Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаңы жыл жылмаят

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жаңы жыл жылмаят
СөзүД. Жамансартова
ОбонуК. Эралиева

Жашыл сүйкүм жапжаш балаты,
Кооз оюнчук толо арасы.
Шуру мончок сонун жылтылдайт,
Кана бөбөк бирден саначы?

Аяз ата белек артынып,
Аяз кызы келет каткырып.
Жаңы жылым мына жылмаят,
Өмүрлөрдү дайым шат кылып.

Кол кармашып көңүл ачабыз,
Тегеренип бирге басабыз.
Шаттык күүсү улап кыялды,
Буккан черди бүгүн жазабыз.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 3383, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-12-07
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо