларын тойго коюшуп,
Тойго келгендер майга тоюшту.

Майдагы май жакшыбы?
Жайдагы май жакшыбы?
Майдагы май жакшы болсо,
Жайдагы май жакшы болбойбу,
Май майда да, жайда да жакшы болобу?

Макалчынын макалынын маанисин кара,
Маанисинде макалчынын акылы таза.
Акылы таза макалчынын макалы таза,
Макалы таза макалчынын акылын кара.

Мал баккандын оозу май,
Май жегендин баары май.
Майда майга барабыз,
Майга бир маарып алабыз.

Малабайдын малы семиз,
Танабайдын малы эгиз.
Малабайдын жаны тегиз,
Танабайдын тулпары сегиз.
Малабайдын шумкары сегиз,
Сегиз - тулпар, сегиз - шумкар,
Сегизи тең семиз.

Мергендин тергенин кара,
Терилген мергендин ууларын сана.
Терилген ууларын мерген,
Терисин береби сага?
Тең бөлүп береби мага?

Мергенчи мээлеген бир ак куу,
Мергенчи мээлебеген бир ак куу.
Мергенчи мээлебеген бир ак куу асманга кетти,
Мергенчи мээлеген ак куунун түбүнө мергенчи жетти.

Мишанын минген аты күлүк беле?
Сашанын минген аты күлүк беле?
Сашанын аты Мишанын атынан күлүк дебе,
Мишанын аты Сашанын атынан күлүк дебе.
Мишанын аты Сашанын атынан күлүк эле,
Сашанын аты Мишанын атынан күлүк эле.

Мойпондошкон маймылдар,
Майкандашкан макулуктар.
Мойпоңдошуп, майкаңдашып,
Маймыл деген макулуктар,
Мага келет маңкаңдашып.

Мүйүздүү козунун колунун коозун кара,
Мүйүзсүз козунун колунун жоонун кара.
Мүйүздүү козунун колунун карасын кара,
Мүйүзсүз козунун колунун аласын кара.

Н

Нургүл да - гүл,
Гүл да - гүл.
Гүлназ да - гүл,
Гүл да - гүл.
Гүлназ күлдү Нургүлгө,
Нургүл күлдү Гүлназга.
Күндөй болсо Гүлназы,
Гүлдөй болду Нургүлү,
Бул экөөнүн кими гүл?
Бул экөөнүн кими Күн?

О

Обу жок Орунбайдын оолжуганын кара,
Орунбайдын обу жоктонуп оолжуганын сана.
Оолжуган Орунбай обужоктонуп,
Оодарылып атынан түшпөдүбү жана.

Оймокту оймокчу жеңем оймокчуга атайын жасаткан,
Оймокчу оймокчу жеңеме оймокту атайын жасаган.
Оймокчунун оймогу оймокчу жеңеме ойда жагыптыр,
Оймогун сындырып оймокчу жеңем оймокчуга дагы бир барыптыр.

Оймокту ортого коймокмун,
Ортого оймокту коймокмун.
Оймокчу оймокту бербесе,
Кайсыл оймокту ортого коймокмун?

Ойногондор болдуңарбы?
Ойногондор болбодуңарбы?
Ойногондор ойнобогондорду ойлошобу?
Ойнобогондор ойногондорду ойлошобу?
Ойлошкондор ойногондорбу?
Ойлошкондор ойнобогондорбу?

Олобого жолобо.
Олобого жолосоң,
Оолжуп олобого тоёсуң,
Олобого жолобос болосуң.

Оо, оён - коён,
Коён болбой оён болуп,
Баскан жерди оё коюп,
Качкан жерди коё коюп,
Келатасың оён - коён,
Ишиң кандай коён - оён.

Ороңдогондор короңдогондорду коркутушабы,
Короңдогондор ороңдогондорду коркутушабы?

Ортодогу ордоңор толсун,
Ордоңор ортодо болсун,
Ордоңорду ортоңорго койсун.

Оштун ичи - бош,
Боштун иши - бош.
Бош Ошту бошотпогула,
Ошту бошко окшотпогула.

Ө

Өрмөктү көрмөккө Өмөр өзү келиптир,
Өмөрдүн өзүнө өрмөктү эч ким бербептир.

Өстөн бою өскөн тал,
Өскөн талдан тандап ал.
Өстөндө өскөн тал,
Өргөөгө өтө мыкты ал.

П

Пери кыз деп Айперини айт,
Айперини пери кыз деп айт.
Перинин кызы Айперидей бекен?
Айпери перинин кызындай экен.

Пияз менен помидор,
Боло калат шакарап.
Шакарапты коп жегин,
Жей бербегин шоколад.
Шоколаддан шакарап,
Пайдалуураак деп калат.

Пияз тонунан тоголоктонот,
Тоголоктонуп тонго пияз болот.
Пияздын тону тогуз болсо,
Тогуз даража суукта тоңот.

С

Саадатбектин саатынын тактыгынанбы,
Самыйбектин сагызганындай сактыгынанбы?
Сай боюндагы сайраган сагызганды,
Секирип туруп серпип кетели.

Саамай чачтуу сары кыз
Саамал куйган дары кыз.
Саамайың саамалга салынбайбы?
Саамалга саамайың малынбайбы?

Саамал кымыз алынды,
Сары май ага салынды.
Сабаа менен сабалды,
Сары май саамалга таралды.

Сабагандар сабабагандардан сабак алып,
Сабактын соңунан сабагандар да сабабай калып.
Сабагандар сабабагандардан кечирим сурабайт беле.
Сабабагандардын соңунан сабагандар барып.

Сабизчилер сабиздерин сатып,
Кызылчачылар кызылчаларын казып,
Сабизчилер сабиздеринин сомдорун,
Кызылчачылар кызылчаларынын болгонун,
Сабизчилер Сабибиллага санап беришти.
Кызылчачылар Кымбатгүлгө карматып келишти.

Сайгакка айгак чыгып,
Айгак сайрап чыгып.
Сайгак айдагандар,
Сайдан кайрыгандар,
Сайгаксыз самсып сабаалашты.

Сайдан чыккан Сайгүлүк,
Сапырылган жал-куйрук.
Сайгүлүк жолу - сан күндүк,
Сапары калды бир түндүк.

Сакадай сайдан сары таш тапты,
Сары таш Сакадайды санааттырып жатты,
Сары таш Сакадайдын колуна саналып батты,
Саналган сары ташты Сакадай сака кылып атты.

Самат саман самап,
Сыймат сымап самап,
Самат саман салды,
Сыймат сымап салбады,
Самат саманды салалды.
Сыймат сымапты салалбады.
(Айтмакчы сымап адбан зыяндуу)

Саматтын салаты,
Саргарат карачы.
Саргарган Саматтын салаты,
Сабизи көп окшойт чамасы.
Саматтын саргарган салаты,
Саргартып сабизден салыптыр баласы.

Санжырачы санжыра айтып саймедиресе,
Сагызган шакылыктап сайраса,
Санжырачы сагызганды шакылыктаба деди,
Сагызган санжырачынын урушканын сезбеди.

Сары ашкабак - каш-кабак,
Ашкабактай - наскабак.
Наскабак менен ашкабак,
Толуп турат аш табак.
Аш табакта - аш кабак,
Ачык турат - каш-кабак.

Сары музоо сарайда,
Саман дагы сарайда.
Сарайдагы саманды Сайра алат,
Сарайдагы сары музоого Майра барат,
Саманды сары музоого Кайрат салат.

Сасык үпүп,
Үпүп сасык,
Үпүп сасыксыңбы?
Сасык үпүпсүңбү?
Же сары мышыксыңбы?
Сасык мышыксыңбы?

Сашанын сары ити сабагына Сашаны сагынып барат,
Сабагына Сашаны сагынып барган сары итин Саша санаалуу карайт.

Сегиз кулактуу казан болобу?
Сегиз кулактуу казан болсо,
Сексен сегиз чакага толобу?

Сегизге чыккан серкенин семиргенин кара,
Семирген серкенин семиздигин ая.
Семиз серке сереңдеп секирип,
Секиден учуп өлбөсө, ай-а.

Семиз серкени соёлу,
Семирбеген серкени согумга коёлу,
Же серкени семиртсек болобу?

Сологой сол колу менен соксо,
Сомодой солкулдаган жигитти жыкса,
Сол колдуу сологой сомодой го,
Созулган ушул жигит сологой го.

Суктангандардын суктангандарына суктанбай,
Суктанбагандардын суктанбаганына суктан.
Суктанбагандардын суктанбаганына суктансаң,
Суктангандар суктангандарын суутар.

Сулайман-Тоо - сулуу тоо,
Сулуу тообуз - улуу тоо.
Улуу тообуз - сулуу тоо,
Сулуу тоонун улуулугу бар.
Улуу тоонун сулуулугу бар.

"Жанылмачтар" жыйнагына Силер дагы салым кошкунар келсе, пикир формасына жазып койсонуз болот.

Сур эчки - бир эчкиби?
Сур эчки - миң эчкиби?
Сур эчки миң эчкиге баш ийеби?
Миң эчки сур эчкиге баш ийеби?
Бир эчки миң эчкиге келеби,
Миң эчки бир эчкиге келбейби?

Сүйлөөчүлөр сүйлөшпөй,
Үндөөчүлөр үндөшпөй,
Сүйлөөчүлөр менен үндөөчүлөрдү,
Сүрүп салды сүйлөбөөчүлөр.
Үркүтүштү үндөбөөчүлөр.

Сүттү төкпөй сүзмө кыл,
Сүзмөнү сүзүп курут кыл.
Сүзмөсүнүн сүтү таза,
Таза сүттүн курутун кара,
Сүттөн, сүзмөдөн сүзүлгөн курут сага.

Т

Тай айдаарыбыз - Айдар,
Таянарыбыз - Айдар.
Айдар тай айдаар деп турабыз,
Айдар таянарыбыз тай айдабаса.
Тай айдаганга кимди айдаганы турабыз?

Тай-тай, тайтайла,
Тайтайласаң таякеңе тай берер.
Тай-тай, тайтайла,
Тайтайласаң таятаңа тай берер.
Тай-тай, тайтайла,
Тайтайлабасаң таякеңе тай бербер.
Тай-тай, тайтайла.
Тайтайлабасаң таятаңа тай бербер.

Тайгалангандар тайгаландыбы?
Тайгаланбагандар тайгаландыбы?
Тайгаланбагандар да, тайгалангандар да,
Тайгаландыбы, тайгаланбадыбы?

Талаадагы таруунун,
Тазасынан терели.
Тарууну талкандыкка берели.
Тарууну талаага себели,
Тарууну тазалап берели.

Талааларда таш көппү?
Таш ташыган Ташбай көптү.
Ташын талаадан ташыбай ушу,
Ташбайдыкы өттү.

Тараза - терезеде,
Терезеде - тараза.
Таразанын таштары,
Терезенин баштарында.
Терезенин баштарында,
Таразанын баштары да.

Таранчыны саманчы тааныбайбы?
Саманчы таранчыны тааныса,
Саманды чачкан таранчыны айдабайбы?

Таш ташыткан Таштан,
Таш ташыдык алыштан.
Таштан ташыткан таштан,
Таш үй салат кайра баштан.

Ташбака таарынып,
Таштарды аттап,
Бет алдын беттеп,
Бегишти кектеп,
Бемишти жектеп,
Безип кетти.

Таштабадыңарбы баштаганыңарды?
Баштабадыңарбы таштаганыңарды?
Таштасаңар баштаганыңарды?
Таштадыңарбы баштабаганыңарды?

Таягың каякта?
Таягың Саякта.
Саяк каякта?
Саяк тыякта.

Тентек сууда тегирмен турат,
Тегирменчи тегирменге тентек сууну бурат.
Тентек суу параны бурайт,
Тегирмен таш буудайды урат.
Тегирмен таштан ун болуп чуурат,
Тегирменчи тегирменин туурайт.

Тогуз томолонуп тоңкулдак,
Тоңкулдап, тоңкулдап,
Тоңкулдаганынан токойду тозутуп,
Токтобой тоңкулдай берди жыргап.

Тогузунчулар тоголок топту тебишти,
Сегизинчилер секирүүгө келишти.
Ордону онунчуларга беришти,
Секирүүгө келген сегизинчилер,
Тоголок топту, же ордону беришсе экен дешти.

Той да болот, тойдун эртеси да болот,
Тойдо тойбогондор тойдун эртеси да тойбойт,
Тойдун эртеси да тойбогондор тойлогонун койбойт.

Тойгон коён койкоңдогонун коёбу?
Койкоңдогон коён тойгонун ойлойбу?
Тойгон коёнду Тойгонбай тойго сойгонбу?

Тойдогулар тойдуңарбы?
Тойдогулар тойбодуңарбы?

Токтордун тооктору токтойбу?
Токтобогон тоокторун Токтор жоктойбу?

Томолонбогондор томолонгондорду токтотушту,
Томолонгондор томолонбогондорду токтотушпады.

Тончондор тоңбой,
Тоңгонун койбой,
Тоңсо да Тоңдо,
Тобуна тойбой,
Токто десек болбой,
Токтобой тобун тебишти.

Тоңдун Тосорунан,
Табылдынын тосорунан,
Тоңдуктар тосушту.
Тосорлуктарды кошушту,
Топтолуп тосуп отурушту,
Тосулгандар тосорлуктардын тамагына тоюшту.

Тоонун тегизи болобу?
Түлкүнүн семизи болобу?
Төөнүн эгизи болобу?
Табылганын сүтү болобу?
Таранчынын күчү болобу?

Tooдо койлор оттойт,
Койлор ойдо оттойт.
Tooдогу ой койлорго от,
Койлор тоодогу ойлорго канат,
Тоодогу ойлорго койлор шашат.

Tooдо марычоо кетет,
Зоого чей иитоо жетет.
Тоону чоолор айланып кетет,
Зоомун зору асманга жетет.

Тоодон түшүп таш кулап,
Томурайды кашкулак.
Тамаша кылды жаш улак,
Тайралаңдады башка улак.

Тоокто томого болорбу?
Томогосуз тоок тоок конокко конорбу?

Тоос кушпу, тоок кушпу?
Тоос коозбу, тоок коозбу?
Куш кооз болобу?
Кооз куш болобу?

Топ секирет топулдап,
Топ ойнойбуз топурап,
Топурасак токтобой,
Топулдайт топ токулдак.

Топ тебелиби?
Таш терелиби,
Ташты терип топ тебели.
Топту терип таш тебелиби?
Таш тербей топ тебели,
Топ теппей таш терели.

Топ тогологунан томолонот,
Томолонбосо топтун алгылачы тогологунан.
Тогологу жогунан, томолонбогонунан алыппыз,
Томологу жок базарга баарыбыз толук барыппыз.

Топоз мамалагын сүйөт,
Мамалагы "мамам" деп күлөт.
Мамалагы маңдайында жүрөт,
"Мамасы" мыйыгынан күлөт.

Топоздор тоонун тоңунда тозбой жүрөт,
Тозбогон тоңдогу топоздор токтуну сүзөт.

Тотунун токтусуна,
Кокунун козусуна,
Чеберенин чебичине,
Улардын улагына,
Кыштынын быштысына,
Коконун кочкоруна,
Соконун соолугуна,
Койчунун колу тийбейт,
Кишилер муну билбейт.

Төкөлдөштө төрөлгөн Төлөгөндүн жөлөкпулу төлөнбөгөн,
Төлөгөндүн Көлөгөндө төрөлгөн чүрпөсүнүн жөлөкпулу төлөнгөн.

Төө өркөчүн өгөйлөбөйт.
Төө өркөчүн өгөйлөсө.
Өгөйлөнгөн төө өркөчү өгөйлөнүп,
Өксүп-өксүп төөгө өкүрмөк беле?

Төөлөр төөчүлөрдү тоготпой,
Төөчүлөр төөлөргө жолошпой,
Төөлөр төбөгө минди колоктой,
Төөчүлөрдүн төбөсү томпойду томуктай.

Төөлөрдү жөөлөр жөөлөшөт,
Жөөлөрдү төөлөр жөөлөшөт.
Жөөлөгөндөр төөлөрбү?
Жөөлөгөндөр жөөлөрбү?

Төрдөгү төшөк төрөнүкүбү?
Төрө төрдөгү төшөктүкүбү?

Төрөкулдун төөсүнүн төбөсүндө агы бар,
Төрөкулдун өзүнүн төбөсүндө калы бар.

Тулпарды туяк сактайт дешсе,
Тулпар туякты сактайбы?
Туяк тулпарды сактайбы?
Тулпардан туяк сакталабы?
Туяктан тулпар сакталабы?

Тулпарын темингенде
Телибайдын тебетейи тегеренип,
Тегеренген Телибайдын тебетейи тебеленип,
Тебеленген Телибайдын тебетейи тоголонуп,
Телибайдын тулпарынын туягында калды конуп.

Турабайдын турнабайы тунук алабы?
Дүрсүнбайдын дүрбүсү тунук карайбы?
Тунуктун телевизору тунук алабы?
Же Турабайдын турнабайы,
Дүрсүпбайдын дүрбүсү,
Тунуктун телевизору,
Баары эле жарабайбы?

Турдубай түштө тултуңдап турду,
Тооктордун күйөөсүн таяк менен урду,
Тамды айланып короозду дагы кууду
Күйүттүү корооз кышылдап муну,
Кукулдап коет жактыбай чууну,
Турдубай жалкоо түшүнбөй муну,
Таш менен таамай так башка урду,
Жыгылды корооз канжалап мурду,
Турдубай коркуп көңүлү сууду,
Өлгөнүн көрүп чачтарын жулду,
«Ит талады» деймин деп.

Түмөнбайдын түмөндөгөн төрт түлүгү түгөнөбү?
Түгөнбөгөн Түмөнбайдын төрт түлүгү же дагы да түгөлдөнөбү?

Түндүктү түрдүк,
Түрүлгөн түндүктөн,
Түшкөн күндү кармадык.
Түрүлгөн түндүктөн түшкөн күндү кармадык деп,
Калыптырбыз түндүктөн түшкөн күнгө алданып.

Түр калемдин түстөрүн кара,
Түстүү калемдин түрлөрүн сана.
Түрдүү калем - түстүү калем,
Түстүү калем - түрдүү калем,
Түрдүү түстүү калем берем,
Түрдүү түссүз калем дебең.

Түрк атанын балдары түпкүлүгүбүз бирдей,
Түпкүлүгүбүз бирдей түрк атанын балдары түпкүлүгүбүздү билбей,
Түрк атанын балдары түртүшүп ийебиз,
Түпкү атабыз түрк атадай тартылышып жүрбөй.

Түшкө кирер түстүү шар,
Түшкө кирер түстүү шардан түшүнбөдүм канча бар,
Түшкө түшөөр жылкыңды, түштө түзгө кубала,
Түштө түзгө түшпөсө, түк болбогун убара.

Тып-тып баскан тыйынчычкан,
Жерге барды тыйын чыккан.
Тыйын чыккан жерде тыйынчычкан,
Тамашага батты тыйындардан.

Тырылдаган тырактыр,
Тырылдап, тырылдап,
Тоодон тике кулаптыр.
Тоодон тике кулаган,
Тырылдаган тырактырды,
Тырактырчы кайра жаңы кураптыр.

У

Узарган күндүн түнү кыскараар,
Узарган түндүн күнү кыскараар.
Күнү кыскарбаса түнү узараар,
Түнү кыскарбаса күнү узараар.
Узак түндүн кыска күнү болот,
Кыска күндүн узак түнү болоор.

Узун сарынын учугу узаргандан узарды да,
Учугу узарган узун сары уйларды кырабы?
Узун сары учугун узартып-узартып,
Уузун уртатпай уйларыбыз тынабы?

Улакчы улакка келатып,
Тузакчынын тузагын сулатып,
Узактын улагын бир атын,
Тузакчынын тузагын төлөбөй,
Узактын улагын төлөдү.
Анан улакчы кайра улакка жөнөдү.

Улоолорду улап минип улуу тоого чыгалыбы?
Улуу тоодон сулуу болуп суугуна чыдайлыбы?
Улуу тоонун уулдаган суугуна чыдабасак,
Сулуу тоонун улуулугун урматтабай ыйлайлыбы?

Упуштун буту узун,
Кукуштун колу узун,
Колу узун Кукуш менен,
Буту узун Упуш,
Улак тартышып,
Упуштун колу ооруду,
Кукуштун буту созулду.

Урушта кууш керек,
Куубасаң уруш эмес.
Куубасаң урушта утпайсың,
Урушта куубасаң жыкпайсың.
Жыкпасаң урушта утпайсың,
Урушта утпасаң, ыйлайсың, сыктайсың.

Уукка туурдук бекитилеби?
Туурдукка уук бекитилеби?
Уукка туурдук бекилбесе,
Туурдукту керегеге келиштиреби?

Ү

Үзөңгүдөн бут тайыганда үзүлүп түштү,
Үзүлүп түшкөн үзөңгүдөн бут тая түштү.
Үмүт жеңем үзүлүп түшкөн үзөңгүнү кадап берди,
Үзүлүп түшкөн үзөңгүнү мен болсо кармап бердим.

Үзүгү түзүк болдубу?
Үзүгү уукка түз кондубу?
Үзүктү уукка кондура албаган,
Үй тикпес ушулар шордуубу?

Үзүк - күзгү жүндөн болот,
Күзгү жүндү үзүп-үзүп кийиз кылып,
Кийизди кийгизип үзүк дешип,
Үзүктү түзүктөп боз үйдү шөкөттөп коёт.

Үйдөн уйду уурдады,
Уйду үйдөн уурдады.
Уй үйдө беле?
Үйдө уй беле?
Ууру үйдөнбү?
Үй күйгөнбү?
Ууру Чүйдөнбү?

Үйдө үч келин, үчөөсү бирдей бош келин,
Үй ичинде үч бурчта уюлдукчак бош келин,
Уй саан убак болгон уйга кетти жоош келин,
Упаа кармап улуусу улутунат «Ох белим, оорубаган жок жерим».

Үймөлөктөшкөн жөжөлөрдү,
Үймөлөктөшпөгөн жөжөлөр,
Үшүн алып үркүттү.

Үйүнүн бүтүшүн күтүп,
Үч күчүк үшүп,
Калышты үнү бүтүп.
Күлүштү аларга үпүп.

Үкүнүн баласы бар дейт,
Баласынын карасы бар дейт.
Үкүнүн баласынын аласы бар дейт,
Аласынын чаласы бар дейт.

Үрүп чыккан итине
Үпүш үтүрөңдөдү,
Үтүрөңдөгөн Үпүшкө үрүп чыккан кетиреңдеди.

Үшүгөн уйдун үстүндөгү үртүгү,
Ушул үй үшүгөн уйдун үйүбү?
Үшүгөн уйдун ушул үйүндө,
Үртүктү үтүктөр үтүгү турчуубу?

Ч

Чайкорлор чайканачыдан чай сурашса,
Чайканачы чайын чайкорлорго сунбай,
Чайнектин чамасын чайкап жуубай,
Чайкорлорду чайканадан чыгарды куубай.

Чакалай чыккандар чакалашып,
Чакалашкандар жакалашып.
Жакалашкандар жекелешип,
Чакалашкандар чекелешип,
Четке чыкты чакаларын келелешип.

Чалгычы чал чалапчыны чакырды,
Чалапчы чал "чалап ал" деп бакырды.
Чалгычы чал чалапчы чалдын чалабынын чала оозун ачаарда,
"Чайкабайсыңбы" деп чалапчы чал чалгычы чалды катырды.

Чаңгент-Сайда чаң жатат,
Чаңгентбек чаңды чаңдатат.
Чаңгентбекке чаңды чаңдаткан жагат.

Чебиреиип чеберелери чогулуп келишти.
Чебирепин чеберелери чогултуп беришти.
Чебиреиип чачпактарын чеберелери ченебей чоюшту.

Чий - чиенин жанында,
Чийнени чегип чимирилтип,
Чийди, чиени чийнелеп келгиле.

Чийинден чыкпай чимирилген чиркейдин чакканын кара,
Чыканактагы чиркейдин шимирип чакканын сана.

Чийнечилерге Өмүрбектикиндеги,
Ийнечилер Омарбектикиндеги,
Чийнелерин ийнелөөгө чыгынып чыгышты.

Чоң атамдын беш ириги багылууда,
Чоң энемдин беш ийиги чамынууда.
Ирик болбосо ийик болбойт,
Ийик болбосо кийит болобу?

Чоронун колу чор,
Ороздун оозу зор,
Экөөнүн колун да тор.
Оозу зордун, колу чордун тору жоголду.
Колу чордун, оозу зордун жолу торолду.

Чөлдө чөөнү көрдүк,
Чөөдөн чочуган чомдуу төөнү көрдүк.
Чомдуу төөнү чочуткан чөөдөн бөлдүк.

Чөптүн көгү,
Чөндөлөйдүн көбү.
Чөндөлөйдүн көбүнөн чөптүн көгү күбүлдү,
Чөптүн көгүнө чөндөлөйдүн көбү сүйүндү.

Чымчып чөптү чымчыкка сундум,
Чыныда сууну чымчыкка сунуп турдум.
Чымчылаганга чымчык чыйпылдап,
Чыйпылдаган чымчык чыныда сууну булгап.
Суу ичпеген чымчыктын чыйылдашы кургак,
Чыт курсактар четте турат чымчыктын чыйпылдашын туурап.

Чырак сыпат,
Чынар турат.
Турат улакты урат,
Улак чыракты сындырат.

Чыт тыштуу эски ичик,
Чыт тыштуу эки ичик.
Быт-чыттуу эски ичик,
Болбойт эми бир да ичик.

Ш

Шааркан шаардан келип,
Шаардын базарлыгын берип,
Шаңкылдап шарактап кетти.
Шаардын шааниси Шааркандан жетти,
Шаңкылдаган ушул Шааркан көптү.

Шакылыктаган сагызгандын шакылыктаганы жаман,
Шакылыктап, шакылыктап шайды оодарбасын анан.

Шар суунун шапатасы салкын,
Шапатасы салкын шар суунун,
Шуулдагы шумдук.
Шуулдагы шумдук шар суунун,
Шапатасы салкын.

Шарапаттын шарапатынан,
Шараптын шарапатынан,
Марапаттын шарапатынан,
Шарапаттын, Шараптын, Марапаттын аталары,
Шараптарын токтотушту.

Шаркыратмадагы шаракташкан шаардыктар,
Шаркыратмадагы шаракташпаган шаардыктар,
Шаракташып, шаракташып шаркыратмадан шандуу тарашты.

Шаркырап агат шаркыратма,
Шаркырагыңды шаркыратпа.
Шаркырагыңды шаркыратсаң,
Шарылдагыңды жаркыратпа.

Ширинам, ширинам, ширииим дейт апасы кызына,
Ширини шириндикти шимирип жейт кызыга.

Шородой шорулдатып Шоробай,
Шорулдаткан шоросун карабай.
Шорочунун шорун катырды баладай,
Шорочуну Шоробай чоң киши деп санабай.

Шөкүлөчөн кыз шөкүлөсүн шөмтүрөтпөй,
Шөкүлөсүнүн шаанисин төгүп-төкпөй.
Шөкөттөп шөкүлөсүн кийбейт беле,
Шөкүлөсүз кыз шөкүлө баркын билмек беле?

Шыбакчы шыбак оробу?
Орулган шыбакты шыбакчы шыпка шыкап коёбу?

Шыбакчы ылайын чылабай,
Шыбакчы шыбагын шыбабай.
Шыбачу шыбагы шыбалбай,
Шыбакчы шашылат жеталбай.

Ы

Ырдагандар ыр тандагандарды тандашты,
Ыр тандагандар ырдагандарды тыңдашты.

Ырыбыз - ырымыбыз,
Ырымыбыз - чыгымыбыз.
Чыгымсыз ырым болбойт,
Ырымды ырдап колдойт.

Ырыстуу ырысына ыраазы болуп,
Ырыскул ызасын ыйына коюп.
Ызаланган Ырыскул менен ырыстуу Ырыстуу,
Ынтымакка келишти ымалалаш болуп.

Ысык-Көлдүктөр ысып-ысып көлгө түштү,
Көлгө түшкөндөр Ысык-Көлгө көнө түштү.
Көнө түшкөнгө ысык-көлдүктөргө көлү керек,
Көлгө дагы көнө түшкөн ысык-көлдүктөр келет.

Ысык-Көлдүн суусу ысык бекен?
Ысык-Көлдүн суусу тузсуз бекен?
Ысык суусу тузсуз бекен?
Тузсуз суусу ысык бекен?
Көлдүн суусун туздуу дешет,
Туздуу суусу ысык дешет.

Ышкырык менен ышкырба,
Ышкырып Ырсаалыны бук кылба.
Ырсаалы ырын ырдап алсын,
Ышкырыгыңды Ырсаалыга уктурба.

Э

Эжигей жеген тээжик, эй,
Эжигей жебей бээге кел.
Эжигейди жебей кел,
Эжигей жеймин дебей кел.

Эзип айтсаң эчен кур,
Ээ бербеген Эсентур.
Ээликкенде эчен кур,
Ээрчип алган Эсентур.
Ээрчитпедим эчен кур,
Эрегишкен эчен жыл,
Эбелектей Эсен бул?
Эми канттиң эсиң жый,
Эстен кетпей эсен тур.

Эй, эй, Алагуш,
Алайга барсаң,
Айылчыдан,
Ала кушту,
Ала түш.

Экөөнү соёлу,
Экөөлөп тоёлу.
Экөөнө тойбосок,
Экөөнү койбосок,
Тойбосок да, тойсок да,
Койсок да, койбосок да,
Экинчи мындайды жоёлук.

Элдиярдыкында эл даяр,
Эл даяр болсо да эч келбеди Элдияр.

Элик келип,
Эчки тебип,
Эликти чебич жерип,
Эчкичи жемин берип.
Элик, эчки, чебич, эчкичи,
Эбирешти ээрчишип кетип.

Эне-Сайда ээн сай бар,
Ээн сайда Эне-Сай бар.
Эне-Сай ээн сайдан агат,
Эне-Сай ээн сайга барат.

Эркинбектин эрки бек,
Эрки бош дейт Жаркынбек.
Жаркынбектин эрки жок.
Эрки бар дейт Эркинбек.

Эсенди көрүп Аман:
- Жүрөсүңбү, - деди, - эсен?
Аманды коруп айтты Эсен:
- Амансыңбы дети сен?

Эсенбайдан эчен бай көптүр,
Эчен байды карабай Эсенбай көптү.
Эчен бай турса да ушул Эсенбайдыкы өттү.

Эски эчкини эки эчки эңшерип кетти,
Эки эчки эски эчкинин түбүнө жетти.
Эки эчкиден эски эчкинин мүйүзү омкорулуп кетти.

Эчки талдан экини ал,
Турпан талдан төрттү сал.
Түндүкчүлөр түндүгүн түптөгүчө,
Ууктарды учтай кал.

Эшикке чыксаң эчки тебет,
Эчкини энем жеңет.
Эчки энеме келет,
Энеме эчки сүтүн берет.

Ээр жээрденики,
Жээрде жезденики.
Жезде жээниникинде,
Ээрди жездесиз бербейм деди.

Ээрчигендер ээрчибегендерди ээрчибедиңер деп,
Ээрчибегендер ээрчигендерди ээрчидиңер деп,
Ээрчигендер менен ээрчибегендер айтышты кеп.
Же эми ээрчибегендер ээрчигендерди жеңет,
Же ээрчигендер ээрчибегендерди жеңет.

Ээси келсе бээсин бергиле,
Бээси келсе ээси келсин.
Ээси менен бээси бирге келсин,
Бээси менен ээси бирге кетсин.
Бээсинин ээси жок,
Ээсинин бээси жок.

Жайгаштыруу: 2018-02-07, Көрүүлөр: 145584, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо