Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Жаныбеков Алтынбек

Жаныбеков Алтынбек - (15. 6. 1934-ж. туулган‚ Чүй облусу‚ Аламүдүн району‚ Ала-Арча айылы) – композитор‚ Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1979)‚ КРдин эл артисти (1995). М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореография окуу жайын (1957)‚ Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясынын теориялык-композитордук факультетин (1962) бүткөн. 1957-жылдан Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү. 1962–65-ж. Кыргыз CCР мамлекеттик радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде редактор‚ бир эле мезгилде Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореография окуу жайында окутуучу‚ 1967-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде доцент‚ профессору‚ 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Жаныбеков ар кандай жанрдагы 250дөй чыгармаларды‚ анын ичинде кыргыз музыкасынын тарыхында биринчилерден болуп фортепьяно жана оркестр үчүн концерт жазган. Чыгармаларында элдик музыкалык ыргактарды чебер пайдаланат. Көлөмдүү симфониялык чыгармалардын («Т. Cатылгановдун эстелигине»‚ «Ата журт»)‚ симфониялык поэмалардын («Д. Шопоковдун эстелигине»‚«Менин Кыргызстаным»)‚ симфониялык сүрөттөмөнүн («Ак алтындуу айылда»)‚ симфониялык бийлердин‚ симфониялык увертюралардын‚ кантаталардын («Даңктан‚ Кыргызстан!»‚ «Кыргыз элине даңк!»)‚ сонаталардын‚ ырлардын‚ романстардын («Жаштар маршы»‚ «Түндө»‚ «Аккуу»‚ «Издейм сени» жана башка)‚ камералык-аспаптык чыгармалардын‚ хорлордун автору‚ спектаклдерге («Караш-Караш»‚ «Балдар бойго жеткенде») музыка жазган. Медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)