Жамажай

Жамажай — эриндин кычыгындагы теринин жана былжыр челдин жугуштуу оорусу. Ж. организмде В2 витамини жетишпегенде, бүйлө ооруларында, ошондой эле ачуу, туздуу тамактарды көп жегенде, шилекей көп бөлүнгөндө, ооздун ичин таза кармабоодон болот. Ооруну бактериялар — стрептококк же микроскоптук козу карындар козгойт. Көбүнчө эрдин көп жалаган балдар жана өспүрүмдөр, тиш протезин кийген улгайган адамдар ооруйт. Эриндин кычыгындагы тери менен былжыр чел сууланып кызарат, андан кийин ал жер жарылып, катуу ооруйт, сары карт менен капталат. Грибок инфекциясында оору ооз көңдөйүнүн былжыр челине өтөт (Шилтеме: Кандидоз). Дарылоону врач жүргүзөт. Көбүнчө оору өнөкөт түрүндө болот. Бирок туура, такай дарылоодо биротоло айыгат. Алдын алуу үчүн өзгөчө В> витаминине бай жемиш, жашылча, ачыткы жана башка тамак менен туура тамактануу, оозду таза кармоо зарыл.

Ооздун кычыгы кызарып ачышканда ачуу, туздуу, кычкыл тамакты ичпөө керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)