Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Жан, тил, кубулуу жана сыйынуу жөнүндө

Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө ааламдагы баардык эле затта «жан» болот. Ар кандай заттын денеси өлсө да, жаны башка бир нерсеге айланып (мисалы: балдардын жаны чымчык болуп чыгып кетет, бирөөлөрдүн жаны жети кара чымчык ж.б.) кетет деген түшүнүк болгон. Ошого «өлтүрүү» деген сөздү «жанын алуу, жанын сууруу, жанын чыгаруу» деген сыяктуу сөз айкаштары менен туюнткан.

Тил жөнүндөКыргыздардын мифтик түшүнүгүндө асмандагы, жердеги, көйкаптагылардын баарында сүйлөй турган тили болот деп түшүнүлгөн. Ошондуктан, асмандагы ай, күн, жылдыздары, перилер, булуттар да сүйлөй алат, жердеги тоо, суу, дарак-токой, айбанаттар адамча сүйлөөнү билет, сөздү угат деген. Көйкаптагы дөөлөр, маамыттар, алп кара куштар да сүйлөөнү билет, сөздү угат деп түшүнүлгөн да, кыргыз мифтериндеги баяндарда заттар, айбанаттар, коркунучтуу күчтөр өз ара жолугушканда тилден эч качан тосулган эмес.



Инсандар тоо-таштарга, дөөлөргө, ай, күн, жылдыздарга ээн-эркин сөз айта бөришкен. Ал тургай бөтөн тил болот деген түшүнүк да жок, бардыгы бир түрдүү тилде сүйлөй билет, угат деген түшүнүк болгон.Кубулуу жөнүндөКыргыздын мифтик түшүнүгүндө ааламдагы кандайдыр бир зат сыйкырдык жөндөм менен кубулуп, бир нерседен дагы бир нерсеге ээн-эркин айлана алат деген түшүнүк болгон. Алып айтсак, адамзаттын жөндөмдүүлөрү аккууга, балыкка, айбанатка айлана алат. Заттар бирде пайда болуп, бирде кубула алат деген.



Кыргыз мифтеринде ушул түшүнүк боюнча айтылган баяндар абдан арбын кезигет.Сыйынуу жөнүндөКыргыздар бечел коомдо башка инсанаттар сыңары эле ааламдык кубулуштар, заттардын жаралыш мыйзамдарын, жоголуу, өлүү, кырсыкка кабылуунун себептерин чечмелөөгө дарамети жетпеген. Бирок, шыбагасына баамчылдык жарлаган инсанаттар катарында ааламды наристе тааным менен баамдап, наристе элестеткен. Кыргыздардын элестетүүсүндө ааламды, деги баардык эле заттарды «жараткан» бар, ал эми жаралгандардын теңири, ээси, колдоочусу болот деп түшүнгөнүнөн улам, алгачында кыргыздардын баштапкы дин ишеними жаралган.



Жараткан, теңир, ээлердин образдары наристе элестетилип, көркөм баяндалып, кыргыз мифтик таанымындагы сыйынуучу рух мифтер жаралган. Кыргызда заттардын көптөгөн ээлерине сыйынуу (отко, сууга, токой-ташка) табынуу дини жана мифтик түшүнүгү болгон. Кийин, көк теңирге (көк теңири, ай теңири ж.б.) сыйынуучулук ишеним болду, андан соң ислам дини боюнча «бир кудайлык» динди тутунуп калды. Кыргыздардын сыйынган рух мифтерине төмөнкүлөрдү атап көрсөтүүгө болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)