Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаныбарлардын түрлөрү

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жаныбарлардын түрлөрү

Жаныбарлар түрдүү формада жана көлөмдө болот. Бирөөлөрү жүндүү, башкалары каңылтырлуу келет. Бирөөлөрү көк кит сыяктуу абдан зор болсо, бирөөлөрү бүргө сыяктуу өтө кичинекей болот. Окумуштуулардын пикири боюнча дүйнөдө 10 миллиондон ашуун ар түрдүү жаныбарлар бар. Жаныбарлар дүйнөсүн билүү жеңилирээк болсун үчүн окумуштуулар аларды төмөнкүдөй класстарга бөлүштүргөн. Сүт эмүүчүлөр денесинде түгү же жүнү бар жаныбарлар. Алар энесинин сүтүн эмип чоңоюшат.

А силер билесиңерби, жарганаттар, киттер да сүт эмүүчүлөргө кирээрин? Канаттуулар канаты бар, жумурткадан чыгуучу жаныбарлар. Бирок бардык эле канаттуулар уча бербейт. Төө куштар басат, ал эми пингвиндер канаттарын сүзүү үчүн пайдаланат. Сойлоочулардын көпчүлүгү кургакта жашайт. Алардын териси катуу, кургак каңылтыр менен капталган. Биз аларды муздак кандуулар дейбиз, анткени алардын денесиндеги температура ошол чөйрөнүн температурасына жараша болот.

Буга кескелдириктер, жыландар, крокодилдер жана ташбакалар кирет. Жерде-сууда жашоочулар сууда туулат, бирок чоңойгондон кийин кургакта да жашай берет. Алар сойлоочулар сыяктуу муздак кандууларга кирет. Бакалар, курбакалар жана тритондор - булардын бардыгы жерде-сууда жашоочулар. Балыктар сууда жашайт. Алардын денеси каңылтыр менен капталган жана сүзүүгө жардам берүүчү сүзгүч канаттары болот. Балыктар суу астында дем ала берет. Алардын суудан кычкылтекти бөлүп алуучу бакалоор деп аталган атайын органы болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3632, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо