Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жамангул Тойгонбаев

Баш барак | Биографиялар | Жамангул Тойгонбаев
Жамангул ТойгонбаевЖамангул Тойгонбаев 1912-жылы Ысык-Кол облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жолголот айылында туулуп, эмгек жолун айылдык мектепти аяктагандан кийин Туп районундагы «Сухой Хребет» совхозунда жумушчу, андан кийин Теплоключенка МТСинде агротехник болуп иштоо менен баштаган. 1935-Фрунзе (Бишкек) шаарындагы комвузду аяктап Кочкор райком партиясынын маданий-пропаганда болумунун башчысы, эки жылдан кийин райкомдун экинчи катчысы болуп дайындалат.



1937-1938-жылдары ВКП(б) Боркомитетинин алдындагы пропагандисттердин жогорку мектебинен билим алып, Кыргыз ССР Эл агартуу Эл комиссариатынын алдындагы мугалимдердин билимин оркундотуучу институтта окутуучулук кесипти аркалайт. 1939-1941-жылдары - партиянын Жалал-Абад обкомун лектору, 1941-жылы партиянын Базар-Коргон райкомунун биринчи катчысы, 1942-жылы Жалал-Абад обкомунун катчысы болуп дайындалган.



1946-жылы ВКП(б) Боркомитетинин алдындагы партиялык жогорку мектепти аяктап, партиянын Тянь-Шань обкомунун экинчи, бир жылдан кийин биринчи катчысы болуп иштеген. 1952-жылы Кыргызстан КП БКнын катчылыгына, коп отпой, партиянын Ош обкомунун биринчи катчылыгана дайындалган. Ал 1955-1956-жылдары СССРдин Даярдоо министрлигинин Кыргыз ССРи боюнча ыйгарым укуктуу окулу болуп иштеп, 1956-жылдан узак жылдар бою Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы кесиптик-техникалык билим беруу боюнча мамлекеттик комитетти жетектеген.



1932-жылдан Компартиянын катарында болуп, бир нече ирет Кыргызстан КП БКнын мучолугуно, Кыргыз ССР Жогорку Советинин II, III, VI, VII, VIII жана IX чакырылыштарынын, ал эми СССР Жогорку Советинин III жана IV чакырылыштарынын депутаттыгына шайланып, Кыргызстан Компартиясынын I - VII сьезддеринин делегаты болгон. Ата-Журт алдындагы ак эмгеги жогору бааланып, ал Ленин, Октябрь Революциясы, эки «Эмгек Кызыл Туу», эки «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланып, «Кыргыз ССРинин кесиптик-техникалык билим беруусуно эмгек синирген ишмер» ардак наамы ыйгарылган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 740, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу