Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жанна дАрк

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жанна дАрк

Карапайым Жанна аттуу кыздын ысымы Францияда беш жүз жылдан бери сыймык менен аталат, анткени анын өмүрү - Мекенди анык сүйгөндүктүн үлгүсү. Ал кезде өтө оор учур эле. Англиялыктар Францияны жүз жылдык согуш мезгилинде басып алышкан. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгү баскынчылардын колунда турган. Ал эми өмүр бою өз ара жаңжалдашып келген француз рыцарлары Франциянын тагдырын ойлобостон же чегинип, же душман тарапка өтүп кетип турушкан. Туулуп өскөн жеринин бүлгүнгө учурашы француз эли үчүн өтө оор кайгы болгон. Бул абал Жаннанын да жүрөгүн сыздаткан.

Ал үчүн өз жери, андагы өзөндөр жана шалбаалар, саябандуу токойлор, туулуп өскөн айылы Домремидеги дыйкандардын чакан үйлөрү, бир сөз менен айтканда - Мекени жанындай кымбат болгон. Ал башка адамдардын да баскынчылыкты жек көрүү сезимин, каармандыкты ойгото алган. Жанна кошуун топтоп, аны душманга каршы өзү баштаган. Соот кийип, ак-боз ат минип, Франциянын туусун көтөрүп чабуулга чыккан. 1429-жылы май айында Жанна баштаган отряд Орлеан шаарын бошоткон. Ошондон кийин эл аны Орлеан кызы деп атаган. Анын кошуунуна куралданган дыйкандар менен кол өнөрчүлөр туш тараптан келип кошула берген.

Англистер улам бир шаарды таштап чегинүүгө аргасыз болгон. Акырында байыркы Реймс шаары да бошотулган. Аскер башчы кыздын жеңиштери бүткүл Францияны кубанычка бөлөгөн. Бирок француз феодалдары - барон, граф жана герцогдорду бул жеңиш анча кубандырган эмес, анткени куралдуу дыйкандар алар үчүн англистерден да коркунучтуу болгон. Салгылаштардын биринде Жаннаны душмандар туткунга түшүргөн. Бирок француз феодалдары Жаннаны куткарууга эч аракет жасашкан эмес.

Англистер Жаннаны бир жыл бою түрмөдө кармап, аны сыйкырчы деп күнөөлөп, 1431-жылы 30-майда инквизициянын өкүмү боюнча тирүүлөй өрттөп жиберишкен. Бирок баатыр кыз күрөшкө көтөргөн элди кайра басып алуу мүмкүн эмес эле. Көп узабай бүткүл француз жери душмандан бошотулган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1037, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу